10-августка карата аба ырайы

© Sputnik / Максим БлиновЖамгырда сүзүп жаткан адам
Жамгырда сүзүп жаткан адам - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2022
Жазылуу
10-августка караган түнү кээ бир райондордо жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
БИШКЕК, 09-Авг. — Sputnik. Шаршембиде эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас аймагында +26...+31, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...35, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +24...+29 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +29...+31, Ош шаарында +33...+35, Чолпон-Атада +26...+28 градуска чейин көтөрүлөт.
Францияда кургап калган Бренет көлү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2022
Европадагы мээ кайнаткан ысык дарыяларды кургатууда. Сүрөттөр
Жаңылыктар түрмөгү
0