00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
В КР ужесточили ответственность за нарушения при хранении персональных данных. Кого могут наказать?
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
3 мин
Күн башат
Россиянын академиясынан билим алган кыргыз аткаминерлери. Мэрлер эмнени окуп келишти?
09:03
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Права под защитой? Омбудсмен — о самых острых жалобах кыргызстанцев
10:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ишкерликти колдоо. Мамлекет аял ишкерлер менен чакан жана орто бизнести колдоого алат. Долбоордун шарты
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Зарплаты выше, планка тоже: что даёт нацстатус вузу культуры и искусств
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Пушкиндин чыгармалары кайсы заман болбосун актуалдуу, тили да түшүнүктүү
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Быйыл балдар арасындагы кылмыштуулук 10 пайызга азайды — алдын алуу чаралары канчалык натыйжалуу?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Структура личности
On air
16:04
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Белгилүү комузчунун уулу, Жекшен Карамолдоев согушка кенже лейтенант наамы менен катышкан
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
On air
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кыргызстанда сумонун келечеги барбы — биринчи жолу кыздар курамасы дүйнө чемпионатына катышат
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Новые правила аренды: что грозит тем, кто сдает жильё «по доверенности»
20:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Быйыл балдар арасындагы кылмыштуулук 10 пайызга азайды — алдын алуу чаралары канчалык натыйжалуу?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Өнөкөтпү? АКШ гиперүндүү ракеталар жаатында Россия менен Кытайдан артта калды

© Фото / Министерство обороны РФ / Медиабанкка өтүүБаренц деңизинде фрегаттан "Циркон" ракетасынын учурулганы
Баренц деңизинде фрегаттан Циркон ракетасынын учурулганы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2022
Жазылуу
Америкалыктар жогорку технологиялык курал жасоодо дүйнөлүк лидерликти эбак алдырып койгон. Бирок Вашингтон гиперүндүүлөр багытында Москва менен Пекинди кууп жетүү далалатында. Анткен менен сегиз ракеталык программанын миллиарддаган бюджети деле ийгиликти кепилдебейт.
Гиперүндүү куралдардын үлгүлөрүнүн ийгиликсиз өткөн сыноолору Конгресс менен Пентагонду кооптондуруп, АКШнын Big Stick diplomacy стратегиясын таптакыр жок кыларын боолголойт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Автор бул жолку макаласында жогорку технологиялык курал рыногуна баам салган.
Америкалык Raytheon коргоо компаниясынын колдоосунда Конгресстин мүчөлөрү, АКШ Коргоо министрлигинин өкүлдөрү, Аскер өнөр жай комплексинин жетекчилери жана гиперүндүү куралдар боюнча эксперттер өткөн аптада улуттук коопсуздуктун келечеги тууралуу талкуулашты. Бул багытта Россия менен Кытайдан артта калган Кошмо Штаттардын гиперүндүү ракеталары да, душмандарынын гиперүндүү аппараттарын аныктап, кармай турган тутумдары да жок.
Үн ылдамдыгынан беш эсе же андан да ашуун ыкчам учкан гиперүндүү ракеталар АКШнын улуттук коопсуздугу үчүн мааниси чоң. Улуттук коргоо өнөр жай ассоциациясынын Жаңы технологиялар институтунун директору Марк Льюис: "Дүйнө жүзү боюнча белгилүү бир сценарийдеги аскердик оюндарды өткөрүп, Кошмо Штаттар гиперүндүү мүмкүнчүлүктөрү бар душман менен бет келишкенде утулуп жатканына күбөбүз", — деди. Андан мурун да Конгресстин Изилдөө кызматы "АКШ бул багыттагы программаларды иштеп чыгууга кирише да электе Россия менен Кытайдын өзөктүк ракеталар менен жабдылган гиперүндүү учуучу аппараттарына ээ," — деп билдирген. Ал гана эмес Пентагондун гиперүндүү куралдарды пайдалануу боюнча да так чечимдери жок.
"Гиперүндүүлөр клубунун" катарына кошулуу үчүн америкалыктар Big Stick diplomacy (башка мамлекеттердин ички иштерине аскердик кийлигишүүгө жол берген дипломатия), аскер-полиция "оюндарына" көп алаксыбай, буга улуттук ресурстарын сарптабай, Панама, Ирак, Сомали, Югославия, Афганистан, Ливия, Сирия, Йемен (1989–2014-жылдар аралыгында) өңдүү өлкөлөргө кийлигишпесе оң болмоктур.
Дүйнөлүк океандагы америкалык авиаташуучулардын мурдагыдай артыкчылыгы жок. Ири согуштук аба кемелери гиперүндүү ракеталардын оңой бутасына айланып калышты. АКШ августта Raytheon компаниясынын гиперүндүү ракеталардын прототиби полигондо ийгиликтүү сыналганын жар салган. Тогуз жылдан бери бул – үчүнчү жолку далалат. Бирок июль айында Гавайидеги сыноодо жандыруу тутумундагы мандемден улам ийгиликсиз өткөнү белгилүү. Май айында AGM-183A авиациялык ракетасы B-52H бомбалоочу учагынан бөлүнүп чыгып, 5 Махтын тегерегине чейинки ылдамдыкка жеткен. Бул – гиперүндүн төмөнкү чеги. Учкуч башкарган (же азырынча AGM-183A тескелбеген) аппарат канчалык узакка учары белгисиз, анткен менен алдыда аткарылчу иштер арбын. Америкалык гиперүндүү долбоорлордун баары баштапкы баскычта. 2022-каржылык жылында АКШ дээрлик $4 млрд. каражат жумшаган.
НАТОнун аскер деңиз флотунун машыгуулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2022
НАТОнун Steadfast Noon машыгуулары "чоң казатка" соңку камылгабы? Ой толгоо
АКШ армиясы 3000 чакырымга чейинки аралыкты багындыра турган LRHW мобилдик гиперүндүү тутумун 2023-жылдан эрте алышпайт. АКШнын Аскер-деңиз күчтөрү "жердин каалаган бурчунан бир гана саат ичинде" сокку урууга, ал эми 2700 чакырымдык аралыкка ылайыкталган гиперүндүү ракеталарды иштеп чыгуу аракеттери 2024-жылдын жаз айларында аяктоого тийиш. Чындыгында америкалыктар баштапкы күүлөнүү технологиясын да өздөштүргөн эмес, ал эми гиперүндүү ылдамдыкта учуу – кыйла татаал маселе.
Ракеталык-космостук техника жаатындагы дүйнөлүк кадыр-баркы бар россиялык окумуштуу Герберт Ефремов АКШда аскердик гиперүндүү курал жыйырма жылдан кийин гана пайда болорун болжойт. Мындан улам Кошмо Штаттар кыйла эле артта десек болот. НАТОнун бөлөк өлкөлөрүн айтпай деле коёлу.
Алабама штатындагы Кортленд шаарында гиперүндүү ракета кураган Lockheed Martin заводу ачылганын да унутпайлы. Бирок өндүрүмдөрү бүгүнкү күнгө дейре сыноодон өтө элек. 2022-жылдын аягына чейин бул ишканада АКШнын Аскер-аба күчтөрү үчүн 12 даана AGM-183A ARRW ракетасын жасамакчы.
Салыштыруу үчүн россиялык гиперүндүү ракеталар 2016-жылдан тарта ийгиликтүү учуп жүргөнүн да белгилей кетели. Саатына 12 миң чакырымдан ашуун ылдамдыкта (же 10 Мах) учкан "Кинжалдар" 2018-жылдан бери абада күзөтүп келишет. Украинадагы согуштук аракеттер театрындагы атайын аскердик операцияда да ийгиликтүү пайдаланылууда.
Ал эми "Авангард" комплекси 2019-жылдан бери нөөмөттө. Анын атмосферадагы блогу 20 Махтан ашуун ылдамдыкта учууну көздөйт. Быйыл пайдаланууга берилген деңизге ылайык гиперүндүү "Циркондор" 9 Махка чейинки ылдамдыкта учат.
Вашингтондогулар Россиядагы гиперүндүү ракеталарга айран таң калып турганда кытайлык аппараттар уча баштады. Пекин "физиканын чегинен да чыгып", стратегиялык гиперүндүү "Чанчжэн" ракетасы Жер атмосферасын айланып өтүп (экватор боюнча 40 миң чакырым), бир аз гана четтесе да бутасын талкалаганы маалым.
Пентагондун мындай технологиялардан коргонуучу каражаттарынын жоктугунан улам катуу кооптонуп туру. 13-октябрда АКШ Түндүк командачылыгынын башчысы генерал Глен Ванхерк РФти Түндүк Американын негизги коркунучу деп атады. Ошону менен бирге эле: "Россия өзөктүк курал ташый турган континенттер аралык баллистикалык ракеталарга орнотулган гиперүндүү пландоочу аппарат менен куралданды... Төрт жылдан кийин ал Кошмо Штаттарга карай мээлениши мүмкүн", — деди. Ванхерк деңиздеги кооптуулуктарды да атап, Атлантика жана Тынч океандарында "Северодвинск" классындагы канаттуу ракеталар менен жабдылган суу түбүндөгү кайыктар бар экенин да белгилеген.
Россия жана Кытай АКШ, НАТОнун андан бөлөк өлкөлөрү менен согуштук жаңжалга дегеле кызыкдар эмес. Гиперүндүү ракеталар планетадагы агрессивдүү коңшуларынын аракеттери жана пландарына жооп катары чыгарылган.
Америкалык окумуштуулар федерациясынын маалыматтарына таянсак, дүйнөдө Россиянын өзөктүк ракеталары көп, жалпы 5977ни түзөт. АКШнын арсеналы – 5428 бирдик. Ошол эле учурда "дүйнөдө 12700 өзөктүк ракетанын 9400дөн ашууну учак, ракета, кеме жана суу түбүндөгү кайыктарга пайдалануу үчүн аскердик кампаларда сакталуу турат". Ошондуктан согушчул америкалыктар Украина менен Тайванда мынчалык өктөмчүл болбогону оң чыгар.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Украиналык аскерлер Харьков облусунда зениттик куралдан Россиянын позицияларын аткылап жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина жаңжалында америкалык стратегдер ниетин жашырган да жок. Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0