Путин Россиянын Деңиз доктринасын бекитти. Видео

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин
Россиянын президенти Владимир Путин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2022
Жазылуу
Документтерге кол коюу иш-чарасы Санкт-Петербургдагы Мамлекеттик тарых музейинин имаратында өткөн.
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин РФтин Деңиз доктринасын жана Аскер-деңиз флотунун Кеме уставын бекитти.
Россиянын Аскер-деңиз флотунун күнүнө карата Путин өлкөдөгү башкы аскердик-деңиз парадын кабыл алууда. Иш-чара Кронштадт жана Санкт-Петербургда өтүп жатат. Алгач мамлекет башчы коргоо министри Сергей Шойгу жана Аскер-деңиз флотунун башкы командачысы Николай Евменов менен катерде аскердик кемелердин линиясына барып, экипаж менен учурашып, куттуктаган.
Параддын негизги бөлүгү башталганга чейин президент Россиянын Аскер-деңиз флотунун Деңиз доктринасын жана Кеме уставын бекиткен жарлыктарга кол койгон.
Документтерге кол коюу иш-чарасы Санкт-Петербургдагы Мамлекеттик тарых музейинин имаратында өткөн.
"Биз Россиянын экономикалык, турмуштук, стратегиялык улуттук кызыкчылыктарынын чектерин жана зоналарын ачык белгилеп алдык. Биринчиден, булар биздин арктикалык суулар, Кара, Охот жана Берингово деңиздеринин суулары, Балтика жана Курил кысыктары. Аларды коргоо үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз", — деген Путин.
Ал Аскер-деңиз флоту Россиянын эгемендигине жана эркиндигине кол салууга аракет кылгандардын баарына чагылгандай бат жооп бере аларын белгилеген. Президент дүйнөдө башка аналогу жок "Циркон" гиперүндүү ракеталык комплекси жакынкы айларда Россиянын куралдуу күчтөрүнө келерин кошумчалаган.
636.3 долбоорундагы суу түбүнө ылайыкталган алты Варшавянка дизель-электрдик суу астындагы кайыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Жабык Кара деңиз: Россиянын машыгуусу — опуза эмес, эскертүү
Жаңылыктар түрмөгү
0