Тез татым, кийим саткан жай күйдү. "Дордой" базарындагы өрт чектөөгө алынды. Видео

© Фото / пресс-служба МЧС КР"Дордой" базарында болгон өрт
Дордой базарында болгон өрт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2022
Жазылуу
Эртең менен базардын борбордук өтмөгүнө кире бериштеги контейнерден жалын тутанган.
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. "Дордой" базарындагы эки кабаттуу контейнерлерден чыккан өрт саат 11:32де чектөөгө алынды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Болжол менен өрттүн жалпы аянты 1 000 чарчы метрди түзөт. Аталган контейнерлерде тез татым жасоочу жана кийим сатуучу жайлар жайгашканы айтылды.
Жеринде ӨКМдин 60 куткаруучудан турган 7 бригадасы, бир автошаты, бир суу ташуучу унаа жана штаб тартылып, өрттү толук өчүрүү иши жүрүүдө.
Базардын борбордук өтмөгүнө кире бериштеги контейнерден жалын бүгүн эртең менен тутанган.
ӨКМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2022
Бүгүн таңда Беловодское айылында турак жай өрттөнүп үч адам каза болду
Жаңылыктар түрмөгү
0