00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Каржылык сабаттуулукту кайсы курактан башташ керек? — же курактын тиешеси жокпу?
15:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө желимден кагаз баштыктар менен таңгактарга өтүү үчүн кандай аракеттер көрүлүүдө?
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ИИМ: зордук-зомбулуктан жабыркаган балдардын саны эки эсеге өстү

© Sputnik / Табылды КадырбековӨспүрүмдүн жанында муштум түйүп турган адам. Архив
Өспүрүмдүн жанында муштум түйүп турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2022
Жазылуу
Ички иштер министрлиги балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү кылмыштардын көбүнө эмне себеп болуп жатканын түшүндүрдү.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Жашы жете электерге карата жасалган кылмыштардын саны эки эсеге көбөйдү. Бул тууралуу ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Нуржан Адылова билдирди.
© Sputnik / Табылды КадырбековИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Нуржан Адылова
Начальник отдела Службы общественной безопасности МВД Нуржан Адылова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2022
ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Нуржан Адылова
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Ички иштер министрлиги балдарга каршы кылмыштар жана суудагы кырсыктар тууралуу" аталышындагы брифингге катышкан.
"Сексуалдык мүнөздөгү зомбулукка келсек, бейтааныш адамдар тарабынан зордукталды деп айтылганы менен статистикага таянсак, көпчүлүгү туугандары жана жакындары тарабынан кордолгон болот", — деди Адылова.
Ошондой эле ал статистикалык маалыматтарды кошумчалады.
"Жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштарды ала турган болсок, өткөн жылдын беш айында 200дөн ашык факт катталса, быйылкы жылдын ушул эле мезгилинде 150дөн ашты, башкача айтканда, азайган. Балдарга карата зомбулук (сексуалдык гана эмес), тилекке каршы, көбөйүп баратат. Былтыр 250дөн ашык факт катталса, быйыл 500дөн ашты", — деди ал.
Андан ары ИИМдин бөлүм башчысы кененирээк маалымат берди:
киши өлтүрүү — бул жылы болгон эмес / өткөн жылы 2 факт;
ден соолукка залал келтирүү — 16/1;
зордуктоо — 20/9;
асылуу — 7/2;
сексуалдык аракеттерге мажбурлоо — 1/2.
Адылова белгилегендей, өгөй аталар тарабынан асылуулар көп болот. Анткени энелер кыздарга көп нерсени түшүндүрбөйт. Ошондуктан өспүрүмдө эркек тарабынан асылуу жана катаал мамиле кандай болору тууралуу түшүнүк жок.
Мындан тышкары, аймактардан кыздар шаарга келип, чоң кишилер аларды өз үйүнө түнөп кетүүгө чакырган учурлар болот.
"Ата-энелер балдарына бул кооптуу экенин, чоочун адамдар менен аралыкты сактоо керектигин айтышпайт", — деди башчы.
Ал эми Милиционер айымдардын ассоциациясынын төрайымы, ИИМдин коомдук кеңешинин төрагасынын орун басары Каана Айдаркул сексуалдык зомбулук фактыларынын көбөйүшүнө бул нерсе мурда жабык тема болуп келгени себепкер экенин кошумчалады.
Психолог, психология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2022
Радио
Мурзаев: харассментти психикасы бузулган адам жасайт
Жаңылыктар түрмөгү
0