Токтогул сыйлыгы 57 жылдан бери кимдерге берилген?
Токтогул сыйлыгы 57 жылдан бери кимдерге берилген?
Беш жылдан бери тапшырылбай токтоп калган Токтогул мамлекеттик сыйлыгы быйыл ыйгарылды. Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган сыйлыкка канча инсан татыганына кызыгып көрдү.

Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы поэзия, проза, драматургия, көркөм публицистика, музыка, кино, скульптура, архитектура, радио, теле жана театрда мыкты чыгарма жараткан авторлорго, чыгармачыл жамааттарга тапшырылат.

Сыйлык 1965-жылы Кыргызстан Компартиясынын борбордук комитети, Кыргыз ССРинин Министрлер советинин токтому менен Токтогул Сатылгановдун 100 жылдыгына карата негизделген. 1967-жылы алгачкы лауреаттар аныкталып, андан бери 100дөн ашык инсанга, чыгармачыл топко берилген. Ошондон улам ал эски мамлекеттик сыйлыктардын бири деп эсептелет. Өлкөдөгү сыйлыктардын көпчүлүгү эгемендүүлүк алгандан кийин түптөлгөн.

Үч жылда бир жолу берилчү сыйлыкка (ортодо эки жылда бир берилип калган) ээ болгондор бир миллион сом, диплом, ардак белги жана күбөлүк алат.
1967-жыл
Токтоболот Абдумомунов
Жазуучу
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Абийир кечирбейт", "Сүйүү жана үмүт" пьесалары үчүн берилди
Гапар Айтиев
Сүрөтчү
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Чабандар" жана "Ысык-Көл - кыргыз деңизи" сүрөттөрү үчүн берилди
Виктор Виноградов
Мызыка изилдөөчү
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Мураталы Куренкеев" китеби үчүн берилди
Муратбек Рыскулов
Актер
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы Эмгек Кызыл туу ордендүү мамлекеттик драма театрында "Атанын тагдыры" спектаклинде Акылбектин жана "Король Лир" спектаклинде Лирдин ролдорун аткаргандыгы үчүн берилди (Актер)
Аалы Токомбаев
Жазуучу
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Таң алдында" романы үчүн берилди
1970-жыл
Бүбүсара Бейшеналиева
Балерина
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Асель" балетинде Аселдин ролун аткаргандыгы үчүн берилди
Бакен Кадыкеева
Актриса
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Семья" спектаклиндеги Мария Александровнанын, "Горе от ума" спектаклиндеги Софиянын, "Материнское поле" кинофильминдеги Толгонайдын ролдорун аткарганы үчүн берилди
Абдылас Малдыбаев
Композитор
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы В.И. Ленин ордендүү Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында коюлган "Манас" операсынын музыкасы үчүн берилди
1972-жыл
Асанкан Жумакматов
Дирижер
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы 1969-1971-жылдардагы концерттик программалары үчүн берилди
Төлөмүш Океев
Кинорежиссер
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Уркуя" кинофильми үчүн берилди
Семен Чуйков
Cүрөтчү
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "У нас в Киргизии" сүрөттөр цикли үчүн берилди
1974-жыл
Мукаш Абдраев
Композитор
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Эмгек шаңы" (Величие труда), "Ильястын баяны" (Рассказ Ильяса) симфониялык поэмалары, "Бузулбас союз" (Нерушимый союз) кантатасы жана оркестр менен үн коштолгон концерт үчүн берилди
Александр Игнатьев
Сүрөтчү
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Висят мосты над Нарыном". "На створе Токтогулской ГЭС", "Нарын перекрыт", "Скалолазы" бир катар сүрөттөр үчүн берилди
Абдрасул Токтомушев
Жазуучу
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Алтын Тоо" ыр түрүндөгү романы үчүн берилди
Эстебес Турсуналиев
Төкмө акын
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы 1971-1973-жылдардагы концерттик программалары үчүн берилди
1976-жыл
Чыңгыз Айтматов
Жазуучу
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Эрте келген турналар" повести үчүн берилди
Шибек Жекшенбаев
Архитектор
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт искусство музейинин имаратын кургандыгы үчүн берилди
Болот Миңжылкыев
Опера ырчы
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Борис Годунов" операсындагы ойногон ролу жана 1973-1976-жылдардагы концерттик программалары үчүн берилди
Валентин Назаров
Архитектор
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт искусство музейинин имаратын кургандыгы үчүн берилди
Дубанбек Ырыскулов
Архитектор
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт искусство музейинин имаратын кургандыгы үчүн берилди
Аалы Юсупов
Инженер
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт искусство музейинин имаратын кургандыгы үчүн берилди
1978-жыл
Насыр Давлесов
Композитор
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Жаштык", "Партия - биздин доордун акылы, ар-намысы жана абийири" кантаталары, балдар хору жана симфониялык оркестр үчүн "Пионер" цикли үчүн берилди
Кубанычбек Маликов
Акын, драматург
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Бийик жерде" пьесасы үчүн берилди
Сүймөнкул Чокморов
Актер
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Улан" кинофильминде башкы ролду ойногондугу үчүн берилди
1980-жыл
Александр Кудель
Архитектор
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы Талас облусундагы шаар тибиндеги Токтогул поселкасынын архитектурасы жана курулушу үчүн берилди
Семен Лопатин
Инженер
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы Талас облусундагы шаар тибиндеги Токтогул поселкасынын архитектурасы жана курулушу үчүн берилди
Анатолий Семенов
Инженер
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы Талас облусундагы шаар тибиндеги Токтогул поселкасынын архитектурасы жана курулушу үчүн берилди
Зосим Серый
Инженер
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы Талас облусундагы шаар тибиндеги Токтогул поселкасынын архитектурасы жана курулушу үчүн берилди
Бектурсун Умамбеков
Архитектор
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы Талас облусундагы шаар тибиндеги Токтогул поселкасынын архитектурасы жана курулушу үчүн берилди
Жумабай Үмөтов
Сүрөтчү
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Кыргыз мотиви", "Жайлоо", "Жаз маанайы" декоративдик-колдонмо иштери үчүн берилди
Жалил Чодуров
Инженер
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы Талас облусундагы шаар тибиндеги Токтогул поселкасынын архитектурасы жана курулушу үчүн берилди
Шаршек Элчибаев
Инженер
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы Талас облусундагы шаар тибиндеги Токтогул поселкасынын архитектурасы жана курулушу үчүн берилди
1982-жыл
Шүкүрбек Бейшеналиев
Жазуучу
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Мүйүздүү козу" китеби үчүн берилди
Тургунбай Садыков
Скульптор
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы Фрунзе шаарындагы филармониянын алдындагы скульптура-архитектуралык комплекси үчүн берилди
Токтоналы Сейталиев
Опера ырчы
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы 1980-жылдагы концерттик программалары үчүн берилди
Темиркул Үмөталиев
Акын
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Тоолордун гүлдөрү" ыр китеби үчүн берилди
Алексей Печенкин
Архитектор
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы Фрунзе шаарындагы филармониянын алдындагы скульптура-архитектуралык комплекси үчүн берилди
1984-жыл
Майрамкан Абылкасымова
Акын
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Гүлдөр суу сурашат" ырлар жана поэмалар жыйнагы үчүн берилди
Насирдин Байтемиров
Акын
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Сүйүү менин канаттарым" ырлар жана поэмалар жыйнагы үчүн берилди
Самара Токтакунова
Комузчу
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы 1982-1983-жылдардагы концерттик аткаруучулук ишмердүүлүгү үчүн берилди
Жумамүдүн Шералиев
Композитор
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы акыркы жылдардагы ырлар үчүн берилди
1986-жыл
Жалил Абдыкадыров
Театр режиссеру
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Семетей - Манастын уулу" пьесасын жараткандыгы үчүн берилди
Салима Бекмуратова
Опера ырчысы
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы 1984-1985-жылдардагы концерттик аткаруучулук ишмердүүлүгү үчүн берилди
Сатыбалды Далбаев
Актер
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Семетей - Манастын уулу" пьесасын жараткандыгы үчүн берилди
Өскөн Даникеев
Жазуучу
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Көкөй кести" романы үчүн берилди
Садыкбек Жаманов
Актер
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Семетей - Манастын уулу" пьесасын жараткандыгы үчүн берилди
Күнболот Досумбаев
Актер
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Семетей - Манастын уулу" пьесасын жараткандыгы үчүн берилди
Даркүл Күйүкова
Актер
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Семетей - Манастын уулу" пьесасын жараткандыгы үчүн берилди
Жамал Сейдакматова
Актер
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Семетей - Манастын уулу" пьесасын жараткандыгы үчүн берилди
Жалил Садыков
Драматург
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Семетей - Манастын уулу" пьесасын жараткандыгы үчүн берилди
Сүйүнбай Эралиев
Акын
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Кыштак кечтери" ырлар жана поэмалар жыйнагы үчүн берилди
1989-жыл
Бексултан Жакиев
Жазуучу
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Саадак какты" чыгармалар жыйнагы үчүн берилди
Болуш Мадазимов
Комузчу
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы 1986-1987-жылдардагы концерттик аткаруучулук ишмердүүлүгү үчүн берилди
Жолон Мамытов
Акын
Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Жүз жашка тол, кылым" ырлар жыйнагы үчүн берилди
1997-жыл
Ашым Жакыпбеков
Жазуучу
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Теңири Манас" романы үчүн берилди
Керим Турапов
Опера ырчысы
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы концерттик-аткаруучулук иши үчүн берилди
Замирбек Үсөнбаев
Төкмө акын
Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык концерттик-аткаруучулук иши үчүн берилди
1998-жыл
Муратбек Бегалиев
Композитор
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Жаратканга гимн" аттуу музыкалык чыгармасы үчүн берилди
Сооронбай Жусуев
Акын
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыр менен жазылган "Курманжан датка" романы үчүн берилди
Жоомарт Кадыралиев
Сүрөтчү
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Манас" музейиндеги монументалдык сүрөтү үчүн берилди
2000-жыл
Актанбек Абдыкалыков
Кинорежиссер
"Бешкемпир" кинофильмин жараткандыгы үчүн
Автандил Адыкулов
Сценарист
"Бешкемпир" кинофильмин жараткандыгы үчүн
Төлөгөн Касымбеков
Жазуучу
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Сынган кылыч" романы үчүн берилди
Хасанбек Кыдыралиев
Кинооператор
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Бешкемпир" кинофильмин жараткандыгы үчүн берилди
Байдылда Сарногоев
Акын
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ырлар жыйнагы жана "Байдылда" поэмасы үчүн берилди
Марат Сарулу
Кинорежиссер
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Бешкемпир" кинофильмин жараткандыгы үчүн берилди
Юристанбек Шыгаев
Сүрөтчү
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Күн эндүү ат" картинасы үчүн берилди
"Камбаркан"
Фольклордук-этнографиялык ансамбли

2002-жыл
Садабек Ажиев
Cкульптор
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы Чоң-Таш капчыгайындагы "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин архитектуралык - монументалдык чечилиши үчүн берилди
Абдулхай Алдашев
Жазуучу
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык "Жертөлөдөгү ой толгоо", "Казат селинде", "Өх бүттүкпү" роман-трилогиясы үчүн ыйгарылды
Каныбек Алыкулов
Архитектор
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы Чоң-Таш капчыгайындагы "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин архитектуралык - монументалдык чечилиши үчүн берилди
Талантбек Алыкулов

Уланбек Бейшенбае

Анарбек Жумакалиев

Кулайым Каныметова
Актриса
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Бешкемпир" кинофильмин жараткандыгы үчүн берилди
Виктор Шестопал
Скульптор
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы Чоң-Таш капчыгайындагы "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин архитектуралык - монументалдык чечилиши үчүн берилди
2004-жыл
Кеңеш Жусупов
Жазуучу
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Байыркынын издери" публицистикалык ой толгоолор китеби үчүн берилд
Анарбек Ибраев
Ырчы
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыр менен жазылган "Курманжан датка" романы үчүн берилди
Саламат Садыкова
Ырчы
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы концерттик-аткаруучулук программасы учүн берилди
Нурдин Тугелов атындагы "Ак марал" мамлекеттик бий ансамбли
2007-жыл
Байысбек Батырбаев
Скульптор
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Айкөл Манас жана Кырк чоро" архитектуралык-айкелдик ансамбли үчүн берилди
Эсенгул Ибраев
Акын
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Насыят" ырлар жыйнагы үчүн берилди
Эркин Касымов
Опера ырчысы
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы концерттик-аткаруучулук программасы үчүн берилди
Султан Раев
Драматург
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Ханышанын көз жашы" спектакли үчүн берилди
Асылбек Солтобаев
Архитектор
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Айкөл Манас жана Кырк чоро" архитектуралык-айкелдик ансамбли үчүн берилди
2009-жыл
Казат Акматов
Жазуучу
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Архат" романы үчүн берилди
Элмира Асанкулова
Опера ырчысы
Травиатадагы Виолеттанын партиясын аткаргандыгы үчүн
2011-жыл
Роза Аманова
Аткаруучу
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы соңку жылдырдагы концерттик программасы үчүн берилди
Шайлообек Дүйшеев
Акын
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Манас" эпосунун негизинде жазылган "Эки дөөнүн күрөшү" поэтикалык версиясы үчүн берилди
Темирбек Мусакеев
Сүрөтчү
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Кыргыздар", "Мекен образы" сүрөт сериясы үчүн берилди
2014-жыл
Анатай Өмүрканов
Акын
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Жалгыздык ыры" ырлар жана поэмалар жыйнагы үчүн берилди
Акбар Рыскулов
Акын
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Атакенин Акболот" тарыхый училтиги үчүн берилди
Турдубек Чокиев
Композитор
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Алтын уя" опереттасы үчүн берилди
Гүлмира Эсенгулова
Композитор
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Алтын уя" опереттасы үчүн берилди
2017-жыл
Абай кызы Элина
Актриса
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Курманжан Датка" тарыхый көркөм фильминде Курманжан Датканын ролун аткаргандыгы үчүн берилди
Мурат Алиев
Кинооператор
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Курманжан Датка" тарыхый көркөм фильми үчүн берилди
Каныбек Жунушов
Акын
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Күн чубак" ырлар жыйнагы үчүн берилди
Назира Мамбетова
Актриса
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Курманжан Датка" тарыхый көркөм фильминде Курманжан Датканын ролун аткаргандыгы үчүн берилди
Талант Огобаев
Сүрөтчү
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Космос любви" сүрөтү үчүн берилди
Бакытбек Турдубаев
Сценарист
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Курманжан Датка" тарыхый көркөм фильминин сценарийи үчүн берилди
Садык Шер-Нияз
Кинорежиссер
Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы "Курманжан Датка" тарыхый көркөм фильми үчүн берилди
2022-жыл
Таалайбек Усубалиев
Cүрөтчү
Медицина кызматкерлеринин жана ыктыярчылардын COVID-19 пандемиясы менен күрөшү, ошондой эле коронавирустун курмандыктары жөнүндө картиналардын сериясы үчүн
Анара Сыдыгалиева
Актриса
Толгонайдын ролун аткаргандыгы үчүн
Данияр Жанжигитов
Актёр
Майсалбектин ролун аткаргандыгы үчүн
Алымгазы Конушбаев
Сүрөтчү-сценограф
"Саманчынын жолу" спектаклиндеги оюндун сценографиясы үчүн
Лауреаттарды кимдер аныктайт?

Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комиссия чыгармачыл жамааттардан, авторлордон келген документтерди карап, эмгектерин баалайт. Анын курамына 19 адабият жана искусство ишмерлери кирет. Учурда анын төрагасы композитор Түгөлбай Казаков. Консультативдик-кеңеш берүүчү орган келип түшкөн эмгектерди талдап, тандап президентке жиберип лауреаттар боюнча чечимин кабыл алат. Комиссиянын уюштуруу иштери менен президенттик администрациянын Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясындагы катчылыгы алектенет.

Кимдер лауреат боло албайт?

Аталган сыйлык Кыргыз Республикасынын жараны болбогон адамдарга, соттуулугу жоюлбаган талапкерлерге берилбейт. Ошондой эле комиссия тарабынан мурун колдоого алынбаган эмгектер, чыгармалардын жыйнагы, тиражы көрсөтүлбөгөн же 1000ден аз нускада жарыкка чыккан эмгектер сыйлыкка көрсөтүлбөйт. Андан сырткары, изилдөө жана маалыматтык мүнөздөгү эмгек, бир жолку концерттик-аткаруучулук программа, театрлаштырылган оюн-зооктор, юбилейлик даталарга байланыштуу бир жолку постановкаларга мамлекеттик сыйлык берилбейт.

Бир миллион сом, мураскор...

Үч жылда бир жолу берилүүчү мамлекеттик сыйлыкка татыгандарга бир миллион сом берилет. Курамы беш адамдан ашпаган авторлор жамааты ал акчаны өз ара тең бөлүшүп алат. Эгер талапкер өз чыгармасын сыйлыкка көзү тирүү кезинде көрсөтүп, лауреат болгончо каза болуп калса, сыйлык анын жакын туугандарына, мураскоруна берилет. Ал эми лауреаттын мураскорлору жок болсо, акчалай сыйлык мамлекетке кайтарылып, төш белги, сыйлыктын документтери мамлекеттик сыйлыктар фондунда жиберилет.
Журналист
Мирбек Сакенов

Маалымат булагы:
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлангандар, мамлекеттик сыйлыктардын лауреаттарынын электрондук базасы,
Юстиция министрлигинин базасы

Фото
Мамлекеттик кинофонофотодокументтер борбордук архиви,
Александр Федоров, Табылды Кадырбеков, Султан Досалиев
жана лауреаттардын жеке архиви

Дизайнер
Тьерри Махасуру
Жаңылыктар түрмөгү
0