Өзбекстан парламенти Каракалпакстандын суверендүүлүгүн сактоо чечимине келди

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүӨзбекстандын парламенти. Архив
Өзбекстандын парламенти. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2022
Жазылуу
Эл өкүлдөрү мындай чечимди бир добуштан колдоп берди.
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Өзбекстандын парламентинин мыйзам чыгаруучу (төмөнкү) палатасы дүйшөмбү күнү Каракалпакстандын суверендүүлүгүн сактоо боюнча Конституциядагы беренелерди калтырууга "макул" деп добуш берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, парламент Өзбекстандын Конституциясындагы 70, 71, 72, 73, 74, 75-беренелерин өзгөртпөй ошол бойдон калтыруу чечимин бир добуштан колдоп берген.

Каракалпакстандагы башаламандык

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өткөн жумада Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн референдум өткөрүүнү сунуштаган. Июндун соңунда мыйзам долбоору элдик талкууга коюлган.
Парламенттин чечими боюнча, долбоор 4-июлга чейин жалпы элдик талкууга коюлат да, андан соң референдумга алып чыгышат. Демилгеде Баш мыйзамдын 64-беренесине 200 өзгөртүү киргизүү каралган. Каракалпакстан Конституцияда референдумдун негизинде өлкөнүн аймагынан чыгып кете алган суверендүү республика катары каралган. Конституциялык реформада бул жобону алып салуу туурасында айтылган. Сунушталган өзгөртүүлөрдүн ичинде Өзбекстан президентинин ыйгарым укугун бештен жети жылга чейин узартуу, өлүм жазасына, жаранды башка мамлекетке өткөрүп берүүгө тыюу салуу сыяктуу учурлар бар.
Буга нааразы болгон миңдеген адам 1-июлда Нукус шаарында митингге чыгышкан. Ал эми 2-июлда Шавкат Мирзиёев кайра Конституциянын Каракалпакстандын суверендүүлүгүнө тийиштүү беренесине өзгөртүү киргизбөөнү сунуштаган.
Кечээ Каракалпакстанда өзгөчө абал режими жарыяланды. Ал 2-августка чейин созулмакчы.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2022
Мирзиёев Каракалпакстандагы башаламандыкта өлгөндөр бар экенин билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0