Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Жапаров ЖККУнун башкы катчысын кабыл алып чек арадагы жаңжалды талкуулады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Засьты кабыл алды
Президент Садыр Жапаров ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Засьты кабыл алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2022
Жазылуу
Зась ЖККУ кризистик кырдаалды жөнгө салууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Засты кабыл алды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Президент Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Засты кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Засты кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
1/2

Президент Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Засты кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Жолугушууда регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу, ошондой эле уюмдун алкагындагы өз ара иштешүү маселелери боюнча пикир алмашуу болгон

Жолугушууда регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу, ошондой эле уюмдун алкагындагы өз ара иштешүү маселелери боюнча пикир алмашуу болгон - Sputnik Кыргызстан
2/2

Жолугушууда регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу, ошондой эле уюмдун алкагындагы өз ара иштешүү маселелери боюнча пикир алмашуу болгон

1/2

Президент Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Засты кабыл алды

2/2

Жолугушууда регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу, ошондой эле уюмдун алкагындагы өз ара иштешүү маселелери боюнча пикир алмашуу болгон

Жолугушууда регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу, ошондой эле уюмдун алкагындагы өз ара иштешүү маселелери боюнча пикир алмашуу болгон.
"Мамлекет башчысы ЖККУнун 30 жылдык мааракелик жылында уюмдун мүчөсү Тажикстандын жакындагы мыйзамсыз жана деструктивдүү аракеттери көлөкө түшүргөнүн өкүнүч менен белгиледи. Ошондой эле Тажикстандын Кыргызстанга каршы куралдуу кол салуусу, анын натыйжасында жай тургундардын жана аскер кызматкерлеринин өлүмү, жарандык жана социалдык инфраструктуранын эбегейсиз кыйрашы тууралуу кеңири айтып берди", — деп жазылат маалыматта.
Өз кезегинде Зась кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кайгылуу окуяларга байланыштуу көңүл айткан. Ал эми ЖККУ бул кризистик кырдаалды жөнгө салууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.
Мындан сырткары, ал уюмдун Жамааттык коопсуздук кеңешинин бир катар жеке тапшырмаларынын аткарылышы боюнча маалымат берген.
ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Акылбек Жапаров ЖККУнун баш катчысы Засты кабыл алды. Эмне сөз болду
Жаңылыктар түрмөгү
0