https://sputnik.kg/20221006/ulan-bakasov-menen-bakyt-torobaev-kayym-aytyshty-1068710564.html
"Сен" дебей сүйлөңүз! Улан Бакасов менен Бакыт Төрөбаев кайым айтыша кетти. Видео
"Сен" дебей сүйлөңүз! Улан Бакасов менен Бакыт Төрөбаев кайым айтыша кетти. Видео
Sputnik Кыргызстан
Эл өкүлү аткаминерди Нарында беш чакырым жол салууга убада берип, бирок анысын аткарбай койгонун сындады. 06.10.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-10-06T20:15+0600
2022-10-06T20:15+0600
2022-10-06T20:24+0600
саясат
улан бакасов
бакыт төрөбаев
айтышуу
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/06/1068710395_0:214:3072:1942_1920x0_80_0_0_56a7536dc2daefa2b18aa61de65913aa.jpg
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңеште депутат Улан Бакасов менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев кайым айтыша кетти.Эл өкүлү аткаминерди Нарын облусуна беш чакырым жол салууга убада берип, бирок аткарбай койгонун сындады. Ал сөз бербегенин айтып, титулдук тизмеге кирсе анан жасай турганын билдирди.Бакасов "Жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлсүн" деген макалды айтып, Төрөбаев бул маселе боюнча телефон чалса дагы албай жатканын белгиледи.Ошол учурда Төрөбаев дагы ачууланып "сенге" өттү. Депутат "сиз" деп сүйлөшүн талап кылды эле уккан жок. "Сен менин иним болосуң, аша чаап кетпей сыйлап сүйлө" деди үнүн көтөрүп эскертүү берген Төрөбаев.
https://sputnik.kg/20221006/deputat-talieva-vitse-spikerlerdi-urushtu-1068707086.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/06/1068710395_250:0:2981:2048_1920x0_80_0_0_ae936a4b02eebe14dbe1e1e4a404b52f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
саясат, улан бакасов, бакыт төрөбаев, айтышуу
саясат, улан бакасов, бакыт төрөбаев, айтышуу
"Сен" дебей сүйлөңүз! Улан Бакасов менен Бакыт Төрөбаев кайым айтыша кетти. Видео
20:15 06.10.2022 (Жаңыртылды: 20:24 06.10.2022) Эл өкүлү аткаминерди Нарында беш чакырым жол салууга убада берип, бирок анысын аткарбай койгонун сындады.
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңеште депутат Улан Бакасов менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев кайым айтыша кетти.
Эл өкүлү аткаминерди Нарын облусуна беш чакырым жол салууга убада берип, бирок аткарбай койгонун сындады. Ал сөз бербегенин айтып, титулдук тизмеге кирсе анан жасай турганын билдирди.
Бакасов "Жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлсүн" деген макалды айтып, Төрөбаев бул маселе боюнча телефон чалса дагы албай жатканын белгиледи.
Ошол учурда Төрөбаев дагы ачууланып "сенге" өттү. Депутат "сиз" деп сүйлөшүн талап кылды эле уккан жок. "Сен менин иним болосуң, аша чаап кетпей сыйлап сүйлө" деди үнүн көтөрүп эскертүү берген Төрөбаев.
6 Тогуздун айы 2022, 18:30