Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Үйдү Күндөн алынган энергия менен жылытууга канча акча салыш керек

© Sputnik / Акылбек БатырбековКүндүн энергиясын чогултуучу панельдер. Архив
Күндүн энергиясын чогултуучу панельдер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2022
Жазылуу
Веденеванын айтымына караганда, өнүккөн көп өлкөлөрдө микрогенерация механизми колдонулат. Ал жарандарды электр кубатын өндүрүү боюнча иштерге тартат.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Күндүн табынан электр энергия алып, орточо көлөмдөгү үйдү жылытуу үчүн канча каражат керектелет. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде Энергиянын кайра жаралуучу булактарды өнүктүрүү жана майнаптуулугун арттыруу боюнча борбордун президенти Татьяна Веденева айтып берген.
© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Центра развития ВИЭ и энергоэффективности Татьяна Веденева
Президент Центра развития ВИЭ и энергоэффективности Татьяна Веденева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2022
"Күндүн энергиясы тууралуу кеп болуп жатса, эгерде болжол менен 10 киловатт жаксаңыз, ал 25-30 миң доллар турат. Анан да ар беш жылда аккумуляторду алмаштыруу керектигин эске алыш керек", — деген Веденева.
Ал өнүккөн көп өлкөлөрдө жарандарды электр кубатын өндүрүү боюнча иштерге тарткан микрогенерация механизми колдонуларын айтты.
"Үйүңүздүн чатырына күн панелдери орнотулган дейли. Сиз үйдө жокто электр кубаты башкаларга өтө берет. Үйгө келип электр кубатын тармактан аласыз да, болгону айырма үчүн эле төлөйсүз. Көп өлкөлөрдө мындай механизм колдонулуп келет, электр кубатынын тартыштыгын азайтуу үчүн калкка электр энергияны алуу кандай кымбатка турарын жеткириш керек. Ал эми кээ бир учурларда андан акча жасаса болорун да түшүндүрүү керек", — деген эксперт.
Веденеванын айтымына караганда, Кыргызстанда "микрогенерация" деген түшүнүк жок: аны энергиянын кайра жаралуучу булактары жана энергетика жөнүндө мыйзамга киргизүү туура болот, андан сырткары мыйзамдык актыларды иштеп чыгыш керек.
Чакан ГЭС. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2022
Пресс-борбор
Эксперт Кыргызстанда чакан ГЭС курууга канча каражат кетерин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0