https://sputnik.kg/20220823/kommerciyalyk-banktarga-altyn-kujma-1067082946.html
Кыргызстандын банктары алтын жана күмүш куймаларды сата башташы мүмкүн
Кыргызстандын банктары алтын жана күмүш куймаларды сата башташы мүмкүн
Sputnik Кыргызстан
Акылбек Жапаров банк секторунун өкүлдөрү менен кеңешме өткөрүп, экономикага таасирин тийгизчү бир катар маселелерди талкуулады. 23.08.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-08-23T11:39+0600
2022-08-23T11:39+0600
2022-08-23T11:39+0600
кыргызстан
экономика
банк
акылбек жапаров
алтын
күмүш
https://sputnik.kg/img/103333/99/1033339908_0:59:2000:1184_1920x0_80_0_0_6ea5e41db702cbf6ae0494e0cbe704cf.jpg
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Коммерциялык банктарга алтын менен күмүш куймаларын сатып алуу жана сатуу укугун берүү маселеси каралууда. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.Билдирүүгө караганда, бул маселени министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров банк секторунун өкүлдөрү менен кеңешме учурунда талкуулаган.Ошондой эле кеңешмеде ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу, мисалы, чакан ГЭСтерди куруу үчүн ресурстарды пайдалана турган банктардын консорциумун түзүү боюнча сөз болду.Мындан тышкары, еврооблигациялар рыногуна чыгуу пландаштырылууда. Башкача айтканда, Кыргызстандын коммерциялык банктары баалуу кагаздарын эл аралык фондулук биржаларга жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болмокчу.Эске салсак, жылдын башында президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды эгерде акчасы болсо, аны бош койбой алтын алып коюуга чакырган. Учурда Кыргызстандын Улуттук банкы 1, 2, 5, 10, 31,1 (унция) жана 100 грамм салмактагы алтын куймаларын сатып жатат. 23-августка карата алтындын 1 граммы 6 380,50 сомдон сатып алынып, 7 165 сомдон сатылууда.
https://sputnik.kg/20220310/altyn-kujmalaryn-saktoo-ehrezheleri-1062725582.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103333/99/1033339908_220:0:2000:1335_1920x0_80_0_0_843c114680d7aaa9b677881e67c62b34.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, экономика, банк, акылбек жапаров, алтын, күмүш
кыргызстан, экономика, банк, акылбек жапаров, алтын, күмүш
Кыргызстандын банктары алтын жана күмүш куймаларды сата башташы мүмкүн
Акылбек Жапаров банк секторунун өкүлдөрү менен кеңешме өткөрүп, экономикага таасирин тийгизчү бир катар маселелерди талкуулады.
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Коммерциялык банктарга алтын менен күмүш куймаларын сатып алуу жана сатуу укугун берүү маселеси каралууда. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө караганда, бул маселени министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров банк секторунун өкүлдөрү менен кеңешме учурунда талкуулаган.
"Банктарга алтын, күмүш куймалар жана монета түрүндө сатууга, сатып алуу укук берүү мүмкүнчүлүгү каралат. Бул валюталык тобокелдиктерди диверсификациялоо механизмдеринин бири болуп калат", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле кеңешмеде ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу, мисалы, чакан ГЭСтерди куруу үчүн ресурстарды пайдалана турган банктардын консорциумун түзүү боюнча сөз болду.
Мындан тышкары, еврооблигациялар рыногуна чыгуу пландаштырылууда. Башкача айтканда, Кыргызстандын коммерциялык банктары баалуу кагаздарын эл аралык фондулук биржаларга жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болмокчу.
Эске салсак, жылдын башында президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды эгерде акчасы болсо, аны бош койбой
алтын алып коюуга чакырган. Учурда Кыргызстандын Улуттук банкы 1, 2, 5, 10, 31,1 (унция) жана 100 грамм салмактагы алтын куймаларын сатып жатат. 23-августка карата алтындын 1 граммы 6 380,50 сомдон сатып алынып, 7 165 сомдон сатылууда.
10 Жалган Куран 2022, 10:47