Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Энергодардагы украиналык десант, МАГАТЭ миссиясы жана РФ күчтөрүнүн аракети

© Sputnik / Константин МихальчевскийЗапорожье атомдук станциясы. Архив
Запорожье атомдук станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2022
Жазылуу
Кошмо Штаттарга олжо катары калдыгы эмес, бүтүндөй Украина зарыл.
Энергодарда украиналык диверсанттардын тобу россиялык аскерлер тарабынан колго түшүрүлдү.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн аталган жерге түшүрүлгөн дайра десанты диверсиялык акты жасоо же МАГАТЭ делегациясынын келишин утурлай Запорожье атомдук станциясын басып алууну көздөгөн. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул сапар ушул окуяга баам салган.
Киевдик режим Запорожье атомдук электр станциясында ири чагымчылдык же чоң кырсык уюштуруу аракетин токтотпой келет. Атомдук станциянын түндүк-чыгышына карай үч чакырым аралыктагы Каховка суу сактагычынын жээгине кечээ таңкы 6.20да жети моторлуу кайык менен 60ка чукул десант жеткирилген.
Россиялык күчтөр армиялык авиация менен ыкчам түрдө украиналык диверсанттардын жолун бөгөп, дээрлик баарын жок кылган.
Ага катар эле, саат 7 чамасында атомдук станциядан батышка карай алты чакырым аралыктагы Водяное конушу тарапта да украиналык спецназдын дагы эки тобу түшүрүлгөн. Ок атуунун натыйжасында Украина Куралдуу күчтөрүнүн 280 чакты жоокерден турган десанты бар эки баржа да чөктүрүлгөн.
Ансыз да катуу кайтарылган Запорожье атомдук электр станциясынын күзөтү дагы күчөтүлдү. 1-сентябрдын таңындагы жана 31-августта дрон-камикадзе менен чабуул коюу өңдүү украиналык бул аракеттерди талдап көрсөк, киевдик режим Энергодарда чоң чагымчылдык уюштуруп, МАГАТЭ миссиясынын эксперттеринин Запорожье атомдук электр станциясындагы ишин үзгүлтүккө учуратууну көздөгөн. Же чет элдик адистерди тирүү калкан катары пайдалануу менен аталган жайды басып алууга ниеттенген. Россия тарап мурдагыдай эле бул станцияны көзөмөлдөп, МАГАТЭ миссиясынын Энергодардагы ишинин коопсуздугун камсыздоону кепилдейт.
Украиналык телеграмм-каналдардагы жазылгандарга баам салсак, Запорожье АЭСин басып алууну украиналык Башкы штаб британ чалгындоо кызматы менен даярданганы айтылат. Ал эми бул иштин майнапсыздыгына маалыматтын чыгып кетиши себеп болгонун айтышат. Анткен менен таң агарып аткан маалда суу сактагычтын бетинен моторлуу кайык жана шектүү баржаларды байкабай калуу мүмкүн эмес эле... Украина тарап бул ишинин оңунан чыкпай калышына айыптууну издеп турган чагы. Буга Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный күнөөлүү деп табылып калышы ыктымал.
Россиялык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Аскердик эксперт Киев өтө кооптуу чекке жакындап калганын эскертти

Демилитаризация уланууда

Күтүлгөндөй эле Украина МАГАТЭ делегациясы үчүн жай режимди бузбоо макулдашуусун бузду. Киевдик режим Европадагы эң ири атомдук станциянын аймагында калыс иш алып барчу чет өлкөлүк адис жана журналисттердин болушуна кызыкдар эмес.
Мурда аталган станцияда украиналык электр кубатынын 21 пайыздан ашууну өндүрүлчү. Бул азыркы баалар менен айына 1 млрд. долларды түзгөн. Вашингтон да Энергодардан калыс маалыматтардын таралышын жактырбайт, себеби Украина Куралдуу күчтөрүнүн коргонуу жана чабуул коюу пландарынын баары Пентагондо курулат эмеспи.
Кошмо Штаттарга олжо катары калдыгы эмес, бүтүндөй Украина зарыл. НАТО күчтөрүнүн украиналык согуштук театрга түз аралаштыруудан америкалыктарды Россия менен өзөктүк жаңжал коркунучу гана ооздуктап турат.
CNN телеканалы америкалык, батыш жана украиналык маалымат булактарына таянуу менен АКШ Украинага чабуул коюу операцияларын пландоо жаатында жардамдашып жатканын кабарлаган. Алар баарын кынтыксыз уюштуруп жаткандай сезишер. Бирок АКШ менен НАТО соңку 75 жылда бир дагы согуштан жеңиш менен чыга элек. Пентагондун жетекчилери жогорку технологиялык каршылашы жок согуштук талаада кармашууга көнгөн. Андыктан америкалык кеңешчилер жана "адистер" украиналык армияны үйрөтүп жарытышпайт.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн Энергодардагы десанттык (диверсиялык) операциясы башынан эле начар пландалган. Запорожье атомдук электр станциясы өзгөчө кайтарылчу объект. Россиялык гвардия өз ишин мыкты билет, күнү-түнү украиналык диверсанттардын мизин кайтарууга даяр. Жанында Россия Куралдуу күчтөрүнүн ок өтпөс техникасы, сокку уруучу авиациясы турат. Андыктан жеңишти долларга сатып ала албайсың.
Лоуренс Аравийскийдин маалынан азыр британ чалгындоо кызматы да начарлап кеткени белгилүү. Акыркы окуялар да буга таасын далил. Экинчи жагынан, россиялык күчтөр атайын операция убагында Донбасстын территориясын улутчулдардан 80 пайызга тазалап койду. Херсон облусун толук, Запорожье облусунун Азов тарабын көзөмөлгө алып, Украинанын Азов деңизине чыгуу жолун торогон.
Улутчул режимден куткарылган аймактарда жаңы администрация түзүлүп, россиялык телеканал жана радиостанциялар пайда болгон. Жергиликтүү калк РФ жарандыгын, материалдык жардамын алып, референдум аркылуу РФтин курамына кайра кирүүгө ниеттенет.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар
Киев ЗАЭСке МАГАТЭ өкүлдөрүнүн киришине каршы. Ок алдында калган Энергодар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киев ЗАЭСке МАГАТЭ өкүлдөрүнүн киришине каршы. Ок алдында калган Энергодар
Жаңылыктар түрмөгү
0