00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:56
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Народ видит то, чего не видит закон - юрист о смысле суда присяжных и почему его нет в КР
08:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жаңы талап: эми жетекчилердин ишине эл баа берет
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
Договор, сроки и земля - юрист о том как проверить новостройку до подписания документов
10:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаштардын демилгелерин мамлекет колдоого алат. Республикалык конкурс башталды
11:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кыргызстан адаптируется к климату: как работает стратегия до 2030 года
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Страна, которую принято не понимать - старт большого цикла бесед о России
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лето без кондиционера: эксперт по энергоэффективности о простых решениях
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бырыштар менен күрөшүүдө сак болуңуз — косметологиянын курмандыгы болуп калбоо үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Нурбек Иманов, Бишкек эл аралык кинофестивалынын PR-директору
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Зачем успешные руководители снова садятся за парту - рассказывает профессор РАНХиГС
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкек мэриясында иштегендер автобус алууда 154,8 млн. сом зыян келтирген

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтобустар. Архив
Автобустар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2022
Жазылуу
Прокуратура бул боюнча эки кылмыш иш козголгонун белгиледи.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясынын кызматкерлери автобус сатып алууда мамлекетке 154,8 миллион сомдук зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Прокуратура кызматкерлери мэрияга караштуу "Бишкек автотранспорт" муниципалдык ишканасын текшерип, ал жакта жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алуу боюнча келишим 154 миллион 827,3 миң сомго ашыкча баалоо менен түзүлгөнү аныкталган.
"Муниципалдык ишканадагылар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, башка жеткирүүчүлөрдүн катышуусун атайын чектеп, мыйзамда белгиленген сынакты өткөрбөй, буга чейинки сынактардын жыйынтыгын эске албай 2022-жылдын 15-августунда ZHONGTONG BUS HOLDING CO LTD компаниясы менен бирөөсү 91 000 доллар болгон 120 автобус алып келүү боюнча келишим түзүшкөн. Анын жалпы суммасы 10 миллион 920 миң долларды түзгөн. Бул башка компания сунуштаган баадан бир топ жогору", — деп айтылат маалыматта.
Автобустарды Кыргызстанга жеткирүү жана бажы салыктарын төлөө боюнча келишим дагы кыргыз тарапка пайдасыз болуп калганы айтылды.
"Натыйжада бажы алымы жана жыйымдарын, ошондой эле импорт салыгын кошкондо бир автобустун баасы 112 339,5 долларды түзүп, келишимдин баасы 1 906 740 долларга же 154 миллион 827,3 миң сомго жогору түзүлгөн. Ошондой эле муниципалдык ишкананын жетекчиси Б.Т. башкы бухгалтер жана башка жооптуу адамдар менен макулдашпай, жөнөтүүчү тараптан банктык кепилдикти албастан өзү ZH.B.H. CO LTD компаниясына келишимдик баанын 10 пайызын, башкача айтканда, 1 092 000 доллар бюджеттин акчасын алдын ала которуп жиберген", — деп жазылат маалыматта.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337 ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 339-беренелери ("Атайылап пайдасыз келишим түзүү") боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.
Күмтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2022
Мамлекетке 1 млрд. сомдой зыян келген. Кумтөр боюнча үч кылмыш иши козголду
Жаңылыктар түрмөгү
0