Апта ичинде Жалал-Абадда аба ырайы кандай болот?

© Sputnik / Михаил ДудинЖалал-Абад шаары. Архив
Жалал-Абад шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2022
Жазылуу
Июлдун аягында ысыктын илеби бир аз кайтат.
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Келе жаткан жумада Жалал-Абад облусунда күндүн табы 41 градуска чейин жетет.
25-29-июль күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. 30-июлда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүшү ыктымал. Өрөөндөрдө жамгыр жаабайт.
Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши мүмкүн.
Бассейндеги кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2022
Аптаптуу ысык качан кайтат? 30-июлга чейинки аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0