Өмүрүн, жаштыгын мекенге арнаган. Вице-адмирал Темировдун сүрөттөгү ирмемдери

Жазылуу
Борбор Азия боюнча жалгыз вице-адмирал наамына жеткен кыргызстандык Марат Темировдун мекенине жасаган эмгеги элинин эсинде.
Марат Темиров 1943-жылы 5-майда Казарманда төрөлгөн. Атасы Темир Сатиев Тогуз-Торо райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы, райондук компартиянын биринчи катчысы, Жумгал райондук компартиясынын 2-катчысы болгон. Ал өмүрүнүн акыркы жылдарында туулуп-өскөн жери Түп районунун элге билим берүү тармагында иштеп жүрүп айыкпас дарттан улам көз жумган. Марат Темировдун апасы чиедей жети бала менен эрте жесир калган.
Марат Темиров кийин Ысык-Көлдө интернатта билим алып, 1960-жылы окууну бүтөр жылы гезиттен мугалими экөө Ленинграддагы жогорку аскердик окуу жайына кабыл алуу жүрүп жатканын окушат. Бийик максаттын көздөгөн улан ошол жарыяны кесип алып Ленинградга жалгыз жөнөйт. Ал жылы окууга өтө албай, курсанттыкка талапкер катары Түндүк флоттун суу кемелеринде бир жыл кызмат өтөйт. Кийинки, 1961-жылы Ленинграддагы Дзержинский атындагы аскердик деңиз флотунун инженердик жогорку окуу жайга кирет. Эске салсак, бул — Петр Iнин мезгилинен бери келе жаткан аскердик окуу жайдын бири.
Марат Темиров 1966-жылы жаңы атомдук кыймылдаткычтар боюнча адис болуп чыгып, шарты татаал Түндүк флотто кызмат өтөйт. Бөтөн элде тыңдыгы, билими, жугумдуулугу менен жөнөкөй офицерден бөлүктүн башчылыгына чейин жеткен. Эң биринчи чыккан суу астында жүрүүчү өзөктүк кемелердин технологиясы анча өнүкпөгөндүктөн радиация күчтүү болгон. Ал жерде беш гана жыл иштөөгө уруксат эле. Бирок Темиров ишине берилгендиктен 11 жыл суу астында жүрүүчү атомдук кемеде кызмат өтөйт.
Кийин мекенине Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбековдун чакыруусу менен келет. Ал кишинин жетекчилиги астында ДОСААФта (Армиянын, авиациянын жана флоттун ыктыярдуу коому — ред.) иштеп калат. Кийин ал Спорттук техникалык коргоо уюму болуп өзгөртүлгөн.
1978-жылы Ош облусундагы ДОСААФ жетекчилигине жөнөтүлөт. Ал эми 1987-жылы Калыйнур Үсөнбеков башка кызматка кеткенине байланыштуу ордуна Марат Темиров Кыргызстан боюнча ДОСААФтын жетекчиси болуп, ишти жакшы алып кетип уюмдун атын Союзга чейин тааныткан.
Темировго III, II, I даражадагы капитан (майор, подполковник, полковник — ред.), контр-адмирал (генерал-майор), вице-адмирал (генерал-лейтенант) офицердик чиндер биринин артынан бири ыйгарылган. 1989-жылы 1-ноябрда Борбордук Азиядан биринчилерден болуп СССР өкмөтүнүн чечими менен Михаил Горбачевдун колунан контр-адмирал наамын алган. 1997-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен вице-адмирал наамы берилет. Кийин Россия тарабынан Марат Темировдун эмгеги жогору бааланып деңиз флотунун 300 жылдыгына карата медаль тапшырылган.
Марат Темиров 1998-жылы 9-майда 55 жаш курагында көз жумган. Анын артында үч баласы калды. Вице-адмиралдын уулу, полковник Артур Темиров да учурда аскер кызматкери.
© Фото / из семейного архива Темировых

Вице-адмирал Марат Темиров

Вице-адмирал Марат Темиров - Sputnik Кыргызстан
1/13

Вице-адмирал Марат Темиров

© Фото / из семейного архива Темировых

Капитан-лейтенант Марат Темиров аскерде бирге кызмат өтөгөндөр менен Офицерлер үйүнүн алдында. 1971-жыл, Североморск шаары.

Капитан-лейтенант Марат Темиров аскерде бирге кызмат өтөгөндөр менен Офицерлер үйүнүн алдында. 1971-жыл, Североморск шаары. - Sputnik Кыргызстан
2/13

Капитан-лейтенант Марат Темиров аскерде бирге кызмат өтөгөндөр менен Офицерлер үйүнүн алдында. 1971-жыл, Североморск шаары.

© Фото / из семейного архива Темировых

Марат Темировдун Түндүк флоттогу матрос кези

Марат Темировдун Түндүк флоттогу матрос кези - Sputnik Кыргызстан
3/13

Марат Темировдун Түндүк флоттогу матрос кези

© Фото / из семейного архива Темировых

Темиров алгач курсанттыкка талапкер катары Түндүк флоттун суу кемелеринде бир жыл кызмат өтөгөн

Темиров алгач курсанттыкка талапкер катары Түндүк флоттун суу кемелеринде бир жыл кызмат өтөгөн - Sputnik Кыргызстан
4/13

Темиров алгач курсанттыкка талапкер катары Түндүк флоттун суу кемелеринде бир жыл кызмат өтөгөн

© Фото / из семейного архива Темировых

Вице-адмирал Дзержинский атындагы Ленинграддагы Аскердик-деңиз флотунун инженердик жогорку окуу жайына тапшырган. 1965-жыл, 4-курстагы мезгили.

Вице-адмирал Дзержинский атындагы Ленинграддагы Аскердик-деңиз флотунун инженердик жогорку окуу жайына тапшырган. 1965-жыл, 4-курстагы мезгили. - Sputnik Кыргызстан
5/13

Вице-адмирал Дзержинский атындагы Ленинграддагы Аскердик-деңиз флотунун инженердик жогорку окуу жайына тапшырган. 1965-жыл, 4-курстагы мезгили.

© Фото / из семейного архива Темировых

Марат Темиров 1966-жылы жаңы атомдук кыймылдаткычтар боюнча адис болуп чыгып, шарты татаал Түндүк флотто кызмат өтөйт

Марат Темиров 1966-жылы жаңы атомдук кыймылдаткычтар боюнча адис болуп чыгып, шарты татаал Түндүк флотто кызмат өтөйт - Sputnik Кыргызстан
6/13

Марат Темиров 1966-жылы жаңы атомдук кыймылдаткычтар боюнча адис болуп чыгып, шарты татаал Түндүк флотто кызмат өтөйт

© Фото / из семейного архива Темировых

Суу астында жүрүүчү атомдук кеменин кают компаниясы менен жүрүштө. 1969-жыл.

Суу астында жүрүүчү атомдук кеменин кают компаниясы менен жүрүштө. 1969-жыл. - Sputnik Кыргызстан
7/13

Суу астында жүрүүчү атомдук кеменин кают компаниясы менен жүрүштө. 1969-жыл.

© Фото / из семейного архива Темировых

Марат Темиров жаштыгын — суу астындагы атомдук кемеде кызмат өтөөгө арнаган.

Марат Темиров жаштыгын — суу астындагы атомдук кемеде кызмат өтөөгө арнаган. - Sputnik Кыргызстан
8/13

Марат Темиров жаштыгын — суу астындагы атомдук кемеде кызмат өтөөгө арнаган.

© Фото / из семейного архива Темировых

Уулу Артурдун алгачкы сүрөтү. 1970-жыл, Североморск шаары.

Уулу Артурдун алгачкы сүрөтү. 1970-жыл, Североморск шаары. - Sputnik Кыргызстан
9/13

Уулу Артурдун алгачкы сүрөтү. 1970-жыл, Североморск шаары.

© Фото / из семейного архива Темировых

Түндүк флотто тажрыйба топтоого жиберилген учуру. 1965-жыл, Мурманск аймагы.

Түндүк флотто тажрыйба топтоого жиберилген учуру. 1965-жыл, Мурманск аймагы. - Sputnik Кыргызстан
10/13

Түндүк флотто тажрыйба топтоого жиберилген учуру. 1965-жыл, Мурманск аймагы.

© Фото / из семейного архива Темировых

Марат Темиров уулу ата жолун жолдогонуна сыймыктанчу. Баласы Артур Темиров менен Ленинградда. 1985-жыл.

Марат Темиров уулу ата жолун жолдогонуна сыймыктанчу. Баласы Артур Темиров менен Ленинградда. 1985-жыл. - Sputnik Кыргызстан
11/13

Марат Темиров уулу ата жолун жолдогонуна сыймыктанчу. Баласы Артур Темиров менен Ленинградда. 1985-жыл.

© Фото / из семейного архива Темировых

Темиров курсташтары менен. Североморск, 1971-жыл.

Темиров курсташтары менен. Североморск, 1971-жыл. - Sputnik Кыргызстан
12/13

Темиров курсташтары менен. Североморск, 1971-жыл.

© Фото / из архива семьи Темировых

Вице-адмирал 1998-жылы 9-майда 55 жаш курагында каза болгон. Ал кишинин өлүмүнө 11 жыл суу астында жүрүүчү өзөктүк кемеде иштегени негизги себеп болгонун айтып келишет.

Вице-адмирал 1998-жылы 9-майда 55 жаш курагында каза болгон. Ал кишинин өлүмүнө 11 жыл суу астында жүрүүчү өзөктүк кемеде иштегени негизги себеп болгонун айтып келишет. - Sputnik Кыргызстан
13/13

Вице-адмирал 1998-жылы 9-майда 55 жаш курагында каза болгон. Ал кишинин өлүмүнө 11 жыл суу астында жүрүүчү өзөктүк кемеде иштегени негизги себеп болгонун айтып келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0