БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Кыргызстандык Эмил Молдодосов Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештиги оюндарында оор атлетикадан күмүш медаль утту.Ал бүгүн, 14-августта, 89 килограммга чейинки салмак категориясында чыккан.Молдодосов жулкуп көтөрүү боюнча 161 килограмм көтөрдү, ал эми түртүп көтөрүүдө салмагы 193 килограммдык штанганы көтөрө алды. Экөөнү кошкондо жалпы салмак 354 килограммды түздү.Натыйжада кыргызстандык спортчу экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды.
Спортчу 89 килограммга чейинки салмак категориясында чыгып, күчүн сынады.
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Кыргызстандык Эмил Молдодосов Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештиги оюндарында оор атлетикадан күмүш медаль утту.
Ал бүгүн, 14-августта, 89 килограммга чейинки салмак категориясында чыккан.
Молдодосов жулкуп көтөрүү боюнча 161 килограмм көтөрдү, ал эми түртүп көтөрүүдө салмагы 193 килограммдык штанганы көтөрө алды. Экөөнү кошкондо жалпы салмак 354 килограммды түздү.