00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цифровая накладная вместо бумаги: как ЕАЭС меняет правила грузоперевозок
08:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Сапаттуу көчөттү тандоодо үч нерсеге маани бериш керек — багбанчылыкка кантип көңүл бурушат?
09:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Вырубки не будет: что «зашито» в загадочных бирках на деревьях бульвара Эркиндик
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
«Аарычылыкты өнүктүрүү билимсиз жана илимий изилдөөлөрсүз мүмкүн эмес». Тармактын жетишкендиктери жана келечеги кандай?
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Снести нельзя оставить: по каким правилам в Бишкеке убирают самовольные постройки
12:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
CASA-1000 долбоору 2028-жылы ишке кирет — кандай иштер жасалды?
13:04
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
15:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Декларация до 1 мая: кому сдавать, что писать и как не нарваться на штраф
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Ушактын таасири: мамилеге дарыбы же коркунучпу?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Административная реформа в КР: политолог — о логике изменений и следующем этапе
18:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Ата мурасы — элге кызмат: Жаманбаев тууралуу кызынын баяны
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Фрунзе думал о розе ветров, Бишкек - о прибыли: разговор об агломерации и земле
20:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
21:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Истамбаев: Опера жана балет театры орус театрлары менен кызматташат

© Sputnik / Табылды КадырбековАбдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын директору Алмаз Истамбаев
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын директору Алмаз Истамбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2022
Жазылуу
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын директору Алмаз Истамбаев жай ичинде Россияга барып, маданият жана искусство ишмерлери менен бир катар жолугушууларды өткөрүп келгенин айтты.
КМШ өлкөлөрүнүн музыкалык театрлар ассоциациясынын директору Наталья Зыкова менен болгон жолугушууда Кыргыз улуттук опера жана балет театрына 60тан ашык чыгармачыл коллективди бириктирген ассоциацияга кирүүгө сунуш түштү. Азыр документтер даярдалып жатканын, бул Москвада өтө турган музыкалык театрлардын фестивалына катышууга мүмкүндүк берерин Алмаз Истамбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Истамбаев: Опера жана балет театры орус театрлары менен кызматташат
Анын айтымында, фестивалдын алкагында Кыргызстан Россиянын Мамлекеттик академиялык чоң театры, Станиславский жана Немирович-Данченко атындагы Москва академиялык музыкалык театры, Н.И. Сац атындагы мамлекеттик академиялык балдар музыкалык театры жана "Геликон-Опера" музыкалык театры сыяктуу төрт ири аянтчада "Айчүрөк" операсын жана "Чолпон" балетин көрсөтүүнү пландаштырып жатат.
"Россияга барып Москвадагы Станиславский жана Немирович-Данченко атындагы академиялык музыкалык театрдын башкы директору Андрей Борисов менен жолугуп, чыгармачылык коллектив менен театрдын жетекчилерин стажировкадан өткөрүү, артисттерди костюмдар жана бут кийимдер менен камсыздоо жаатында макулдаштык. Андан тышкары, Санкт-Петербургда Туман Жумабаевди эскерүү көргөзмөсүнө бардым. Консулдук жана кыргыз диаспорасы көрүнүктүү сүрөтчүнүн ушундай эле иш-чарасын мекенинде өткөрүүгө көмөктөшүүгө ниеттенүүдө. Москвадагы "Геликон-Опера" театрынын негиздөөчүсү, РФ эл артисти Дмитрий Бертман менен жолуктум. Кыргыз операсынын коллективи аталган театрда стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Дмитрий Бертман биздин театрдын 80 жылдык мааракесине белек катары өзүнүн режиссурасы жана декорациясы менен заманбап спектакль коюуга убада берди. Ошондой эле Калининград музыкалык театрынын башкы директору, РФ маданиятына эмгек сиңирген ишмер Валерий Лысенко, BALTIC+ медиахолдингинин негиздөөчүсү жана жетекчиси Анатолий Стародворский менен жолугуп, күзүндө Калининград музыкалык театры Бишкекке балдар спектаклин жана "Алые парусы" мюзиклин алып келип, келерки жылы биздин театрдын сахнасында "Снегурочка" операсын коюуну пландап жатышат. Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынын алдындагы Борбордук музыкалык окуу жайынын "Балтика" филиалынын директору менен жолугуп, кызматташуу жаатында баарлаштык", — деди Истамбаев.
Ал иш сапарында Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын артисттерин Россиянын мыкты театрларында стажировкадан өткөрүү жана квалификациясын жогорулатуу маселеси көбүрөөк талкууланганын, келишимдин алкагында Кыргызстанга белгилүү мугалимдер жана репетиторлор чакырыларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0