Дүйнөнүн бир нече өлкөлөрүнүн лидерлеринен Кыргызстанга куттуктоолор келип түшүүдө

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOМамлекеттик желектин фонунда улуттук кийимчен кыздар. Архив
Мамлекеттик желектин фонунда улуттук кийимчен кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2022
Жазылуу
Коңшу мамлекеттерден сырткары Россиянын, Түркиянын, Азербайжандын, Беларустун президенттери жана КЭР төрагасы куттуктады.
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Бир нече мамлекеттердин башчылары президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздык күнү менен куттуктап, кызматташууну мындан ары улантуу туурасында айтышкан.
Буга чейин Россия лидери Владимир Путин куттуктоосун жиберген.
Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев коңшу өлкө өз ара алаканы мындан ары чыңдоого өзгөчө маани берерин билдирген.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОфициальный визит президента Казахстана Касым-Жомарта Токаева в Кыргызстан
Официальный визит президента Казахстана Касым-Жомарта Токаева в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2022
"Биргелешкен күч-аракеттер менен биз казак-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштыгы үчүн жаңы горизонтторду ачып, көп кырдуу кызматташтыгыбызды динамикалуу өнүктүрүүгө сапаттуу дем бере аларыбызга ишенем", — деген ал.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев алдыдагы жогорку деңгээлдеги жолугушуулар көп кырдуу жана узак мөөнөттүү өзбек-кыргыз мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө кызмат кылары талашсыз деген ниетин билдирген.
© Фото / официальный сайт президента УзбекистанаПрезидент Узбекистана Шавкат Мирзиёев
Президент Узбекистана Шавкат Мирзиёев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2022
"Сиздердин өлкөдө туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга жана калктын бакубаттуулугун мындан ары жогорулатууга багытталган системалуу жана комплекстүү реформалар жүргүзүлүп жатканына коңшу катары биз чексиз кубанычтабыз. Акыркы жылдардагы биргелешкен аракеттерибиздин натыйжасында достук, өз ара ишеним жана стратегиялык өнөктөштүк маанайдагы өз ара пайдалуу мамилелерибиз жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн баса белгилегим келет", — деген Мирзиёев.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун телеграммасында өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын, ынак коңшулук мамилелерин өнүктүрүүгө, бекемдөөгө өзгөчө маани беребиз деп айтылган.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОфициальный визит президента Кыргызстана в Таджикистан
Официальный визит президента Кыргызстана в Таджикистан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2022
"Биргелешкен күч-аракеттер менен биз бардык потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрдү толук ишке ашыра алабыз жана өлкөлөрүбүздүн тынч, бактылуу келечеги үчүн алдыга коюлган позитивдүү максаттарга жете алабыз деп ишенем", — деген Рахмон.
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухаммедов кызматташуу мындан ары да кеңейип, чыңдала берерине бекем ишенерин айткан.
© Sputnik / Александр АстафьевПремьер-министр РФ М. Мишустин принимает участие в заседании Евразийского межправительственного совета
Премьер-министр РФ М. Мишустин принимает участие в заседании Евразийского межправительственного совета - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2022
"Түркмөнстан менен Кыргызстандын ортосундагы ынак коңшулук, достук жана ишеним принциптерине негизделген салттуу бир туугандык мамилелер ар түрдүү тармактарда ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгилеп кетүү кубанычтуу. Биздин биргелешкен күч-аракетибиз менен түркмөн-кыргыз мамлекеттер аралык байланыштары бир тууган эки элибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да кеңейип, чыңдала берерине бекем ишенем", — деп айтылган телеграммада.
КЭР төрагасы Си Цзиньпин жеке өзү да кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө чоң көңүл бурарын билдирген.
© Sputnik / Табылды КадырбековГосударственный визит председателя КНР Си Цзиньпиня в Кыргызстан
Государственный визит председателя КНР Си Цзиньпиня в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2022
"Үстүбүздөгү жылдын февралында биз Пекинде жемиштүү жолугушуу өткөрүп, кеңири макулдашууларга жетиштик жана Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы достук кызматташтыктын улуу келечегин биргелешип белгиледик. Мен кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө чоң көңүл бурам. Сиздер менен эки өлкөнүн элинин жыргалчылыгы үчүн кытай-кыргыз мамилелеринин ар тараптуу өнөктөштүгүн жаңы деңгээлге көтөрүүгө биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого даярмын", — деп айтылган жиберилген куттуктоодо.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстандын ар бир тармактагы жетишкендиктерине кубануу жана сыймыктануу менен көз салып келе жатканын айткан.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОфициальный визит Садыра Жапарова в Турцию
Официальный визит Садыра Жапарова в Турцию - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2022
"Дос жана бир тууган Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныган өлкө катары, акыркы 30 жыл аралыгында Кыргызстандын ар бир тармактагы жетишкендиктерине кубануу жана сыймыктануу менен көз салып келе жатабыз. Биз алдыда жалпы кызыкчылыктарыбыздын негизинде биргелешкен салымыбыз менен жалпы тил, маданият жана тарыхый байланыштан кубат алган стратегиялык деңгээлдеги мамилелерибизди жана кызматташтыгыбызды мындан ары да өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө кызыкдарбыз", — деген жөнөткөн куттуктоосунда.
Беларусь лидери Александр Лукашенко кызматташуу мындан ары да уланарына ишеним арткан.
© AP Photo / Maxim GuchekПрезидент Беларуси Александр Лукашенко
Президент Беларуси Александр Лукашенко  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2022
"Биздин элдердин ортосундагы ондогон жылдардан бери келе жаткан өз ара урмат-сыйдын жана достуктун салттары мындан ары да саясий диалогду ырааттуу өнүктүрүү, экономикалык жана гуманитардык чөйрөлөрдө жемиштүү байланыштарды кеңейтүү, ошондой эле интеграциялык бирикмелердин алкагында тыгыз кызматташтык үчүн бекем негиз болуп кызмат кыла берерине ишенем", — деген ал.
Азербайжандын президенти Ильхам Алиев кызматташуу жаңы деңгээлге чыкканына токтолгон.
© Фото / Пресс-служба президента Азербайджана / Медиабанкка өтүүЗаседание Совета безопасности Азербайджана в связи с ситуацией на границе с Арменией
Заседание Совета безопасности Азербайджана в связи с ситуацией на границе с Арменией - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2022
"Быйылкы жылдын апрелинде Азербайжанга болгон расмий иш сапарыңыздын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар жана кол коюлган бир катар документтер биздин мамилелерибиздин жаңы сапаттык деңгээлге умтулгандыгынын айкын мисалы болуп саналат", — деген.
Эске салсак, алар — Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларация, эки өлкөнүн мамлекеттер аралык кеңешин түзүү жөнүндө меморандум.
Мындан сырткары, башка мамлекеттердин лидерлеринин куттуктоолору келип түшүүдө.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров кыргызстандыктарды өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгы, Эгемендүүлүк күнү менен куттуктоо учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2022
Эгемендиктен өткөн бакыт да, байлык да жок! Садыр Жапаров кыргыз элин куттуктады
Жаңылыктар түрмөгү
0