Сыдыкбеков жана Жумадыловдун мурастарын сактайлы. Жапаровдун Каркырадагы сөзү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПразднование юбилеев Туголбая Сыдыкбекова и Советбека Жумадылова на джайлоо Каркыра
Празднование юбилеев Туголбая Сыдыкбекова и Советбека Жумадылова на джайлоо Каркыра - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2022
Жазылуу
Жумадылов 40тай тасмага тартылып, ар биринде кайталангыс образдарды жаратып кетти. Ал эми тагдыры улуттук адабияттын тагдыры менен байланышкан Сыдыкбеков — элдин сыймыгы.
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн Каркыра жайлоосунда Кыргызстандын баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгынын жана Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгынын урматына өткөн иш-чарага катышты.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн Каркыра жайлоосунда Кыргызстандын баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгынын жана Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгынын урматына өткөн иш-чарага катышты

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн Каркыра жайлоосунда Кыргызстандын баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгынын жана Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгынын урматына өткөн иш-чарага катышты - Sputnik Кыргызстан
1/9

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн Каркыра жайлоосунда Кыргызстандын баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгынын жана Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгынын урматына өткөн иш-чарага катышты

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Президент жайлоодогу эки залкардын юбилейине келген элдин алдында сүйлөп жатып бул улуу эки таланттын ар бирине өзүнчө токтолду

Президент жайлоодогу эки залкардын юбилейине келген элдин алдында сүйлөп жатып бул улуу эки таланттын ар бирине өзүнчө токтолду - Sputnik Кыргызстан
2/9

Президент жайлоодогу эки залкардын юбилейине келген элдин алдында сүйлөп жатып бул улуу эки таланттын ар бирине өзүнчө токтолду

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Президент сөзүн улай элди бүгүнкү улуу адамдардын мааракелери менен куттуктады

Президент сөзүн улай элди бүгүнкү улуу адамдардын мааракелери менен куттуктады - Sputnik Кыргызстан
3/9

Президент сөзүн улай элди бүгүнкү улуу адамдардын мааракелери менен куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Жапаров бул улуу адамдардын өзүн көрүп, кичүү муундагы замандашы болуп калганына кубанычта экендигин билдирди

Жапаров бул улуу адамдардын өзүн көрүп, кичүү муундагы замандашы болуп калганына кубанычта экендигин билдирди - Sputnik Кыргызстан
4/9

Жапаров бул улуу адамдардын өзүн көрүп, кичүү муундагы замандашы болуп калганына кубанычта экендигин билдирди

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Айрыкча, анын мууну Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларын окуп, анын рухий мурастарына сугарылып өссө, кыргыз кино керемети, анын ичинде Советбек Жумадылов роль жараткан кыргыз кинолору дүңгүрөп турган кезде тамшанып көрүп калганын белгиледи

Айрыкча, анын мууну Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларын окуп, анын рухий мурастарына сугарылып өссө, кыргыз кино керемети, анын ичинде Советбек Жумадылов роль жараткан кыргыз кинолору дүңгүрөп турган кезде тамшанып көрүп калганын белгиледи - Sputnik Кыргызстан
5/9

Айрыкча, анын мууну Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларын окуп, анын рухий мурастарына сугарылып өссө, кыргыз кино керемети, анын ичинде Советбек Жумадылов роль жараткан кыргыз кинолору дүңгүрөп турган кезде тамшанып көрүп калганын белгиледи

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Бул эки улуу инсандын чыгармалары менен жараткан ролдору бүгүнкү күндө дагы актуалдуу бойдон тургандыгын айтты

Бул эки улуу инсандын чыгармалары менен жараткан ролдору бүгүнкү күндө дагы актуалдуу бойдон тургандыгын айтты - Sputnik Кыргызстан
6/9

Бул эки улуу инсандын чыгармалары менен жараткан ролдору бүгүнкү күндө дагы актуалдуу бойдон тургандыгын айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Ал Сыдыкбековдун өмүрү менен чыгармачылыгына жаңы көз караштагы изилдөөлөр керектигин баса белгиледи

Ал Сыдыкбековдун өмүрү менен чыгармачылыгына жаңы көз караштагы изилдөөлөр керектигин баса белгиледи - Sputnik Кыргызстан
7/9

Ал Сыдыкбековдун өмүрү менен чыгармачылыгына жаңы көз караштагы изилдөөлөр керектигин баса белгиледи

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Анын чыгармаларынын толук жыйнагын топтоштуруп кайра басып чыгаруу, жарыяланбай калган чыгармаларын элге жеткирүү, анын кол жазмаларын электрондоштуруу сыяктуу бир топ иштерди аткаруу туурасында кеп кылып, аны президент "биздин абийирибиздеги маселе экенин да кошумчалай кетели" деди

Анын чыгармаларынын толук жыйнагын топтоштуруп кайра басып чыгаруу, жарыяланбай калган чыгармаларын элге жеткирүү, анын кол жазмаларын электрондоштуруу сыяктуу бир топ иштерди аткаруу туурасында кеп кылып, аны президент "биздин абийирибиздеги маселе экенин да кошумчалай кетели" деди - Sputnik Кыргызстан
8/9

Анын чыгармаларынын толук жыйнагын топтоштуруп кайра басып чыгаруу, жарыяланбай калган чыгармаларын элге жеткирүү, анын кол жазмаларын электрондоштуруу сыяктуу бир топ иштерди аткаруу туурасында кеп кылып, аны президент "биздин абийирибиздеги маселе экенин да кошумчалай кетели" деди

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Садыр Жапаровдун Каркыра жайлоосунда аталган иш-чарада сүйлөгөн сөзүн толугу менен бул шелтеме менен кирип окуй аласыз.

Садыр Жапаровдун Каркыра жайлоосунда аталган иш-чарада сүйлөгөн сөзүн толугу менен бул шелтеме менен кирип окуй аласыз. - Sputnik Кыргызстан
9/9

Садыр Жапаровдун Каркыра жайлоосунда аталган иш-чарада сүйлөгөн сөзүн толугу менен бул шелтеме менен кирип окуй аласыз.

1/9

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн Каркыра жайлоосунда Кыргызстандын баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгынын жана Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгынын урматына өткөн иш-чарага катышты

2/9

Президент жайлоодогу эки залкардын юбилейине келген элдин алдында сүйлөп жатып бул улуу эки таланттын ар бирине өзүнчө токтолду

3/9

Президент сөзүн улай элди бүгүнкү улуу адамдардын мааракелери менен куттуктады

4/9

Жапаров бул улуу адамдардын өзүн көрүп, кичүү муундагы замандашы болуп калганына кубанычта экендигин билдирди

5/9

Айрыкча, анын мууну Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларын окуп, анын рухий мурастарына сугарылып өссө, кыргыз кино керемети, анын ичинде Советбек Жумадылов роль жараткан кыргыз кинолору дүңгүрөп турган кезде тамшанып көрүп калганын белгиледи

6/9

Бул эки улуу инсандын чыгармалары менен жараткан ролдору бүгүнкү күндө дагы актуалдуу бойдон тургандыгын айтты

7/9

Ал Сыдыкбековдун өмүрү менен чыгармачылыгына жаңы көз караштагы изилдөөлөр керектигин баса белгиледи

8/9

Анын чыгармаларынын толук жыйнагын топтоштуруп кайра басып чыгаруу, жарыяланбай калган чыгармаларын элге жеткирүү, анын кол жазмаларын электрондоштуруу сыяктуу бир топ иштерди аткаруу туурасында кеп кылып, аны президент "биздин абийирибиздеги маселе экенин да кошумчалай кетели" деди

9/9

Садыр Жапаровдун Каркыра жайлоосунда аталган иш-чарада сүйлөгөн сөзүн толугу менен бул шелтеме менен кирип окуй аласыз.

Президент жайлоодогу эки залкардын юбилейине келген элдин алдында сүйлөп жатып бул улуу эки таланттын ар бирине өзүнчө токтолду.
"Кеменгер, көсөм, даанышман, Ата Журттун кең келечеги үчүн өмүрүн арнаган бабаларды эскерип, эл-жери үчүн кылган эмгектерин эмки муунга кеңири жеткирүү дагы нарк билгиликтин чоң белгиси деп эсептейм", — деген Жапаров.
Президент сөзүн улай элди бүгүнкү улуу адамдардын мааракелери менен куттуктады.
"Бүгүн биз мына ошондой аталарыбыздын бири, кыргыз элинин сыймыгы, Кыргызстандын XX кылымдагы чыгаан жазуучусу жана коомдук ишмери, Кыргыз Республикасынын Баатыры деген эң жогорку наамдын ээси Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдык мааракесин белгилөө үчүн чогулуп олтурабыз. Ошону менен бирге кыргыз кино жана театр тарыхында өчпөс из калтырган легендарлуу актер, жеке эле Кыргызстандын алкагында эмес, Орто Азиянын театр сүйүүчүлөрүн таң калтырган, уникалдуу образдарды жараткан залкар актер Советбек Жумадыловдун 90 жылдык мааракесин дагы чогуу белгилеп жатабыз. Кыргыз элинин сыймыгына айланган Түгөлбай атабыз жана Советбек абабыздын мааракелери менен жалпы Кыргызстан элин чын дилимден куттуктайм. Биз, кыргыз эли – Сыдыкбеков жана Жумадылов өңдүү улуу инсандарыбыз менен улутташ, мекендеш болгон бактылуу элбиз!", — деди ал.
Жапаров бул улуу адамдардын өзүн көрүп, кичүү муундагы замандашы болуп калганына кубанычта экендигин билдирди. Айрыкча, анын мууну Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларын окуп, анын рухий мурастарына сугарылып өссө, кыргыз кино керемети, анын ичинде Советбек Жумадылов роль жараткан кыргыз кинолору дүңгүрөп турган кезде тамшанып көрүп калганын белгиледи. Бул эки улуу инсандын чыгармалары менен жараткан ролдору бүгүнкү күндө дагы актуалдуу бойдон тургандыгын айтты.
Ал Сыдыкбековдун өмүрү менен чыгармачылыгына жаңы көз караштагы изилдөөлөр керектигин баса белгиледи. Анын чыгармаларынын толук жыйнагын топтоштуруп кайра басып чыгаруу, жарыяланбай калган чыгармаларын элге жеткирүү, анын кол жазмаларын электрондоштуруу сыяктуу бир топ иштерди аткаруу туурасында кеп кылып, аны президент "биздин абийирибиздеги маселе экенин да кошумчалай кетели" деди.

"Себеби Сыдыкбеков сыяктуу аты тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калган инсандардын кийинки муунга калтырып кеткен мурасын, аманатын аткарууну мамлекет жетекчилеринин мойнундагы парз катары кабылдашыбыз керек", — деп белгиледи Жапаров.

"Советбек Жумадылов жалпы жонунан 40тай тасмага тартылып, ар биринде кайталангыс образдарды жаратып кетти. Алардын баарын тизмектеп отуруунун кажети деле жок, анткени "Ак-Мөөр", "Караш-Караш ашуусунда атылган ок", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Көчө", "Акжолтой" жана башка кыргыз тасмаларын көргөнүбүздө кыргыз киносунун чоң классиги, белгилүү актер Советбек Жумадылов таанылбай калышы мүмкүн эмес. Советбек агабыз ролдорун эң жогорку актердук чеберчилик менен аткарган, көзүнүн тирүүсүндө эле кыргыз сахна өнөрүнө даңаза болгон инсан экени талашсыз", — деди Жапаров Каркырадага сөзүндө улуу талант Жумадылов туурасында.
Садыр Жапаровдун Каркыра жайлоосунда аталган иш-чарада сүйлөгөн сөзүн толугу менен бул шелтеме менен кирип окуй аласыз.
Президент Садыр Жапаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2022
Мекенибиздин чыныгы атуулдарынан болгула! Садыр Жапаров балдарды куттуктады
Жаңылыктар түрмөгү
0