Бычып салуу, өлүм жазасы... Педофилдер дүйнөдө кантип жазаланат?

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүОперация жасап жаткан хирург. Архив
Операция жасап жаткан хирург. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2022
Жазылуу
Балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөргө башка дүйнө мамлекеттеринде кандай жаза каралганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окууга болот.
Жогорку Кеңеште педофилдерди жазалоону катуулатуу тууралуу маселе кайрадан көтөрүлдү. Депутат Улан Бакасов балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөрдү бычып салууну сунуштап жатат.
Парламенттин сайтына жарыяланган мыйзам долбоордун негиздемесинде хирургиялык бычуу адамдын тукум улоочу органын алып салууну түшүндүрөрү жазылган. Бирок анын алдында жазаланып жаткан кишинин акыл-эси (педофилияга ыктоосу) милдеттүү түрдө текшерилиши шарт.
"Өкүмдү жүзөгө ашырууга байланышкан маселелер психиатрлар комиссиясынын корутундусунун негизинде чечилет", — деп айтылат документте.
Кыргызстандын учурдагы Кылмыш-жаза кодекси боюнча балага жасалган сексуалдык зордук-зомбулук үчүн күнөөкөр 15 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратылат. Буга чейин депутат Марлен Маматалиев аталган мөөнөттү 25 жылга чейин узартууну сунуштаган.
Sputnik Кыргызстан аталган кылмыш үчүн башка мамлекеттерде кандай жаза каралганын карап көрдү.

Казакстандагы химиялык бычуу

Коңшу өлкөдө химиялык бычуу тууралуу мыйзам бир нече жыл талкууланып, 2018-жылдын январында гана кол коюлган. Документти кабыл алуунун алдында аталган ыкманын майнаптуулугу, оош-кыйышы кызуу талкууланган. 2014-жылы балдар жана өспүрүмдөргө карата жасалган сексуалдык кылмыштардын саны 3,5 миңге жетип, андан мурунку төрт жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйүп кеткен. Башкача айтканда, Казакстанда күн сайын сексуалдык зомбулукка 30 чакты бала кабылып турган.
Соттун чечими менен айыпкер жыныстык катнашка баруу каалоосун басаңдата турган дары ичет. Процедура медициналык мекемеде өтөт. Антиандрогендик препараттар организмдеги жыныс органдарынын концентрациясын төмөндөтөт, мындай метод хирургиялык кийлигишүүнү талап кылбайт.
Өспүрүмдүн жанында муштум түйүп турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2022
ИИМ: зордук-зомбулуктан жабыркаган балдардын саны эки эсеге өстү

Педофилдер АКШда кандай жазаланат?

Химиялык бычуу ыкмасы АКШда биринчи жолу 1980-жылдары ишке ашкан. Алгач процедура ыктыярдуу түрдө жасалып, жаза өтөө мөөнөтүн кыскартууга мүмкүнчүлүк берчү. Химиялык бычуу мажбурлоо жолу менен педофил-рецидивисттерге гана колдонулуп келген.
Кырдаал 1990-жылдардын башында, эки кичинекей кызды зордуктаган Жесси Тиммендекас бычылган соң кайра көнгөн адатына кайтканы өзгөрттү. Ал кошунасынын жети жашар Меган Канка аттуу кызын мыкаачылык менен зордуктап, андан соң өлтүрүп салган.
Эмне үчүн мындай болгонун билүү үчүн адистер бир нече изилдөө иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада 33 жаштагы педофил курамына эркектин гормону камтылган препараттарды ичип жүргөнү аныкталган.
Ошондон кийин АКШда "Меган мыйзамы" кирген. Бийлик эгер педофилди айыктыруу мүмкүн болбосо түрмөдөн бошотулгандан кийин аны катуу көзөмөлгө алган. Кылмышкер тиешелүү органдарга өзү тууралуу айтып-деп, жумушун же жашаган жерин өзгөртсө дароо маалымат берүүгө милдеттендирилген. Полиция өз кезегинде коңшуларын кабардар кылып, алар интернеттен адам тууралуу кенен-кесир билип алышмак.
Педофилдерди электрондук билерик аркылуу көзөмөлдөгөн учурлар да болгон. Бул шектүүнүн кыймылына эч чек койбойт, бирок балдар окуган же көп жүргөн жерге жакындаса полиция келип катаал чара көрөт.
Баса, АКШда хирургиялык бычуу ыктыярдуу түрдө колдонулат.
Бишкекте жолдон өтүп бара жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2022
Жусупбек Коргонбай уулу окуучулардын денесине чип орнотууну сунуштады

Европада педофилия менен күрөшүү

Европада химиялык бычуу жакындан бери эле пайдалана баштады. Мисалы, Францияда биринчи жолу 2005-жылы ишке ашкан. Адам укугу үчүн күрөшкөн Европа мамлекеттеринин көбүндө бул ыктыярдуу жасала турган процедура. Ага макул болбогон педофил өмүрүнүн аягына чейин психиатриялык ооруканада калат.
Улуу Британияда химиялык бычуу биринчи жолу 2008-жылы колдонулган. Ал кылмышкердин макулдугу менен абактан бошонгон соң жасалат.
2009-жылдан тарта мындай жазаны Польша да колдоно баштады. Мында да айыпкердин макулдугу талап кылынат, бирок зомбулукка кабылган тарап 15 жашка чыга элек болсо же кылмышкерге туугандык жайы болсо зөөкүр сөзсүз бычылат.
Ал эми Чехияда башка европалык мамлекеттерге караганда чара бир топ эле катаал. Белгиленген жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин деле айыпкер сот же дарыгерлер тарабынан коомчулук үчүн кооптуу деп табылса калган өмүрүн психиатриялык ооруканада өткөрүшү мүмкүн. Эркиндикке чыгыш үчүн бычуу сунушталат. Баса, 30 жылдын ичинде мындай процедурага 115 адам макул болгон.

Педофилдерге өлүм жазасы каралган өлкөлөр

Балдарга сексуалдык ыдык көрсөткөндөрдү өлүм жазасына тартуу Африка мамлекеттеринде, Иракта, Иранда, Сауд Арабиясында, Кытайда жана башка бир катар өлкөлөрдө колдонулат. Жазага тартуу түрү да өтө катаал болушу мүмкүн, бул жакта педофилдерди жаны чыгып корккон абал гана токтотот деп эсептелип келет.
Йеменде да мындай кылмышкерлер эл көзүнчө өлүм жазасына тартылат. Нигерияда мындан эки жыл мурун бир штаттын губернатору 14 жашка чейинки баланы кордогондорду химиялык бычуу жана өлүм жазасына тартуу каралган мыйзамга кол койгон. Эгер ошол учурда бала 14 жашка чыга элек болсо кылмышкер бычылып, өмүр бою эркинен ажыратылат.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2022
Кадамжайда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыз. Садыр Жапаров үн катты
Жаңылыктар түрмөгү
0