"Президенттер качарда сыйлык берет". Жапаров талкууга түшкөн постуна жооп берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2022
Жазылуу
Мамлекет башчы мурда сыйлыктар сатылып келгендиктен сындап жазганын айтты.
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров сыйлык тапшыруу боюнча мурунку бийликти сындап жазган посту боюнча түшүндүрмө берди.
Жапаров 2016-жылы социалдык тармактагы баракчасына "Президенттер качарда көп кишиге сыйлык тапшырып же Курултай өткөрүп калышчу эле" деп сындап пост жазган. Анын пикири азыр да талкууга алынып жатат. Мамлекет башчы бүгүн "Ала-Арча" резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып ал маселеге токтолду.
"Мындан бир нече жыл мурда жазган постумду алып чыгып "мына өзү да массалык түрдө сыйлыктарды тапшырып жатат" деген сындар болду. Мен аны эмне үчүн жаздым эле? Мурда сыйлыктардын баары сатылчу, тааныш-билиш менен алышчу. Акчаң болбосо бир дагы сыйлыкка жетпейт элең. Анан мен бийликке келгенде комиссияны чогултуп мындан ары татыксыздарга, акча менен такыр берилбеш керек дедим. Сыйлык, наамды, бийликти сатып алганда эч качан өнүкпөйбүз. Биз эки жолу сыйлык тапшырып жатабыз. Анда карап мурда ала элек, татыктууларга берип жатабыз. Араңыздарда 20-30 жылда, керек болсо 50 жылдан бери ала электер бар", — деди Жапаров.
Ошондой эле президент жеке мамилеге карабай, аны сындап жаткандарга да наам берүүнү чечкенин айтты.
"Анан "дүжүрлөргө", колдогондорго эле сыйлык берип атат" деп жатышат. Бирок атыңыздарды атабай эле коёюн, араңыздарда мени бүгүн да сындап келе жаткан аксакалдар, орто муун, жаштар отурасыңар. Эки адамдын ортосундагы пикир келишпестик же мени колдобосо эле тизмеден чийип салуу болбошу керек. Силердин эмгегиңер сиңген, андыктан мамлекеттик деңгээлде карашыбыз абзел", — деди Жапаров.
Президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2022
Жапаров Ташиевге кайсы эмгеги үчүн КР Баатыры наамын бергенин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0