Бишкек канчанчы орунда? Жашоонун баасы боюнча шаарлардын рейтинги

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаарындагы Ала-Тоо аянты. Архив
Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2022
Жазылуу
2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча рейтингге 510 шаар кирген.
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Жашоонун наркы боюнча шаарлардын 2022-жылдын алты айынын жыйынтыгындагы рейтингинде Бишкек 510 калаанын ичинен 477-орунга жайгашты. Бул тууралуу Numbeo сервисинин сайтында жазылды.
Кыргызстандын башка шаарлары тизмеде жок.
Биринчи орунда Бермуд аралдарынын борбору — Гамильтон, андан кийин Швейцариянын беш шаары: Базель, Цюрих, Цуг, Лозанна, Берн жана Женева турат. Ошондой эле дүйнөдөгү эң кымбат шаарлардын ондугуна Гонолулу, Санта-Барбара жана Нью-Йорк кирген (үчөө тең АКШда).
Эгерде айрым постсоветтик өлкөлөрдүн борборлору тууралуу айта турган болсок, Москва — 287, Ташкент — 465, Нур-Султан 475-орунда турат.
Трамвайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2022
Бийлик Бишкекке трамвай жүрүүчү жол куруу үчүн инвестор чакырууда
Жаңылыктар түрмөгү
0