Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

МАГАТЭ башчысы ЗАЭСтеги миссиясы тууралуу БУУга 6-сентябрда маалымат берет

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүМАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гросси. Архив
МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гросси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2022
Жазылуу
Гросси Запорожье АЭСинин айланасындагы кырдаал боюнча эч качан манипуляцияга жол бербей турганын белгилеген.
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гросси 6-сентябрь күнү БУУнун Коопсуздук кеңешине Запорожье АЭСине жасаган сапары тууралуу маалымат берерин билдирди. Бул тууралуу ал Венада журналисттерге айтканын РИА Новости жазды.
Гросси Запорожье АЭСинин айланасындагы кырдаалда көптөгөн саясий оюнчулар бар экенин, бирок МАГАТЭ эч качан манипуляцияга жол бербей турганын белгилеген.
"Албетте, биз бардык тараптарды сый-урмат менен угабыз. Ачык айтканда, бул оюнда саясий оюнчулар жана тиги же муну айыптайт деп ойлогон адамдар жетиштүү. МАГАТЭ миссиясынан тайбай, өзүнүн иштерин жасай бериши керек", — деди Гросси.
Ошондой эле ал МАГАТЭнин эки кызматкери ЗАЭСте туруктуу негизде калып, ар дайым көзөмөлдөп турарын билдирди. Алар чектөөлөр жана башка жасалган кадамдар тууралуу тынымсыз кабарлап турмакчы. Гросси эксперттердин калышына Россия да, Украина да макул болгонун айткан.
Аны менен катар станция иштеп жатканын, эки өлкө эксперттеринин өз кесибинин алкагында кызматташуусу токтобогонун белгиледи. Гросси миссия эмнени талап кылса, ошонун баарын көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айтып, ошол эле учурда Запорожье АЭСинин айланасында аскердик активдүүлүк күч алганына тынчсызданды.
"АЭС жайгашкан аймакта Украина тараптан көптөгөн согуштук аракеттер жүрүп жатат. Өлкөнүн ушул жагында аскердик ишмердүүлүгү күчөтүлгөн. Бул мени аябай тынчсыздандырат", — деди Гросси.
Белгилей кетсек, 1-сентябрь күнү Рафаэль Гросси жетектеген МАГАТЭ миссиясы Запорожье АЭСине барган. "Росатомдун" делегациясынын башчысы жана ЗАЭСтин кызматкерлери миссияны станциянын бүт аймагын кыдыртып, украин аскерлеринин аткылоосунан жабыркаган тилкелерди көрсөткөн.
Запорожье АЭСи Днепрдин сол жээгинде, Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станциясы болуп эсептелет.
Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан бери, тагыраагы, март айынан тарта орус аскерлери тарабынан АЭС кайтарылып келген. Ошого карабай украин аскерлери маал-маалы менен аны аткылоодо. Россия тарап МАГАТЭ миссиясы абал менен жеринен таанышып кетишине кызыкдар болгон.
Запорожье атомдук станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Энергодардагы украиналык десант, МАГАТЭ миссиясы жана РФ күчтөрүнүн аракети
Жаңылыктар түрмөгү
0