Катуу кармаш болчудай… НАТОну эмнеге Жонсонго ылайык көрүп жатышат?

© AP Photo / Ukrainian Presidential Press Office Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана Украинанын президенти Владимир Зеленский. Архив
Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана Украинанын президенти Владимир Зеленский. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2022
Жазылуу
Борис Жонсон Улуу Британиянын өкмөтүнөн кетип-кете электе эле маалымат каражаттары ага жаңы кызматты тандап коюшту. Мурунку премьерди Түндүк атлантикалык альянстын башкы катчылыгына "кудалап" жатышат.
Консервативдик партияга бул демилге майдай жакты. Кызыктарга бай британиялык саясатчынын кызматтык арышына Михаил Катков токтолгон. Серепчинин макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Батыштын "шумкары"

НАТОнун жаңы башкы катчысы келерки – 2023-жылы шайланат. The Telegraph басылмасынын баамында, бул кызматка Россияга каршы активдүү көз караштарынан улам Борис Жонсон өтө ылайык келет. Мындан сырткары, Brexit (бул түшүнүк Britain (Британия) + exit (чыгуу) – державанын Европа биримдигине мүчөлүгүн токтотуу) боюнча мурдагы министри Дэвид Жонсон белгилегендей, Түндүк атлантикалык альянска кирүүгө арыз тапшырууга Швеция менен Финляндияны дал ушул киши көндүргөн.
Консервативдик партия бул демилгени колдоодо. Парламенттик Коргоо комитетиндеги Тори (саясий партиянын) өкүлү Ричард Дракстын айтымында, Жонсон — британиялык чыгаан инсан. Анан да украиналыктарга абдан ынак. Ал тургай, Киевдеги президенттик кеңсенин сайтында аны Украинанын премьер-министри кылып дайындоо өтүнүчү боюнча кайрылуу да жарыяланган.
НАТОнун башкы катчылыгы катары Жонсон биринчи кезекте АКШга пайдалуу, анткени Кошмо Штаттар Россия менен күрөштө европалык союздаштарынан чечкиндүүлүктү күтүп келет эмеспи.
Батыш маалымат каражаттары Европа биримдигинин көптөгөн мамлекеттери Москва менен диалог курууну туура көрүп же россиялык-украиналык жаңжалдан оолак болуу аракетинде экенин баамдашкан. Кызматын аркалап турганда ал өлкөнүн коргоо тармагына кеткен чыгымдарды 2030-жылга чейин ички дүң өндүрүмдүн эки пайыздан 2,5 пайызга чыгарууну убада кылганы маалым. Mirror басылмасы башкы катчылыкка бул киши тандалып калса, Лондондон гана эмес, НАТОнун бардык мүчөлөрүнөн ушул көрсөткүчтү талап кылары бышык, ал эми бул Түндүк атлантикалык альянска пайдалуу экенин айтат.
Британиянын премьер-министри Борис Жонсон. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2022
Борис, ойгон! Британиялыктар бийликтин Украинага насыя берүү чечимине нааразы болууда

Ички ажырым

Жонсон шайланып калса, ал НАТОнун Улуу Британиядан чыккан төртүнчү жетекчиси болмокчу. Анткен менен ал жалгыз талапкер эмес. 2021-жылы батыш маалымат айдыңында бул кызматка ылайык Германиянын, Хорватия, Литва жана Эстониянын мурдагы башчылары: Ангела Меркель, Колинда Грабар-Китарович, Даля Грибаускайте жана Керсти Кальюлайддын ысымдары аталган. Мында Батышта кеңири таралган гендердик теңчилик саясаты эрксизден эске түшөт, НАТОнун башына аял кишинин келишине да мезгил жеткендир.
Ал эми Улуу Британиянын кызматын тапшырып жаткан премьерине Канада, Польша, Румыния, Прибалтика, Чехия, Хорватия жана башка русофобияга алдырган өлкөлөр добуш бериши ажеп эмес. Жонсондун талапкерлигине Европа биримдигинин лидерлери каршы чыгышы ыктымал. Мисалы, The Telegraph басылмасы европалык интеграциянын жактоочусу – Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Европа биримдигинен Лондонду чыгарып кеткен кишини колдоору арсар дейт.
Ал эми Германиянын канцлери Олаф Шольцтун да Жонсонду НАТОнун жетекчилик кызматына келишин кыртышы сүйбөсү ырас.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жаатында бул маселе кыйла татаал. Швеция менен Финляндияны НАТОго кабыл алуу жараяны али аягына чыга элек. Анкара бул үчүн америкалык истребителдер менен бул өлкөлөрдө баш пааналаган күрддөрдү берүүнү талап кылууда. Түркиялык лидер жөнүндө кемсинткен төрт саптарды жазган Жонсондун сүйлөшүүлөрдө орун алышы кырдаалды жайгара албасы анык. Анан да Түркия аскердик блоктогу армиясынын саны боюнча экинчи саптагы мамлекет.
НАТОнун уставына ылайык, башкы катчы бир добуштан шайланат. Ал эми иш жүзүндө бейрасмий дипломатиялык байланыштар аркылуу ишке ашырылат. Маселен, 2009-жылы Анкара Андерс Фога Расмуссендин талапкерлигине каршы чыгып, бирок вето койгон эмес.

Башкы душман

Түндүк атлантикалык альянстын ушул таптагы башчысы Йенс Столтенберг отставкага быйыл кетмек, бирок украиналык каатчылыктан улам НАТОдогулар бул ишти жылдырып турууну чечишкен. Столтенбергди чечкинсиз деп зекип калышат. Ал Россия менен диалогду жактап, Украина үстүндөгү аба мейкиндигин жабуудан баш тартканы белгилүү. Киевдегилер бул жагдайды саткынчылык деп сыпаттаган.
Июндун аягында Мадриддеги НАТОнун саммитинде Москва "союздаштардын коопсуздугуна эң олуттуу жана түз коркунуч" деп аталган. Ушундан улам НАТОнун башчылыгына азыркысына караганда кыйла радикалдуу киши керек экени айдан ачык.
Жонсон Украина Россия менен жеңгенче, башкача айтканда, 1991-жылдагы чек араларга кайтарып алганча согушууну талап кылган европалык өлкөлөрдүн тобун жетектеп калганын белгилейт Евро-атлантикалык кызматташтык ассоциациясынын президенти, Россия илимдер академиясынын Коомдук илимдер боюнча илимий маалымат институтунун директорунун орун басары Татьяна Пархалина.
"Башкы катчы альянстын мүчөлөрүн уюштуруп, көйгөйлөрдү чечүүдө өз демилгелерин сунуштайт. Эгер 2023-жылдын күзүнө чейин Батышта Москва менен катуу тирештин ашынган жактоочусу керек болсо, Жонсондун бул кызматка шайланары ажеп эмес", — дейт ал.
"Россия в глобальной политике" журналынын башкы редактору Федор Лукьянов: "Жонсон Украинаны кызуу колдоп келет. Анын чечкиндүүлүгү айрымдарга ынанымдуулук берсе, кай бирлерин чочулатат. Анткени баары эле кызыл кыргынга кабылгысы жок.
Жонсондун Түндүк атлантикалык альянстын жетекчилигине шайланышы НАТОнун Россияга каршы мамилесин түк өзгөртө албайт, себеби башкы катчы катары анын тийиштүү функционалы болбойт. Бирок ал блоктун катышуучуларынын арасында тирешти курчутуп коё алат", — дейт саясат таануучу.
Экинчи жагынан, НАТОнун бюрократиялык аппараты Жонсонду көзөмөлдөп, альянстын стратегиялык кызыкчылыктарын каалагандай калчагыдай аны өз эркине койбой турганы маалым эмеспи.
Уулу Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун отставкасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2022
Батышта Путинге атаандаш болчу киши калбай калды. Лидерлер майдаланууда
Жаңылыктар түрмөгү
0