Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Садыр Жапаров 4 посттун алынышына нааразыларды мобилизациялоого тапшырма берди

Президент Садыр Жапаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2022
Жазылуу
Өлкө жетекчилиги жалган маалымат тараткандар чек арага барып, кырдаалды өз көзү менен көрүп турушсун деп эсептейт.
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы үч пост менен бир заставанын алынышына нааразы болгондорду мобилизациялоого тапшырма берди. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

"Президент Жапаров коргоо министрине "Кыргызстан чек ара заставаларын алып салды, жерлерибизди берип салды" деп соцтармактарда жалган, так эмес маалымат тараткан жарандардын баарын "резервдик ротага" мобилизация кылып, Баткенге алып барып курал-жарак берип, аскерлер менен заставаларда делимитация, демаркация иштери бүткөнгө чейин кызмат кылдыргыла" деген тапшырма берди. Эгер бир метр жерибизди берип жаткан болсок, дал ошол жерге барып "мына ушул жерибизди берип жатат" деп айтып чыгышсын. Жалган маалыматтарды тараткандар өз көзү менен көрүп турсун деди өлкө башчы", — деп жазды маалымат катчы.

Президент эки тарап тең бетме-бет жакын жайгашкан заставалар алып салынганын белгилеген. Анткени ал жерлерде дайыма болор-болбос эле нерселерден ок атышуулар башталып, чоң кагылышууга айланып кеткен учурлардан улам эки жак сүйлөшүп, ушундай чечимге келгени айтылды.
"Бир дагы пост ачылган жок. Делимитация, демаркация маселеси чечилип бүткүчө чек ара посттору ачылбайт. Бул протокол Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процесси толук аяктаганча убактылуу болуп эсептелет. Ал эми "жерлерибизди алып коюшат" деп күмөн санаган жарандарыбызга айтарыбыз, азыркы чек ара боюнча ар бир метр жерди эки тарап тең абдан жакшы билет. Биздин жергиликтүү эл жана чек арачыларыбыз эч качан бир метр жерди да бербейт", — деген Жапаров.
Маалымат катчы тараткан билдирүүдө ар бир чек ара тилкеси спутник, учкучсуз учуучу аппараттар жана дрондор аркылуу 24 саат бою кайтарууда болору жазылган. Президент аскерлер жана жергиликтүү калк коопсуз жерлерден байкап турушарын, андыктан бул маселеде сарсанаа болууга эч бир негиз жок деп эсептейт.
Эскерте кетсек, кечээ УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткендеги "Кызыл-Бел" бекетинде Тажикстандын УКМК жетекчиси Саймумин Ятимов менен жолугуп, жаңжалды токтотуу, анын кесепеттерин жоюу жана мындан ары жол бербөө максатында протоколго кол койгон. Анда эки тараптан үчтөн постту жана бирден заставаны алып салуу макулдашылган. Кыргыз тараптан "Булак-Башы", "Ак-Сай", "Катта-Туз" посттору жана "Тамдык" заставасы жоюлду.
Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкери Кызыл-Бел-автодорожный көзөмөл-өткөрүү пунктунун жанында  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Арам ой ишке ашпайт. Ташиев 4 посттун алынышы тууралуу билдирүү жасады
Жаңылыктар түрмөгү
0