25-июлга карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүФонтандын жанында турган кыздар. Архив
Фонтандын жанында турган кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2022
Жазылуу
25-июлга чейин кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Мындан улам күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөш керек. Айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Дүйшөмбүдө өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Маалыматка ылайык, түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +35...+40, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +36...+41, Талас жергесинде +33...+38, Ысык-Көлдө +27...+32 жана Нарында +30...+35 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +38...+40, Ошто +39...+41 жана Чолпон-Ата шаарында +28...+30 градуска жетет.
Бассейндеги кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2022
Аптаптуу ысык качан кайтат? 30-июлга чейинки аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0