00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Интернет вместо учебника: почему молодёжь лучше запоминает историю через живые форматы
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Микрокредиты: мифы, ставки и реальность - глава АМФО о том, как устроен рынок
18:11
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Устал отдыхать: психолог - о том, почему длинные выходные не восстанавливают
20:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
21:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Село Оттук и «Монументы Победы»: как восстанавливают памятники ВОВ в Кыргызстане
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ажылыктын талаптары кандай өзгөрдү — ажылыкка 6060 кыргызстандык барат
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Кто управляет вашим домом: как работают ТСЖ и что меняет новый законопроект КР
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы жана "Өчпөс полк" жүрүшү
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кто переписывает историю и зачем: разговор с историком Эсеном Усубалиевым
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Кыргызстандын туристтик рыногуна таасирин тийгизеби?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Садыр Жапаров: Кумтөрдүн арты менен эми "Тамчы" СЭЗин курабыз

© Sputnik / Акылбек БатырбековКумтөр кени. Архивдик сүрөт
Кумтөр кени. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2022
Жазылуу
Президент жаратылышка келтирген зыяны үчүн салган айып пулдан эмнеге баш тартканын да түшүндүргөн.
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек берип жатып Кумтөр кенинин арты менен "Тамчы" СЭЗи куруларын айтты.
"Кумтөр Кыргызстанга өткөндөн кийин чет өлкөдө трасттык фондуда жаткан 53 миллион доллар акчабызды Кыргызстанга котортуп алдык. Бул — Кумтөр токтогондон кийин жаратылышты калыбына келтирүүгө жумшала турган акча. Буга чейин чет өлкөдө бир банкта жаткан. 30 жылдан бери Кумтөр темасын көтөргөн саясатчынын баары "Эмне үчүн чет өлкөлүк банкта жатат? Биздин банктарда сактагыла, биздин банктар пайдасын көрсүн!" дешип ушул акча жөнүндө кеп кылышчу. Бирок биздин банктарга бир доллар дагы которуп бере алышкан эмес. Мына бүгүн Улуттук банкка келип түштү. Эми Кумтөр бүткөнгө чейин 53 миллион доллардын пайдасын биздин банктар көрүшөт. Соттошкон компанияны бизге 50 миллион доллар компенсация төлөгөнгө макул кылдык. Дагы 11 миллион доллар былтыркы жылдын дивидендин алдык. Ошентип 61 миллион доллар дагы стабилизациялык фондуга келип түштү. Эми бул акчага, буюрса, "Тамчы" СЭЗин курабыз", — деген Жапаров.
Президент "500-600 миллиондук акциябыз бар болчу, андан эмнеге баш тарттык?" деген суроого да жооп берген.
"30 жылда 30 тыйын дивиденд пайда албаган акциянын эмне кереги бар демекчимин. Биз Кумтөрдү алып кеткенден кийин андан да ылдый түшүп калды. Ал акцияларыбыз жөн эле бир кагаз болуп калган. Жаратылыш үчүн салган айып пулдан баш тартуу боюнча маселеге токтолсом, баш тартпайбыз деп 50 жыл соттошсоң да, 50 тыйын ала албайсың. Муну көзү сокур, көөдөнү көр киши эле көрбөй турбаса, акылы тунук адамдардын баары көрүп турат. "Жаратылышыбызды талкалай бергиле" деп мыйзам менен бекитип берген өзүбүз күнөөлүүбүз. Өмүр бою соттошуп жүрө бергиче Кумтөрдү алып койгонубуз миң пайыз пайдалуу болду. "Эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө" дегендей. Мурда Кыргызстанга жылына беш миллиард сомдун тегерегинде эле пайда берчү. Азыр салык, соцфонд жана башка төлөмдөр, таза кирешелер менен кошуп санасак 50 миллиардга жакын сумма чыгат. Соттошуп жүрүп алмакпыз деген сумманы 4-5 жылда Кумтөрдөн эле чыгарып алабыз", — деген ал.
 Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2022
Бир грамм да уурдалбайт! Жапаров Кумтөр алтынынын айланасында түшүндүрмө берди
Жаңылыктар түрмөгү
0