Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек — Ош жолунун участогу. Архив
Бишкек — Ош жолунун участогу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2022
Жазылуу
6-июлда республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Шаршембиде жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +26…+31, Талас, Ысык-Көл өрөөндөрүндө +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +28…+33, Нарын облусунда +21…+26 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +28…+30, Ош шаарында +31…+33, Чолпон-Атада +23…+25 градус болот.
Женщина читает книгу под деревом в парке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2022
Кайсы аймактарда жаан жаайт? Аптага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0