Этек кир, кош бойлуулук. Аялдын организминде темирди азайткан жагдайлар аталды

© Фото / Pexels / cottonbroКолунда гүл кармаган ич кийимчен кыз. Иллюстративдик сүрөт
Колунда гүл кармаган ич кийимчен кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2022
Жазылуу
Темирдин тартыштыгы жүрөк-кан тамыр системасынын ишин бузуп, кан басымын төмөндөтөт.
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Аялдын организминде темирдин азайышына кайсы факторлор таасир этерин жана анын кесепети кандай болорун лаборатория дарыгери, медицина илимдеринин кандидаты Екатерина Кашух "Известия" басылмасына берген маегинде айтты.
Организмдеги темирди "жеп" салчу учурлар:
этек кирдин көп келиши;
кош бойлуулук;
ачка жүрүү, башкача айтканда, ашынган диета;
ашказан жана ичегидеги жараат (акырындан канай берет).
"Темирдин азайып кетиши жүрөк-кан тамыр системасынын ишин бузуп, кан басымын төмөндөтөт. Булчуңдар алсырап, дене-бой, акыл-эс жакшы өрчүй албай калат. Эс тутум дагы бара-бара начарлайт", — деди дарыгер.
Ошондой эле кишиде анемия илдети өрчүп кетет. Андыктан адис адам жыл ичинде жок дегенде 1-2 жолу кан тапшырып, өз саламаттыгынан кабар алып турушу керектигин эскертти.
Гамбургер жеп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2022
Адис жаштардын ден соолугун талкалаган негизги факторду атады
Жаңылыктар түрмөгү
0