00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
40 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ачык кеп
МИК ар бир облуска ипотекалык үйлөрдү курат — курулуштун сапаты, уставдык капитал, жаңы эрежелер
23:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ардагердин уулу: согуштун азабынан таяке-жээн бири-бирин тааныбай калган

© Sputnik / Табылды КадырбековМүнүшкөр Мурат Абдылдаев
Мүнүшкөр Мурат Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2022
Жазылуу
Мүнүшкөр Мурат Абдылдаев атасы, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Керезбек Абдылдаевдин эскерүүлөрүнөн айтып берди.
Согуштун азабынан таяке-жээн бири-бирин тааныбай калган учур болгон экен. Бул тууралуу Мурат Абдылдаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында маек куруп жатып айтып берди.
Ардагердин уулу: согуштун азабынан таяке-жээн бири-бирин тааныбай калган
Мурат Абдылдаевдин атасы Керезбек Абдылдаев 1941-1944-жылдары Улуу Ата Мекендик согушта болгон.
"Атамдын айтымында, согушка 19 жашында аттанган экен, Украин фронтунда болгон. Айрым учурларда көргөндөрүн эскерип айтып берер эле, согуш биз тасмалардан көрүп элестегендей эмес дечү. Мисалы, согушту чагылдырган тасмаларда жоокерлердин атышып, чуркап жүргөнүн көрөт эмеспизби. Ал тасманы кызыктуу кылыш үчүн көркөмдөлгөн окшобойбу. Жашоодо ок жамгырдай жаап, окоптон башы чыккандарга тиет деп эскерчү. Адамдардын өлгөнүнөн кадимкидей кан агып калган учурлар болгонун айтып берген. Атам үч жолу жаракат алып, акыркысында бутуна ок тийип 1944-жылы кайтып келген. Ал өзү ок тийгенин сезбептир. Көрсө ок бутун тешип, кан өтүгүнө толо берген экен. Бирөөнүн колун снаряд жулуп, ал кан агып бүткөнчө кыймылдай бергенин көрүптүр. Ошондуктан атам ал учурду эскергенде "согуш болбосо экен, тынчтык учурунда кара курсак тоё берет" деп көп айтар эле. Кийин 1944-жылы кайтканда Кочкорго барардан мурда Чүйгө келиптир. Токмоктон түшкөндө атам менен кошо дагы бир жоокер түшүптүр. Экөө сураша келсе Чүйдө атамдын жээни боло турган, ошол болуп чыгыптыр. Арыктап, согуштун азабынан таяке-жээн бири-бирин тааныбай калган экен", — деди Абдылдаев.
Ошондой эле ал атасы душманды туткунга түшүргөнүн айтып бергенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0