Атаандашын ай-буйга келтирген жок! Акжол Махмудовдун алтын уткан видеосу

Жазылуу
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов венгриялык спортчу Золтан Леваини биринчи бөлүктө эле жеңип, өлкө тарыхында биринчи жолу грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону аталды.
Белгилей кетсек, биринчилик Сербиянын Белград шаарында өтүүдө. Махмудовдун бир мүнөткө созулган беттеши 8:0 эсеби менен аяктады.
77 килограмм салмак категриясында күч сынашкан Махмудов 1/16 финалда бразилиялык атаандашын кыска мөөнөттө жеңген, андан кийин мексикалык спортчуга жеңилүү ызасын тарттырган. Түрк балбаны да чейрек финалда жеңилип калган. Жарым финалда кореялык Ким Хён Уну 4:1 эсебинде утуп, финалга чыккан.
Жаңылыктар түрмөгү
0