00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
7 мин
Тема дня
Не выбрасывайте клеща после укуса - и другие советы врача, которые реально важны этим летом
10:08
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстандын мектептеринде балдар жана ата-энелер үчүн туура тамактануу боюнча иш-чаралар өткөрүлдү
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Новый порядок приёма иностранных студентов, что меняется
12:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Элди түйшүккө салган сел кырсыктары: кесепеттерди жоюу жана кенемте маселеси кандай болуп жатат?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Кыз иштен кийин зордукталган". Милиционерлердин жазасы боюнча Ниязбековдун жообу

Жазылуу
Ички иштер министри Уланбек Ниязбеков Бишкекте 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча тиешелүү жетекчилерге кандай жаза берилгенин айта албай койду. Ал Ички иликтөө кызматы териштирип, эң катуу тартиптик жаза колдонулганын билдирди.
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жазанын түрүн тактап беришин сураганда окуя мартта болгонун, аларга Бишкек шаардык милиция чара көргөнүн жүйөө келтирди.
"Муну март айында гана билгенбиз, биз баарын жасап койгонбуз, силер бир жума мурда эле билип алып сурап жатасыңар да. Ар бир милиция кызматкери жумушка алынып жатканда комиссиядан өтөт. Алар беш жыл мурда өткөн экен, тыкыр иликтеп жатабыз. Соттон кийин маалыматты кененирээк беребиз", — деди Ниязбеков.
Мындай окуялар дагы кайталанбашы үчүн коомчулук милиция кызматкерлерин катуу жазага тартууну талап кылып жатканын сураганда кылмыш иши жумуштан кийинки убакытта жасалган деген жообун берди.
"Милиция кызматкерлери жумуш убактысынан кийин каякка барып жатканын мага же жетекчисине айтпайт. Мисалы, үйгө деп кете берет да. Биз эми ар биринин аркасынан издеп жүрмөк белек", — деди министр.
Андан соң маалыматты Бишкек шаардык милициянын жетекчиси Азамат Ногойбаевден тактоого мүмкүнчүлүк болду.
Анын айтымында, Свердлов РИИБдин жетекчисинин коомдук коопсуздук кызматын тескеген орун басары иштен бошотулуп, дагы бир кызматкери ээлеген кызматына ылайыксыз деп табылган. Ал эми РИИБдин башчысы менен шаардык милиция бөлүмүнүн жетекчиси сөгүш алган.
Белгилей кетсек, март айында Свердлов райондук прокуратурасы эки милиционер менен бир киши 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча шектелип жатканын кабарлаган. Тергөөнүн версиясы боюнча, А. Э. аттуу милиционер менен К.Н. аттуу жаран жашы жете элек кызды жыныстык катнашка барууга мажбурлаган. Кийинчерээк дагы бир милиционер колго түшкөн.
Бул иш боюнча президент Садыр Жапаров да үн катып, кылмыш жасагандарды актоого жана жазасын жеңилдетүүгө эч качан жол берилбеши керектигин айткан.
Тема боюнча:
ИИМ: зордук-зомбулуктан жабыркаган балдардын саны эки эсеге өстү
Жаңылыктар түрмөгү
0