КРдин Россиядагы элчиси менен РФтин ТИМ башчысынын орун басары жолукту

© Фото / пресс-служба ЖККыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат. Архив
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2022
Жазылуу
Гүлнара-Клара Самат жолугушууга ТИМдин чакыруусу менен барган.
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат РФтин тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко менен жолукту. Бул тууралуу Россиянын ТИМинин маалымат кызматы кабарлады.
Гүлнара-Клара Самат жолугушууга ТИМдин чакыруусу менен барган. Анда эки тараптуу мамиледеги маанилүү маселелер, ЖККУдагы кызматташуу, 13-14-октябрда Астанада боло турчу саммит тууралуу кеп болгон.
"Тараптар азыркы геосаясий кырдаалда актуалдуу болгон Россия менен Кыргызстандын ортосундагы союздук мүнөздөгү мамилени жактай турганын белгилешти", — деп айтылат РФ ТИМинин маалыматында.
Бузулгус боордоштук — 2019 аттуу аскердик машыгуусу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2022
Кыргызстан ЖККУнун аскердик машыгуусун өткөрүүдөн баш тартты
Жаңылыктар түрмөгү
0