Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

1960-жылдардан элес: Украинага берилген HAWK зениттик комплексине мүнөздөмө

© Фото / U.S. Army / Pfc. Nicholas VidroHAWK зениттик-ракеталык комплекси. Архив
HAWK зениттик-ракеталык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2022
Жазылуу
Украина согуштук аракеттер театрындагы атайын аскердик операциянын жүрүшүндө абада жана жерде россиялык армия артыкчылыкка ээ экени талашсыз.
Киевдик режимди жабдып жаткан Батыштын куралдары түгөнүп, жардам деген эле аты болбосо, көбүнесе азыр согуштун жүрүшүнө таасир эте албаган түрлөрү жөнөтүлгөнү турат. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко Батыштын Украинаны курал менен жабдуудагы соңку аракеттерине баам салган.
Украинага америкалык өндүрүштөгү "көөнө" курал тутумдарынын бири 40 чакырымга чейинки аралыкка ылайыкталган HAWK зениттик-ракеталык комплекси берилмекчи. Бул – Украина Куралдуу күчтөрүнүн абадан коргонуу тутумун жаңыламыш гана болуунун ачык мисалы. Reuters агенттиги 25-октябрда: АКШ Украинаны HAWK зениттик-ракеталык комплекси менен жабдуу маселесин караштырып жатканын маалымдады. Мындай аракет аталган республиканы "россиялык учкучсуз жана канаттуу ракеталардан коргонууга көмөктөшүүгө" багытталган.
Анткен менен ал кабар мурда деле жаңырган. 12-октябрда АКШ армиясынын Штаб жетекчилеринин бириккен комитетинин төрагасы Марк Милли Украина өкмөтү атайын сураган куралдардын арасында дал ушул HAWK зениттик-ракеталык комплексин да атаган эле. Кийинчерээк НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг да Киевге Испаниядан төрт HAWK комплекси жеткирилерин билдирген.
Андай комплекстерден канча даана келери али белгисиз, бирок кеп башкада. Маселе анын сапатында, америкалык эски комплекстин Россиянын заманга бап канаттуу ракеталарын таап, колго түшүрүү жөндөмүнүн бар-жогунда. Батыштагылар да "майнаптуу, күчтүү" деп моюнга алган РФ Куралдуу күчтөрүнүн аба соккуларында Украинадагы жергиликтүү Куралдуу күчтөр жана НАТОнун тыл инфраструктурасы дээрлик алсыз.
Россияга каршы россиялык санкциялардан (энергетикалык каатчылыктан) улам Европа биримдигинин экономикасы акырындап кыйрап, ал эми Батыштын киевдик режимге аскердик жардамы да аяктап барат. 25-октябрда Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Украинага барганында Владимир Зеленскийге MARS залптык октун эки реактивдүү тутумунан эки, Panzerhaubitze 2000 өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүшүнөн төрт бирдик убада кылган. Фронттун 1000 чакырымдык сызыгы үчүн бул көп деле эмес.
АКШ менен НАТОнун украиналык согуштук аракеттер театрына түз аралашып калуу ыктымалдыгы тууралуу Батышта козголгон сөз эң оболу Украина Куралдуу күчтөрү "кыйчалыш кырдаалда" экенин тастыктайт.
Бирок америкалыктардын баары тегиз 1944-жылдын жайында Нормандияга жеткирилген АКШ армиясы 1945-жылдын майына чейин айына 100 миң аскерин жоготуп отурганын унуткарбаган чыгар. РФтин тактикалык жана стратегиялык өзөктүк куралы кандай гана душман болбосун, мындан он эсе жоготууга учуратары бышык.
РФтин ооздуктоочу Стратегиялык күчтөрдүн машыгуусунда "Ярс" менен "Синева" континенттер аралык баллистикалык ракеталарынын атылышы Батышка тагдырын устаранын мизине коюштун кажети жоктугун эскертүү өңдүү болду.
Демократ конгрессмендердин АКШ президенти Жо Байденге Россия менен дипломатиялык жолго үндөп жазган каты жарыяланып, кайра тез эле жоголуп кеткени тегин жерден эмес. Тарыхтын таразасы термелүүдө.
The American Conservative басылмасы "эскалацияда Вашингтон эмес, Москва үстөмдүк кылууда" деп белгилейт. Согуштук аракеттер театрында чет өлкөлүк согушкерлер менен украиналык форма кийген польшалык жоокерлер эле болбосо, РФтин кышкы чабуулуна туруштук берүү үчүн көп деле нерсе калган жок.
Баренц деңизинде фрегаттан Циркон ракетасынын учурулганы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2022
Өнөкөтпү? АКШ гиперүндүү ракеталар жаатында Россия менен Кытайдан артта калды
Соңку эки-үч ай аралыгында эле контрчабуул коюу далалатында Украина Куралдуу күчтөрү даярдыктан өткөн он миңдеген аскерин жоготту. Алардын ордун толуктоо заматта болчу иш эмес. Америкалык басылма: "Зеленскийдин режимине ноябрь же декабрдагы россиялык чабуулу украиналык күчтөрдөн калган эмне болсо, баарын талкалап жок кылат", - деп жоромолдойт.
Ушундай кыйын кезеңде Пентагондун киевдик режимге эскилиги жеткен MIM-23 HAWK комплексин бериши аскерий-саясий шылдың сымал. HAWK (Homing All-the-Way-Killer) зениттик-ракеталык комплекси менен АКШ армиясы 1960-жылы куралданган. Үч жолу заманга бап жакшыртуудан кийин туура 20 жыл мурун жарактан чыгарылган.
1982-жылдан бери Пентагон акырындык менен Patriot зениттик-ракеталык комплексин пайдаланууга өткөн. Бирок мүнөздөмөлөрү боюнча ал да өзүнүн советтик "курдашы" С-300 ЗРКсынан кыйла артта эле.
HAWK комплексин башында учактарды жок кылуу үчүн колдонушчу. Кийин аны ракеталарды кармагыдай кылып өзгөртүшкөн. Бутасын 18 чакырымдык бийиктиктен жана 40 чакырымдык аралыктан талкалайт. Аталган зениттик-ракеталык комплекстин баштапкы варианты абада бир гана бутага чабуул жасай алчу. Муну жаңылыштык менен өздөрүнүн Dassault MD450 Ouragan истребителин атып алышканда израилдиктер согуштук жагдайда эсептеп чыгышкан.
Бутаны талкалоого бир гана ракета коротуу ыктымалдыгы жар салынганы менен 1973-жылы Кыямат күндүн согушунда израилдик HAWK зениттик-ракеталык комплекстери 12 учакты атып түшүрүүгө 75 ракетаны сарпташкан. Ал эми учкучсуз жана азыркы канаттуу ракеталар менен күрөшүүдө аталган комплекстин майнаптуулугу канчалык экенин айтыш кыйын.
Америкалык "ардагер" комплекс транспорттук-кубаттоочу машинадан, радиолокациялык станция жана MIM-23 ракеталары жүктөлгөн бир нече сүйрөгүч жана тиркегичтен турат. Бир батареясында алты даана аткыч, 18 ракета бар. Ал эми 12 транспорттук контейнерде дагы 36 ракета сакталат.
HAWK Европа, Азия жана Африканын ондогон өлкөлөрүнө экспорттолгон убак эбак өттү. Адистер HAWK зениттик-ракеталык комплекси радиоэлектрондук күрөштүн заманбап тутумдарына туруштук бере албасын айтышат. Америкалык Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун (CSIS) өкүлү 25-октябрда HAWK комплекстери маңызында "музей экспонаттары" экенин жашырбай, бирок учак жана тик учактар менен күрөштө "ооздуктоочу күчү" бар экенин белгиледи. Вашингтон Киевге Patriot зениттик-ракеталык комплекси өңдүү жаңыраак жана кымбатыраак комплекстерди берүүгө даяр, анткен менен ашыкча акча жумшай албайт.
НАТОго мүчө европалык мамлекеттерде жана АКШнын аймагында интеграцияланган абадан жана ракетага каршы коргонуучу тутумдун жоктугу Украинанын аба мейкиндигинде аларды алсыз кылат. АКШ Украина Куралдуу күчтөрүнө 25 чакырымга чейинки аралыкка ылайык NASAMS комплексинен эки даана берди. Бул деле абадан коргонуу тутумун түзүмүш болуп көрүнүүнүн жөн гана далалаты. Өндүрүш үчүн убакыт талап кылынат, ошондуктан Украина Куралдуу күчтөрү бирин-экин норвегиялык NASAMS, германиялык IRIS-T (бул туурасында мурдараак кеп кылганбыз) жана жарактан чыгарылган америкалык HAWK комплекстерине канаат кылууга мажбур.
Мындай жабдуулар киевдик режимдин аргасыздыгын айгинелейт. 25-октябрда Хорватияда сүйлөгөн АКШ конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси АКШнын Украина "жеңишке жетишкенче" аскердик жана гуманитардык муктаждыгын камсыздоо убадасын дагы тастыктады. Кыязы, Пелоси айым бул жаңжалда Россиянын сөзсүз жеңип чыгарын гана кыйытты көрүнөт.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Украиналык аскерлер Харьков облусунда зениттик куралдан Россиянын позицияларын аткылап жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина жаңжалында америкалык стратегдер ниетин жашырган да жок. Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0