00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:06
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
10 апреля - День Сопротивления: как кыргызстанцы воевали в лесах Европы
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Цифровой сом — удобно или тревожно?
18:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эгемендиктен өткөн бакыт да, байлык да жок! Садыр Жапаров кыргыз элин куттуктады

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекет башчы Садыр Жапаров кыргызстандыктарды өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгы, Эгемендүүлүк күнү менен куттуктоо учурунда
Мамлекет башчы Садыр Жапаров кыргызстандыктарды өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгы, Эгемендүүлүк күнү менен куттуктоо учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2022
Жазылуу
Өлкө башчы Эгемендүүлүк майрамын мындан кийин ар жылы, ар бир дубанда чоң салтанат менен өткөрүүнү салтка айлантуу ниети бар экенин белгилеген.
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров кыргызстандыктарды өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгы, Эгемендүүлүк күнү менен куттуктаганын президенттин маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчы кыргыз эли улуттук руху менен күчтүү экенин айтып, ириде тарыхы бай, эне тили көркөм, деми күчтүү, нарк билги, эркиндикти туу туткан эгемендүү эл экенин белгилеген.
"Биздин эң башкы байлыгыбыз – эгемен мамлекетибиз, эгемен элибиз. Мындан өткөн байлык да, бакыт да жок! Быйыл эгемендүүлүктүн 31 жылдыгын берекелүү Сары-Өзөн – Чүй өрөөнүндөгү кереметтүү Чуңкурчак жайлоосунда салтанаттуу белгилеп, 31 метрлик туубузду тоо башына көкөлөтүп жатабыз. Кызыл туубуз кылымдарды карыткан тарыхта дагы, азыркы жашап жаткан заманыбызда дагы биримдиктин, ынтымактын тиреги болуп келди. Кыргызда ар дайым ийгиликке, жеңишке жеткенде туусун бийик көтөрүп, ага таазим кылып келген. Байрагыбыз бийик желбиреп турса, элибиздин мекенге болгон сүйүү жана атуулдук сезими артат. Себеби атуулдук ариетибиз да, ар намысыбыз да кызыл туубуз менен бир катарда турат", — деген Жапаров.
Ал мындан кийин Эгемендүүлүк майрамын ар жылы ар бир дубанда чоң салтанат менен өткөрүүнү салтка айлантуу ниети бар экенин белгилеген.
"Мындай кадам өлкөнүн бардык аймактарында жашаган элибиздин ынтымагын арттырат, биримдигин бекемдейт, карым-катнашын күчөтөт. Албетте, 3 000 жылдан ашкан тарыхыбызда 31 жыл бир көз ирмемдей эле мезгил. Узак тарыхыбызда кээде жылдызыбыз жанып, улуу каганат куруп көккө сермелдик. Кээде эркиндигибизди алдырып, чачырап кете жаздаган, азып-тозгон абалды башыбыздан кечирдик. Айтор, тарыхтын эчендеген сыноолоруна кабылдык. Ошентсе да карт тарыхта кыргыз менен үзөңгүлөш жашаган далай эл бүгүн жок, алардын аталыштары гана тарых беттеринде калды. Көкүрөгүбүзгө сыймык уялап турган ушул күнү Кыргызстандын эркиндигин эңсеп-тилеп, ал үчүн жан аянбай тынымсыз күрөшүп келген ата-бабаларыбыздын эрдигин жана элесин эстен чыгарбайбыз. Эл-жердин көз карандысыздыгы үчүн канын, жанын аябай күрөшкөн Байтик баатыр сыяктуу бабаларыбызды эскерүү, алардын Ата Журтка кылган кызматын кийинки муундарга чыпчыргасын коротпой жеткирүү мойнубуздагы ыйык парзыбыз", — деп жазылат президенттин куттуктоосунда.
Белгилей кетсек, майрамга карата Чуңкурчак жайлоосунда бийиктиги 31 метр болгон желек орнотулду.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2022
Владимир Путин Садыр Жапаровду эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады
Жаңылыктар түрмөгү
0