18 жаштагы Алтынай Ботоярова "Аалам сулуусу" сынагына катышарын жар салды

© Фото / предоставлено Алтынай БотояровойМодель Алтынай Ботоярова
Модель Алтынай Ботоярова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2022
Жазылуу
Модель былтыр "Кыргызстан сулуусу" сынагынын жеңүүчүсү болгон.
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. 18 жаштагы Алтынай Ботоярова 2023-жылы Кыргызстандын атынан "Аалам сулуусу" сынагына катышарын социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Белгилей кетсек, Ботоярова былтыр "Кыргызстан сулуусу" сынагынын жеңүүчүсү болгон. Ошондой эле "Бишкек сулуусу — 2020", Mini Miss Fashion — 2010 жана Miss Fashion — 2014 сынактарында жеңишке жеткен.
Буга чейин "Аалам сулуусу" сынагына Кыргызстандан Бегимай Карыбекова катышкан.
Аалам сулуусу (Miss Universe) сынагын Индиядан катышкан 21 жаштагы Харнааз Сандху - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2021
Көктү тиктеп ыйлап жиберди. Индиялык кыз "Аалам сулуусу" аталды
Жаңылыктар түрмөгү
0