1-августка карата аба ырайы

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүЖамгырдан кийин дарак жалбырактары. Архив
Жамгырдан кийин дарак жалбырактары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2022
Жазылуу
1-августта республиканын айрым райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, өрөөндөрдө жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Дүйшөмбүдө температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +28…+33, Таласта +26…+31, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +31…+36 градус ысыйт.
Күндүн табы Бишкекте +31…+33, Ош шаарында +34…+36, ал эми Чолпон-Атада +23…+25 градус болот.
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында эл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2022
Августта аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0