00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Интернет вместо учебника: почему молодёжь лучше запоминает историю через живые форматы
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Микрокредиты: мифы, ставки и реальность - глава АМФО о том, как устроен рынок
18:11
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Устал отдыхать: психолог - о том, почему длинные выходные не восстанавливают
20:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
21:05
47 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Көз мончок
Унчукпай калба жана коркпо: жумушта жана коомдук транспортто харассментке кантип каршы туруу керек
17:08
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Тема дня
Кто и почему переписывает историю Великой Отечественной войны?
18:06
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
9 мин
Стоп-кадр
КМШ, Балтика жана Грузия Бишкекте чогулуп, мыкты кыска метраждуу тасмаларды аныктады
19:10
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
5 мин
Личный интерес
Голос Кыргызстана в сердце Москвы: успех Эльнуры Муктарбек
20:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мектептердин жана бала бакчалардын директорлору эми кандай тандалат. Министрлер Кабинети жаңы тартипти бекитти
21:05
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Бул саясий таштанды". Депутат Токторбаев кесиптеши Мадумаровду сындады

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Адахан Мадумаров
Депутат Адахан Мадумаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2022
Жазылуу
Депутат саясатчы, активисттердин камалышы боюнча күч түзүмдөрүн чакырып маалымат алууга каршы чыкты.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев кесиптеши Адахан Мадумаровду "саясий таштанды" деп атады.
Бүгүнкү жыйында депутаттар Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев, Эмил Токтошев массалык камоолор боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын угууну сунуштады. Ал эми Мадумаров бул маселени биринчи кезекте кароо керектигин айтты.
Ошол эле учурда Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин төрагасы Сүйүн Абдылдаев кечээ комитетке ИИМ менен Башкы прокуратурадан келишкенин билдирди. Бирок алар тергөө бүтмөйүн эч нерсе айта албай жатканын, андыктан чакыруунун зарылдыгы жоктугун белгиледи.
Токторбаев Мадумаров ушул жерден дагы өзүн пиарлап жатат деп сындады.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Жогорку Кенеша Женишбек Токторбаев
Депутат Жогорку Кенеша Женишбек Токторбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2022
"Азыр укук коргоо органдары иликтөө иштерин жүргүзүп жатат, бүткөндөн кийин карасак болот. Эми кесиптешибиз өзүнөн башканы жакшы көрбөйт, акылдуу сезбейт. Бул арзан пиар да, кечирип койгула, "улуу сөздө айып жок" дейт, бул саясий таштанды. 30 жылдан бери ошонусунан жазбай өзүн пиарлап эле келе жатат. Биз деле сарсанаа болуп, күйүп жатабыз, кармалгандар биздин жарандар. Бирок тергөө бүткөндөн кийин чакыралы", — деди Токторбаев.
Андан соң Бекешев чыгып кесиптештерин бири-бирине тийишпей, баа бербей сыйлоого чакырды. Ал эми Мадумаров дарегине айтылган сынга жооп берген жок.
Натыйжада түштөн кийин укук коргоо органдарын чакырып, маалыматын уга турган болушту.
Белгилей кетсек, 23-октябрда милиция бир катар саясатчы, жарандык активисттердин үйлөрүн массалык түрдө тинтүүгө алып, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 36 ("Кылмышка даярдык көрүү") жана 278-беренеси ("Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу") боюнча кылмыш иши ачылганын билдирди. Кармалгандар Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы позициясын билдирип келишкен.
Бул окуя боюнча президент Садыр Жапаров үн катып, жарандык коомдук өкүлдөрү менен сүйлөшүү натыйжа бербегенин айткан.
Натыйжада кармалган 21 киши тергөө абагына киргизилген.
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2022
Депутат: ким президентке каршы чыкса Күнгө таш урган менен барабар, өзүнө тиет
Жаңылыктар түрмөгү
0