Садыр Жапаров бир тууганынын алтын куйма кармап түшкөн сүрөтүнө түшүндүрмө берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2022
Жазылуу
Жапаров президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин жер карабай, башты бийик көтөрүп жүргөндөй болуп кетерин айткан.
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп, журналисттин бир тууганы Сабыр Жапаровдун алтын куймасын кармап түшкөн сүрөтү боюнча суроосуна жооп берди.
Президент сүрөт боюнча тактаганын айтып, ал Түркияда тартылганын белгиледи.

"Эсиңиздерде болсо, былтыр эл аралык алтын сатууну уюштурган Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) Кыргызстандын алтынын дүйнөлүк биржада сатууга чек коюп койгон. Ошол мезгилде түрк туугандар мага жана мамлекеттик аткаминерлердин кабылдамасына кире албай агама байланышкан экен (бизде бюрократия жоюла элек да). Ага "Биз сатып алалы. Бизге келип, алтын эриткен цехибизди көрүп кеткиле. Алтын сатып алууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар" деп кайрылышыптыр. Ошол жерге барып, алтын кармап сүрөткө түшкөн экен. Эми муну трагедия кылыштын кереги жок го дейм. Ансыз деле аларга же башка жеке булактарга бир грамм да алтын сатылган эмес. Түрк туугандардан башка он чакты мамлекеттен жогорудагыдай сунуштар түшкөн. Чамасы, бизди дүйнөлүк биржада алтыныбызды сата албай калат деп ойлошсо керек. Бирок жыл айланбай эле LBMA менен көйгөйүбүздү чечип алдык. Алтын бир жылдан бери сатылбай чогула берген. "Кыргыз алтын" аркылуу бир гана Улуттук банк сатып алып турган. Эми чектөөлөр алып салынды. Буюрса, дүйнөлүк биржада эң жогорку баа менен сатабыз", — деген Жапаров.

Мамлекет башчы ага жана бир туугандарына бир грамм алтындын кереги жок экенин айтып, алтынсыз жашап келгендерин кошумчалаган.
"Алтынсыз эле жашап келгенбиз, алтынсыз деле жашай беребиз. Тескерисинче, бир туугандарым мамлекетке кандай жардам берсек деп ойлонушат. Ишимде кандайдыр бир кыйынчылыктар болсо, бир туугандарым "мурдагы президенттердин катасын кайталабасак экен, президенттик мөөнөтү бүткөндө элдин жүзүн ачык карап жүрсөк экен" деп сарсанаа боло башташат. LBMA биздин алтын сатуубузду чектеп койгондо баары сарсанаа болгону эсимде. Бир тууганым "балким, жардамым тийип калабы" деп Түркияга барган экен. Кумтөрдүн алтынын сатыш үчүн эмес, жалпы эле Кыргызстанда өндүрүлгөн жеке жактардын алтынын канчадан сатып алып жаткандарын билиш үчүн барыптыр. Бирок абдан эле төмөн болгондуктан, бир грамм алтын сатылган эмес", — деген Жапаров.
Президент чет өлкөдөн келген конок, инвесторлор бардык мамлекетте эле президенттин жакындарына чыга берерин айтып, мындай иштер буга чейин да болуп келгенин кошумчалаган.
"Мурдагылардын катасы жакындарын мамлекеттик иштерге аралаштырып жибергенинде болгон. Мен андайга жол бербейм. Кайда, канчадан сатсак болорун агамдын жардамы жок эле мамлекет өзү билип алат. Президент болуп бир мөөнөт отурамбы, эки мөөнөт отурамбы, кыскасы, мөөнөтүм бүткөндөн кийин жер карабай, башты бийик көтөрүп жүргөндөй болуп кетем. Мен өлкө башына келгенге чейин бир дагы алтын кен толугу менен 100 пайыз мамлекеттики болгон эмес", — деген өлкө башчы.
Белгилей кетсек, интернетке өлкө башчы Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр Жапаровдун алтын куйма кармап турган сүрөтү тарап, социалдык тармакта бир топ талкуу жараткан.
Кумтөр кени. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2022
Садыр Жапаров: Кумтөрдүн арты менен эми "Тамчы" СЭЗин курабыз
Жаңылыктар түрмөгү
0