00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Первый весенний забег «Жаз деми». Старт, открывающий спортивный сезон
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как строится экспорт из Кыргызстана в страны ЕАЭС и что мы туда продаем
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жылуулук тармактарынын 68,6 пайызынын эскилиги жетти: кандай чаралар көрүлүүдө?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
MedExpo Kyrgyzstan 2026: Россия менен медицина тармагындагы кызматташтык
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Магия кадра: почему одни снимки становятся легендами, а другие исчезают в ленте
12:05
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мекенибиздин чыныгы атуулдарынан болгула! Садыр Жапаров балдарды куттуктады

Президент Садыр Жапаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2022
Жазылуу
Мамлекет башчы бардык ата-энелерге, тарбиячыларга, мугалимдерге бала тарбиялоо деген жоопкерчиликтүү вазийпасын чыдамкайлык менен аткарышын кааларын айткан.
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бейпил күндүн, жай турмуштун, жаркын келечектин ээси болгон балдарыбызга кам көрүү маселеси – мамлекеттин социалдык саясатынын маанилүү артыкчылыгы болуп эсептелет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата куттуктоосунда айтты.
Мамлекет башчынын маалымат кызматы Жапаровдун балдарды, ата-энелерди бул майрамга карата куттуктоосун таратты.
Төмөндө президенттин куттуктоосун толугу менен беребиз.
"Кымбаттуу балдар, урматтуу ата-энелер!
Кыргыз Республикасындагы бардык жеткинчектерди бүгүнкү жаркын майрамы менен куттуктайм! Балдарынын сүйүнүчү – ата-эненин кубанычы, ата-энелердин дагы бүгүнкү майрамы кут болсун!
Балдарды коргоонун эл аралык күнү жадыраган жай мезгилинин алгачкы күнүнө белгиленгендиги бекеринен эмес. Баланын бажырайган күлкүсү менен жадыраган жай айындагы чайыттай ачык асман бири-бирин толуктап турган табияттын эң ажайып айкалышы, тынчтыктын, бейпилдиктин, куунак жашоонун белгиси.
Мына ушундай бейпил күндүн, жай турмуштун, жаркын келечектин ээси болгон балдарыбызга кам көрүү маселеси – мамлекеттин социалдык саясатынын маанилүү артыкчылыгы болуп эсептелет. Балдарга кам көрүү жаатындагы милдеттер, балдарды сак-саламат жетилтип, руханий жактан өнүктүрүү, алардын коопсуздугун камсыз кылуу, сапаттуу билим берүү, турмуштук оор кырдаалга кабыл болгон балдарды ар тараптан колдоо мамлекеттик бийликтин ишиндеги негизги багыт болуп саналат. Дени сак, акыл-эстүү балдарыбыз – бул эртеӊки жаркын келечегибиздин, тарбиялуу коомубуздун, өнүккөн, маданияттуу турмушубуздун кепилдиги.
Кымбаттуу ата-энелер!
Мамлекеттен кандай гана жардам берилбесин, эң негизги мээримди жана камкордукту бала өзүнүн бекем, туруктуу жана мээримдүү үй-бүлөсүнөн алат. "Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың" деген улуу журтубуздун накыл кебиндегидей, баланы тарбиялоодо үй-бүлө институтунун орду чоң. Ата-энелерге балдарына туура таалим-тарбия берүүнү эч качан кечиктирбеш керектигин эскертер элем. Ата-бабаларыбыздын калтырып кеткен нарк-насилдери менен балдарыбыздын келечегин эртеӊ эмес, мына бүгүн, азыр алдын ала ойлонуп, алардын адам болуп чыгуусуна татыктуу тарбия беришибиз абзел. Элибизде эзелтен эле бала тарбиялоодо адеп-ахлакты, пейил-мүнөздү калыптандырууда, көркөм-эстетикалык табитти өстүрүүдө бешик ырларынан тарта макал-лакаптар, накыл кептер, уламыштар, жомоктор, дастандар жана башкаларды кеңири пайдаланып келишкен. Бала тарбиялоодо ата-бабаларыбыздан бери келаткан нарк-насил, каада-салт, көркөм мурастар силерге шам чырак болуп берсин!
Бардык ата-энелерге, тарбиячыларга, мугалимдерге бала тарбиялоо деген оор вазийпасын чыдамкайлык, акылгөйлүк, сабырдуулук менен аткарышын каалайм!
Урматтуу уул-кыздарым!
Акылдуу, чынчыл, боорукер жана мекенчил болуп чоңойгула! Ата-энеңерди жана улууларды сыйлагыла, окуудагы жетишкендиктериңер менен бизди кубандырып, Мекенибиздин чыныгы атуулдарынан болгула!
Ар бир күнүңөрдү бактылуу балалыктын таттуу көз ирмемдери коштосун!
Асманыңар ачык болсун!"
Бишкектеги балдарды коргоо күнү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2022
Балдарды коргоо күнүнө карата Бишкекте өтчү иш-чаралардын тизмеси
Жаңылыктар түрмөгү
0