Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Осмонкулов: "Бишкек наабайкана" муниципалдык ишканасы ишин жандантат

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Бишкек наабайкана" муниципалдык ишканасынын директору Алтынбек Осмонкулов
Бишкек наабайкана муниципалдык ишканасынын директору Алтынбек Осмонкулов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2022
Жазылуу
"Бишкек наабайкана" муниципалдык ишканасынын директору Алтынбек Осмонкулов ишкана 2019-жылы 410 тонна нан бышырып, 2020-жылдан баштап иши токтотулганын айтты.
"Бишкек наабайкана" муниципалдык ишканасынын ишин жандандыруу үчүн 2022-жылга 30 миллион сом өлчөмүндө бюджеттен насыя берилет. Тиешелүү токтом долбоору Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна жиберилди. Бул тууралуу Алтынбек Осмонкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Осмонкулов: "Бишкек наабайкана" муниципалдык ишканасы ишин жандантат
Анын айтымында, 2022-жылдын 1-июлуна карата ишкананын 5,4 миллион сом кредитордук карызы бар.
"Бишкек наабайкана" муниципалдык ишканасы 2008-жылы 19-декабрда ишке кирген. Алгач ишкана 6-кичирайондо жайгашса, 2015-жылы Түркия мамлекетинин гранты (3 млн. 250 миң сом) менен 12-кичирайондогу 60 сотых жерге эки кабаттуу чоң наабайкана салынган. Анын негизги милдети борбордогу социалдык мекемелерди нан азыктары менен камсыздоо болуп саналат. 2020-жылдын март айынын аягынан тарта COVID карантинине байланыштуу өндүрүш токтогон. Бардык кампалар, кеңселер жана өндүрүштүк жайлар муктаждарга азык-түлүк пакеттерин даярдоо жана бөлүштүрүү базасы катары пайдаланылган. Натыйжада үчүнчү жактар тарабынан мүлктүк зыян келтирилген (жабдыктар, эмеректер, эшиктер, терезелер ж.б. сынган). Кийинчерээк оор эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу шаардык штабдын демилгеси менен наабайкананын базасында 140 орундуу медициналык оорукана түзүлгөн. Андан кийин сырьё менен камсыз кылуу, буйрутмалардын жана финансылык каржылоонун жоктугу өңдүү бир катар себептерден улам ишкананын иши токтотулган. Учурда 2022-жылдын 1-июлуна карата наабайкананын 5,4 миллион сом кредитордук карызы бар. Өндүрүштүк ишти кайра жандандыруу үчүн каржылык карыз маселелерин чечүү жана сырьену жетиштүү көлөмдө алуу керек. Борбор калаанын мэриясы менен "Бишкек наабайкана" ишканасынын ортосунда минималдуу пайыздык чен менен 10 жылдык мөөнөткө кредиттик келишим түзүлдү. Анда эки жылдык жеңилдетилген мөөнөт берилет. Наабайкана жаңы жылдын алдында ишин баштайт", — деди Осмонкулов.
Ал "Бишкек наабайкана" муниципалдык ишканасы суткасына 20 миң нан бышыра тургандай мештер менен жабдылганын айтып, потенциалы жогору экенин жана нан азыктарынын ассортиментин көбөйтүү пландалып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0