Ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун саммити өтүп, маанилүү документке кол коюлат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТүрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) желектери. Архив
Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2022
Жазылуу
Бүгүн, 9-августта, ТИМ жетекчиси Жээнбек Кулубаев ТМУнун башкы катчысы менен жолукту.
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. 11-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) саммити өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Бүгүн, 9-августта, ТИМ жетекчиси Жээнбек Кулубаев ТМУнун башкы катчысы Багдад Амреевди кабыл алды.
"Башкы катчы 11-ноябрда Самаркандда өтө турган ТМУнун саммитине көрүлүп жаткан даярдыктар боюнча маалымат берди. Ошондой эле "ТМУнун 2022-2026-жылдарга карата стратегиясы" деген документке кол коюу үчүн даярдык көрүлүп жатканын белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Аталган документ саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык жана билим берүү жаатында кызматташууну камтыйт.
Кыргызстан желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2022
Чикагодо Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылды. Дареги жана иш графиги
Жаңылыктар түрмөгү
0