Намазды кантип туура окуу керек? 10 суроого жооп

© Sputnik / Табылды КадырбековПраздничный айт-намаз в Бишкеке
Праздничный айт-намаз в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2022
Жазылуу
Ислам дининде намаз диндин тиреги, ибадаттардын эң жогоркусу делет. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы муфтийдин орун басары Абибилла Кадырбердиевге суроолорду узатып толук кандуу жооп алганга аракет кылды.
Ислам дининин беш түркүгү болсо, намаз экинчиси. Мусулмандар күн сайын беш маал намаз жана кошумча намаздарды окуп ибадат кылат. Ыйык Куранда "намаз оку" деген буйрук көп жолу келет.
Адам намаз окуур алдында алгач кемчиликсиз даарат алып, андан соң андагы кыймылдарды туура аткарып, окула турчу курандагы сүрөө, аяттарды жана дубаларды так, катасыз айтышы абзел.

Намаз окуунун кандай шарттары бар?

Инсан намазда 12 шартты аткарбаса болбойт. Мисалы, дааратсыз адам даарат, жуунуп болгон адам гусул алышы керек. Намаз окула турган жер, адамдын денеси, кийими таза болушу абзел. Алар кан, заара же спирт ичимдиктери менен булганбаган болгону жакшы. Ибадат кылып жаткан маалда адамдын уяттуу жерлери (эркектин уяттуу мүчөлөрү киндигинен тизесинин астына чейин, аялдын жүзү, колунун билегинен ылдыйкы бөлүгүнөн башка бардык жери) жабылып туруусу милдеттүү. Ошондой эле намазды кыбыланы карап, өз убагында, ниетти туура коюп алгач "Аллаху Акбар" деп айтып окуп баштайт.
Андан сырткары, намаздын ичиндеги парздар да бар. Алар төмөнкүлөр:
Кыйам — намазды баштаганда жана окуп жатканда тик туруу дегенди билдирет. Өйдө тик тура албаган оорулуу адам отуруп окуйт. Отуруп окуй албагандар жаткан жеринен ишара (башын кыймылдатуу) менен окуйт.
Кыраат — намазда курандан сүрөө же аят окуу.
Рүкү — кырааттан кийин колдорун тизеге коюп ийилүү. Рүкүдө үч жолу "Субхана раббиаль-азим", түзөлүп жатканда "Самиаллаху лимен хамидах", түздөлгөндө "Раббана лакальхамд" деп айтылат.
Сажда — рүкүдөн кийин жерге жамынуу (чекесин, эки колун жерге тийгизүү) дегенди билдирет. Сажда — арка-аркасы менен эки жолу колдорду, маңдай менен мурунду жерге коюп жамынуу. Ар бир саждада жок дегенде үч жолу "Субхана раббиаль-ала" деп айтылат.
Каада (отуруу) — соңку рекетте "Аттахиййату" окуганчалык отуруу. Муну соңку отуруу деп да аташат.

Кимдер намазды милдеттүү түрдө окуусу керек?

Намаз акыл-эси толук, балакатка жеткен мусулман ар бир эркек жана аялга парз (милдетүү). Эгер намаз окуй турган адам ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген болсо, отуруп окуйт, отура албаса жатып окуйт. Эгер колу-буту кыймылдабаса, башын кыймылдатып ишара кылып окуса болот. Инсан андай кыймылдарды да аткара албаса, ал намаз окуганын токтотуп тура алат.
Намаз окуунун тартиби
Парз намаздын алдында сөзсүз коомат айтылат.
Коомат
Аллаху акбар, Аллаху акбар,
Аллаху акбар, Аллаху акбар
Ашхаду ан лаа илааха иллааллах,
Ашхаду ан лаа илааха иллааллах.
Ашхаду анна Мухаммадар Расулуллах,
Ашхаду анна Мухаммадар Расулуллах.
Хаййа алас – саала, хаййа алас – саала.
Хаййа алаль-фалаах, хаййа алаль-фалаах.
Кад каматис-сола, кад каматис-сола.
Аллаху акбар, Аллаху акбар. Ла илааха иллаллах
Андан соң намазга ниет кылынат. Мисалы, "багымдат намазынын эки рекет парз намазын окууга ниет кылып, жүзүмдү кыбылага караттым" дейт.
1. Эки колдун бармагын эки кулактын жумшагына тийгизип "Аллоху Акбар" дейт.
2. Намазды баштап кулак каккандан кийин оң кол менен сол колду байлап, киндиктин астына коюп, кыйамда турганда "Субханака Аллахумаа ва бихамдика ва табаарака имсука ва таьла жаддука ва илааха гайрук" деген санаа дубасын окуу керек.
3. Кийин "Ауузу биллахи минаш шайтоонир рожиим, бисмиллахир рохмаанир рохиим" деп, Фатиха сүрөөсүн жана кошумча сүрөө окулат. Ханафий мазхабы боюнча, намаздын ар бир рекетинде Фатиха сүрөөсүн окуу керек.
4. Андан кийин "Аллоху Акбар" деп рүкүгө барат. Рүкүдө турган учурда адамдын манжалары ачык абалда тизени кармап, баш жана арка бирдей түз болуш керек. Ошондой эле тизе бүгүлүп калбаганы жакшы. Бул учурда адам ичинен "Субхана раббиаль-азим" деп үч жолу айтат. Кайра кыйамга түзөлүп жатканда "Самиаллаху лимен хамидах" деп үн чыгарып айтып, кыйамда "Раббана лакальхамд" деп үн чыгарбай айтуу зарыл.
5. Андан соң сажда кылынат. Анда адамдын эки тизесин эки колунан мурда жерге тийгизбөө абзел делет. Саждада "Субхана раббиаль-ала" деп үч жолу айтылат. Ар бир рекетте экиден сажда жасалат.
6. Экинчи саждадан кийин отурбастан жерге таянбастан тик туруп кайра Фатиха жана кошумча сүрөө окулуп, экинчи рекеттеги биринчи рекеттегидей эле иш-аракеттер кайталанат.
7. Соңунда эки колун эки санынын үстүнө коюп каадада отурат. Ал маалда оң бутту тик, сол бутту жаткырып анын үстүнө отуруп алып "Аттахият" менен салават окуп, андан соң оң жана сол жакка "Ассалааму алайкум ва рахматуллох" деп салам берилип намаз бүтөт.

Мусулмандардын бир күндүк беш убак намазы

Багымдат намазы: төрт рекет. Эки рекет сүннөт, эки рекет парз.
Бешим намазы: он рекет. Алгачкы төрт рекет сүннөт, төрт рекет парз жана кайра эки рекет сүннөт.
Дигер намазы: сегиз рекет. Төрт рекет сүннөт, төрт рекет парз.
Шам намазы: беш рекет. Үч рекет парз, эки рекет сүннөт.
Куптан намазы: тогуз рекет. Төрт рекет парз, эки рекет сүннөт жана үч рекет витир намазы.

Намаздын түрлөрү

Парз — милдеттүү түрдө окулуучу намаз. Ага беш маал намаздын парздары, жума намазынын эки рекет парзы жана жаназа намазы кирет.
Сүннөт — Мухаммад пайгамбар окуган намаздар. Сүннөт намазын окуган адам сооп алат.
Важиб — сөзсүз түрдө окулуучу намаз. Ага куптандын үч рекет витир намазы, Айт намаздар кирет.
Нафил — окуса сооп табат, окубай калса милдеттүү түрдө кайра окуш керек эмес. Ага таравих намазы, кошумча сооп алуу ниетинде окулган тахажжуд, тахиййат-ул масжид, ишрак, духа, истихара намаздары кирет.

Намазды кайсы убакта окуганга болбойт?

Күн чыгып жаткан учурда, күн так төбөгө келгенде (кыям), жана күн батып жаткан учурда намаз окуу шариятта мүмкүн эмес. Ошондой эле имам хутба окуп жатканда намаз окуганга болбойт.
Календарда көрсөтүлгөн багымдат намазынын баштапкы убактысынан баштап, күн көтөрүлгөнгө чейин үйдө же мечитте болсун нафил намаз окуу макрух (жакшы эмес). Аср намазын окуган соң шам намазынын убактысына чейин да нафил намаз окуу макрух.
Намазды эч себепсиз эле кечиктире бербей мүмкүн болушунча өз убактысы келери менен окугандын сообу чоң болот. Ал эми өз убагынан эрте намаз окуу жарабайт. Ошондой эле намазды тез окуган да болбойт. Эң узун делген бешим намазынын он рекетин 8-10 мүнөттө аяктаса болот.

Учак, кеме, автобус, поездде баратканда намаз кантип окулат?

Учак, кеме, автобус, поезддин ичинде көп жүргүнчүлөр кетип бара жаткандыктан адам намазды отуруп алып кыбыланы издебей эле окуйт. Эгерде эсеби боюнча көздөгөн жерге жеткенче намаз убактысы өтүп кетпей турган болсо, анда унаадан түшүп намаз окуган дурус.
Ошондой эле эгер адам жашаган айыл же шаарынан 120 чакырымдан алыс жерге 15 күнгө чейинки убакытка кетсе, төрт рекет парз намаздарды эки рекетке кыскартып окуйт. Ал эми сүннөт менен витир намаздары адаттагыдай эле окулат.

Каза намаздар кантип кутулуу керек?

Адам балакатка жеткенде намаз окууга милдеттүү болот. Мусулман кандайдыр бир себеп менен намазды көп убакыт окубай жүрсө кийин ошол ай, жылдар аралыгында калтырган намаздарды толуктап окуйт.
Ал учурда "каза намаздардын" парз, витирдин рекеттери окулат. Айрым адамдар ошол жылдардын так айын, күнүн кагазга жазып алып эсептеп чыгып ар бир намазды кийин убакыт таап четинен толуктап окуйт. Ал учурда мусулман "1992-жылдан 15-августтунда окулбай калган бешим намазынын казасын окуйм" деп ниет кылат.
Же болбосо "Жараткан Аллах Талаанын мага парз кылган, бирок мен окубай калган бешимдин (багымдат, дигер, шам, куптан) парз намазын окуганга ниет кылдым" деп окуса болот.

Даарат алганга суу жок учурда намаз кантип окулат?

Эгер адам тоо-таш, талаа-түздө жүргөндө даарат алганга суу жок болуп же суу бар, бирок агымы катуу болсо, суу алганга идиш таппаса же сууну колдонууга ден соолугу мүмкүнчүлүк бербесе, таяммум (даараттын орун басары) алып намаз окуса болот. Таяммум кылуу үчүн жердеги таза нерсе (таш, кум, топурак) керек. Мусулман алгач "Мен суу жок болгондугуна байланыштуу таяммумга ниет кылам" деп эки алаканын таза ташка же топуракка бир жолу уруп алгач жүзүн, кулагын, ээгинин алдын сүртүп чыгат. Андан соң сол чыпалак, аты жок, ортон манжаларын бекитип сөөмөй менен бармактын ортолорун ачык кылып оң колду чыканакка чейин сүртүп чыгуу керек. Сол кол да ошондой эле сүртөт.
Андан сырткары, гусул болгон адам суу жок жерде да таяммум алып намазын окуй берет.
Праздничный айт-намаз в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2022
Намаз убактысы — Ош. Мусулмандар намазды кайсы убакта, кантип окуусу керек?

Намазда окулчу дубалар

Аттахияту
"Аттахияту лиллахи вассалавату ваттайибат. Ассаламу алайка аййуханнабийуу ва рахматуллахи ва баракатух. Ассаламу алейнаа ва ала ибаадиллахис соолийхин. Ашхаду алла илаха иллаллаху ва ашхаду анна Муххамадан абдуху ва расулух"
Мааниси
Тил менен, дене менен жана мал-мүлк аркылуу жасалган бардык ибадаттар бир гана Аллахка тийиштүү. Эй, Наби! Аллахтын саламы, мээрими жана берекети сага болсун. Салам бизге жана Аллахтын салих кулдарына болсун. Күбө кылам, Аллах бир жана дагы күбө кылам Мухаммед "алейхиссалам" Анын кулу жана расулу.
Салават
"Аллахума салли ала Мухаммедин ва ала али Мухаммед. Кама саллайта ала Ибрахим иннака хамидун мажид. аллахума барик ала Мухаммедин ва ала али Мухаммад. Кама баракта ала Ибрахим ва ала али Ибрахима. Иннака хамидун мажид"
Мааниси
Эй, Аллахым! Ибрахимге "алейхиссалам" жана Анын аалине (үй-бүлөсүнө, урпактарына) ырайым кылганыңдай Мухаммедге "алейхиссалам" жана Анын аалине да ырайым кыл. Сен, чындыгында, хамид жана мажидсиң. Эй, Аллахым! Ибрахимге "алейхиссалам" жана Анын аалине берекеттерди ихсан кылганыңдай Мухаммедге "алейхиссалам" жана Анын аалине да берекеттерди ихсан кыл. Сен, чындыгында, хамид жана мажидсиң.
Кунут дубасы
"Аллахума инна настаьинука ва настагфирука, ва нуьминука ва натаваккалу алайка ва нускии алайкал-хайр, нашкүрүкава лаа накфүрүка ва нахлауьва натрүкү майяфжүрүк. Аллахума ийяака наьбуду ва лака нусалли, ва насжуду ва илайка насъа ва нахфиду, ва наржуу рохматака, ва нахша ъазабака инна азаабака билкуф-фаари мулхик"
Мааниси
Эй, Аллахым! Чындыгында, биз Сенден жардам тилейбиз. Сага истигфар кылабыз. Сенден хидаят (туура жолго салууңду) тилейбиз. Сага ыйман кылабыз. Сага тообо жана тобокел кылабыз. Сени бардык жакшылыктар менен мактайбыз. Сага (ниматтарыңа) шүгүр кылып, Сага каршы келбейбиз. Сага каршы чыккандардан оолак, алыс болобуз. Эй, Аллахым! Бир гана Сага ибадат кылып, намаз окуп, сажда кылып, Сага чуркап, Сага калкаланабыз. Ырайымыңдан үмүт кылып, азабыңан коркобуз. Чындыгында, Сенин азабың чындыкты жашырган капырларга сөзсүз жетет.

Парз намаздын саламынан кийин окулуучу зикирлер

Астагфирулло (үч жолу)
Аллоохумма антас салааму ва минкас салааму табаарокта яа зал жалаалу вал икраам (бир жолу).
Лаа илааха иллаллооху вахдаху лаа шарика лаху лахул мулку ва лахул хамд, юхйи ва юмиит, ва хува хайюн лаа ямуут биядихил хойр ва хува ьалаа кулли шайин кодиир (бир жолу).
Аллоохумма аьиннии ьалаа зикрика ва шукрика ва хусни ьибаадатик (бир жолу).
Лаа илааха иллаллооху вахдаху лаа шарика лаху лахул мулку ва лахул хамду ва хува үалаа кулли шайин кодиир лаа хавла ва лааа куввата илла биллах лаа илааха иллаллох ва лаа наьбуду илла иййаху лахун ниьмату ва лахул фазлу ва лахус санааул хасану лаа илааха иллаллоху мухлисиина лахуд диину ва лав карихал каафируун (бир жолу).
Субханалла 33 жолу, Алхамдулиллах 33 жолу аллооху акбар 33 жолу, жүзүнчүсүн толуктап "лаа илааха иллаллооху вахдаху лаа шарика лаху лахул мулку ва лахул хамд ва хува ьалаа кулли шайин кодир" окулат.
Аятул – Курсийди бир жолу окуу (кимде-ким аны ар бир намаздан кийин окуп жүрсө аны бейишке кирүү үчүн бир гана өлүм тосуп турат).
Ихлас, Фалак, Нас сүрөөсү багымдат жана шам намазынан башка бардык намаздардан кийин бир жолудан окулат. Ал эми багымдат жана шам намаздан кийин үч жолудан окулат.
Намаз убактыларын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен муфтияттын даярдаган материалынан көрүүгө болот.
Бишкектеги республикалык мечитте майрамдык Айт намаз - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2022
Намаз убактысы — Бишкек. Намазды качан баштоо керек, учурдагы ай үчүн
Жаңылыктар түрмөгү
0