"Эл үмүтү" стипендиясын кимдер кантип алат? Өкмөт жол-жобосун иштеп чыкты

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүСтуденттер. Архив
Студенттер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2022
Жазылуу
2,5 ай мурун президент Садыр Жапаров эл аралык "Эл үмүтү" стипендиясын түзүү боюнча жарлыкка кол коюп, жол-жобосун бир айдын ичинде иштеп чыгууну министрлер кабинетине жүктөгөн. Аталган документ июль айынын соңунда бекитилди.
Бүгүн, 4-августта, президенттин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу башталды. Sputnik Кыргызстан агенттиги көптөгөн жаштар күтүп жаткан стипендия тууралуу кеңири түшүндүрүп бермекчи.
Быйыл май айында өлкө башчысы "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын уюштуруу боюнча жарлыкка кол койгон. Документке ылайык, президенттик стипендия Кыргызстандын артыкчылыктуу секторлоруна суроо-талап жогору адистиктерди даярдоо үчүн берилмек. Анын негизинде таланттуу жаштар QS World University Rankings, Times Higher Education эл аралык рейтингине кирген дүйнөнүн алдыңкы 100 университетинде билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВстреча президента КР Садыра Жапарова с Генеральным прокурором КР Игорем Красновым
Встреча президента КР Садыра Жапарова с Генеральным прокурором КР Игорем Красновым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2022
"Өлкөбүз билим берүү менен илимдин эң жогорку дүйнөлүк стандарттарына умтулуп жаткан кези. Муну мен биринчилерден болуп жан дилим менен колдоп, бул максатта "Эл үмүтү" аттуу эл аралык стипендиялардын жаңы программасын ачуу боюнча жарлыкка кол койдум. Адам ресурстарына инвестиция жасоо — биздин ийгиликтерибиздин башкы ачкычы. Бул сөзүмдү кайталагандан эч тажабайм. Жаштар — элдин үмүтү жана ишеничи. Биздин жаштарды эң негизги ресурсубуз жана бөксөргүс байлыгыбыз деп билем. Президенттик стипендиянын жаңы программасынан сырткары менин тапшырмам боюнча өкмөт дүйнөнүн алдыңкы университеттери менен эки тараптуу келишимдерди иштеп чыгууга киришти. Ал окуу жайларга да биздин студенттер жөнөтүлөт", — деп билдирген Жапаров.
"Эл үмүтү" стипендиясы техникалык, инженердик, экономикалык жана социалдык-гуманитардык багыттар боюнча магистратура жана PhD докторантурада окуй тургандарга бөлүнөт. Быйыл алгачкы 50 стипендиантты каржылоо пландалган. Чет өлкөдө окуй турчу талапкердин окуу акысы 50 миң АКШ долларынан ашпашы керек. Ошондой эле жаш окумуштуу, окутуучуларга он стипендия каралган.
Президент бир айлык мөөнөттө министрлер кабинетине талапкерлерди тандоо тартибин, стипендианттар үчүн келишим түзүү эрежесин жана стажировкадан өтүүнү каалагандар үчүн типтүү келишимди иштеп чыгууну тапшырган. Тиешелүү кагаздарды Билим берүү жана илим министрлиги даярдап, 29-июлда бекитилди.
Аталган министрликтин Жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Дамира Алибаеванын айтымында, стипендияны чет элдик ЖОЖго өз күчү менен өтүп каржылык колдоого муктаж болгон жарандар ала алат.
"Биз башка министрликтер менен макулдашып, тиешелүү документтерди иштеп чыккан соң республикалык комиссияга жибергенбиз. Анда атайын эреже, тартиптер, келишимдер жазылды. Шарт боюнча, 14 күн кулактандыруу берилип, талапкерлердин өтүнмөлөрү онлайн кабыл алынат. Министрликте түзүлгөн катчылык алардан чогулган документтерди республикалык комиссияга өткөрүп берет. Алар бир айдын ичинде стипендианттарды тандайт. Негизинен ал сынакка өз күчү менен белгилүү бир чет элдик университететке өтүп, каржылык колдоого муктаж болгон кыргызстандык жаран тиешелүү документтерди чогултуп кайрыла алат", — деди Алибаева.
Талапкерлер конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди чогултат:
эл аралык стипендияны ыйгаруу конкурсуна катышуу үчүн талапкердин толтурулган анкетасы;
паспорт;
КРдеги жогорку окуу жайдагы окуудагы жетишкендиктери менен диплому;
мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолору менен академиялык окууга кабыл алынгандыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
чет өлкөлүк ЖОЖ тарабынан берилген жетишкендиктер жөнүндө расмий документ, талапкердин чет өлкөдөгү окуудагы жетишкендигинин орточо баллын көрсөткөн белгиленген үлгүдөгү маалым кат (мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолору менен);
жарыялоолор, автордук күбөлүктөр, баяндамалардын тезистери, дипломдор, илим-изилдөө иштерине активдүү жана натыйжалуу катышуу жөнүндө маалыматтар;
стипендия алганга чейин эки жыл ичиндеги илим-изилдөө иштеринин натыйжалары жөнүндө маалыматтар, анын ичинде эл аралык, республикалык же ведомстволук конференцияда, семинарда, тиешелүү деңгээлдеги тегерек столдо баяндама менен чыгып сүйлөгөндүгү жөнүндө маалыматтар керек.
Эгер талапкердин документтери талапка туура келбесе же толук берилбесе, ал кайра тапшыра алат. Стипендия алгысы келгендер эки турдан турган сынактан өтөт. Биринчисинде документтер кабыл алынып, Билим берүү жана илим министрлигинде текшерилсе, экинчисинде "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча республикалык комиссияда каралат. Ал комиссиянын курамындагы мамлекеттик органдын өкүлдөрү, көрүнүктүү коомдук ишмерлер стипендияны ыйгаруу же ыйгарбоо чечимин кабыл алат.
Тест. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2022
Мектеп директору боло алат белеңиз? Тесттен өтүп көрүңүз
Андан соң стипендия алган жаран менен төрт тараптуу келишим түзүлөт. Ага студент, анын ата-энеси (асырап алгандар, камкордукка алгандар), Финансы министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлиги кол коет. Окууга өткөндөр, мындан тышкары, жыл сайын окуудагы жетишкендигин тастыктаган кагаздарды министрликке алып келип турат. Ошонун негизинде жаңы окуу жылына каржылоо берилет.
Ал эми стипендиат чет өлкөдө окуусун жакшы окубай, алган милдеттемелерин аткарбаган учурда же стипендиядан баш тартканда каржылоо токтотулат. Ал учурда студент окууга сарпталган жалпы чыгымдын ордун толук толтурат. Эгер андан баш тартса, иш сотко чейин жетиши мүмкүн.
"Эл үмүтү" менен сырттан билим алып келген кыргызстандыктарга мамлекеттик кызматта же Кыргызстанда гана иштөө милдеттендирилбейт. Бирок стипендиат өз каалоосу менен мамлекеттик органдардын кадрлар резервине же региондук кадрлар резервине талапкерлигин сунуштай алат.
Мындан улам айрым эксперттер Кыргызстан ал-күчкө толгон адам ресурсун сыртка жөнөтүп отуруп калат дешүүдө. Европа жана КМШ мамлекеттеринин билим берүү системасында көп жылдан бери иштеп келе жаткан техника илимдеринин доктору, профессор Талант Рыспаев дилгир жаштарды сыртка чыгарбай ички билим берүү системасын жакшыртсак, өлкөгө көбүрөөк пайда болмоктугун айтат.
© Фото / из личного архива Таланта РыспаеваКыргызстанский ученый Талант Рыспаев
Кыргызстанский ученый Талант Рыспаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2022
"Бул стипендия менен сыртка окуганы кеткен жаштардын Кыргызстанга пайдасы тийбейт. Анткени алар Кыргызстанга кайтып келбейт, көпчүлүгү сыртта калып калат. Кыргызда "ийлеп-ийлеп, итке салып берет ичикти" деген сөз бар. Биз азыр жаштарга ошондой мамиле кылып жатабыз. Эң баалуу адам ресурсун, өзгөчө жаштарды кетиребиз. Ал-күчкө толуп, энергиясы ашып-ташып турган билимдүү жаштардан ажырап калуудабыз. Мына, коңшу Казакстан өзүнүн мамлекеттик программасы менен бакалавр, магистратурага студенттерди кетиргенди токтотуп койгон. Азыр орун-очок алып калган адистерди гана стажировкага жиберет. Казактар өзүнүн жогорку окуу жайларынын билим берүүсүн жакшы жолго салып койду. Биз болсо 30 жылда оңгулуктуу жыйынтык бербеген "XXI кылымдын кадрлары" президенттик программасын кайра жаңылап атын алмаштырып иштеткени жатабыз. Ошол кетирген кемчилик, каталардан бирибиз да сабак алган жокпуз. Бул жакшы жыйынтык алып келбейт. Жаңыча ойлонуп, ички билим берүү системасын жакшыртканыбыз оң болчу. Качанкыга чейин ушинтип билимдүү, акылдуу балдарды акчасын төлөп сыртка кетирип жүрө беребиз?" — деди Рыспаев.
Мурдагы билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова "Эл үмүтү" стипендиаттарын тандоо объективдүү болуп, мыктылар гана кабыл алынышы керектигин баса белгиледи. Коомдук ишмердин айтымында, программанын натыйжасы 3-4 жылдан кийин эле билинет.
© Sputnik / Асель СыдыковаПредседатель общественного совета МИД КР Ишенгуль Болжурова
Председатель общественного совета МИД КР Ишенгуль Болжурова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2022
"Президенттин жарлыгы балдардын 2-3 жыл окуп келип, Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө салым кошуусуна багытталган. Ошондуктан бул программанын натыйжасы 3-4 жылдан кийин билинет. Анткени докторантура, магистратурада окуу мөөнөтү — үч жыл. Бирок атайын акча бөлүнгөндөн кийин ошол дүйнөлүк окуу жайлар менен байланышып, жатаканасын, шартын карап, окуусун, баарын көзөмөлдөө зарыл. Бизде чет мамлекетте окууга мүмкүнчүлүгү жок көптөгөн таланттуу, билимдүү балдар көп. Алардын университеттерден буга чейинки жазган долбоорлоруна, эл аралык конкурстарга, олимпиадаларга катышкандарын эске алып, педагогдордун, коомчулуктун катышуусу менен ошол балдардын арасынан мыктыларын элекке салып, тандап алуу абзел. Комиссия курамына коомчулуктан, бейөкмөт уюмдардан да кириши керек. Алардын жеке кызыкчылыгы да текшерилсин. Тандап алуу жоболору да объективдүү болушу шарт", — деди Болжурова.
Эске сала кетсек, 1995-жылы Кыргызстанда "XXI кылымдын кадрлары" президенттик программа ишке кирип, идиректүү жаштар чет өлкөгө билим алууга жөнөтүлмөк. Ошол кездеги президент Аскар Акаевдин демилгеси менен кыргызстандыктар эл аралык билим берүү программаларына катышууга, жергиликтүү адистердин дүйнөдөгү алдыңкы илимий мекемелерде кесипкөйлүгүн жогорулатуусуна шарт түзүлгөн. Анда стипендиаттардын көпчүлүгү маалыматтык технология, укук, каржы, чет тилдерди өздөштүрүү үчүн жиберилип, техникалык адистиктерге басым жасалган. Андан сырткары, илим-изилдөө иштери менен магистратура, докторантурага барган.
Өлкө башчыларынын жеке көзөмөлүндө делген "XXI кылымдын кадрлары" жакшы жыйынтык бербей, кийин такыр эле көңүл сыртында калып каржыланбай да калган. Четтен билим алып келгендерди мамлекеттик кызматка аралаштыруу жол-жобосу иштелип чыккан эмес. Ошол эле маалда аларды өлкөгө алып келүү аракеттери болбой, кайтып келгендер ылайыктуу жумуш менен камсыздалбай калган. Көбүнесе анын жемишин чет элдиктер көргөн. Аш десе ашка, иш десе ишке тойбой турган жаштардын күчү чет жерде жакшы бааланган.
Жалпы аталган программанын аркасы менен 18 жылда канча кыргызстандык сыртка жөнөтүлгөндүгү тууралуу толук маалымат жок. Кагаздар 2005-жылдагы март, 2010-жылдын апрелиндеги окуяларда жоголуп кеткен. 2013-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн жарлыгы менен "XXI кылымдын кадрларын" жоюп салган.
Бүтүрүүчүлөр калпактарын асманга ыргытып жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2022
Чет жакта окууга шарты жок жаштарды колдойт. "Эл үмүтү" программасы тууралуу маек
Жаңылыктар түрмөгү
0