Күндүн табы 41 градусту көрсөтөт. Ошто бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековОш шаарындагы Сулайман-Тоосу. Архивдик сүрөт
Ош шаарындагы Сулайман-Тоосу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2022
Жазылуу
Тоо этектеринде абанын температурасы 30...35 градуска жетет.
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Келерки аптада Ош облусунун аймактарында күн катуу ысып, абанын температурасы 41 градуска чейин жетиши ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги маалымдады.
Билдирмеге караганда, 17-июлдан 23-июлга чейин Ош облусунун бир да жеринде жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 20...25 градус ысыса, күндүз 35...41 градуска чейин жетет.
Ысык-Көлдүн пляжы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2022
Келерки аптада Ысык-Көлдө аба ырайы кандай болору айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0