Мирзиёев Каракалпакстандагы башаламандыкта өлгөндөр бар экенин билдирди

© Фото / пресс-служба президента УзбекистанаӨзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2022
Жазылуу
Өлкө башчынын айтымында, топтошкон адамдар жергиликтүү бийлик органдарынын имаратын басып алууга аракет кылышкан.
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Каракалпакстандагы башаламандыкта жай тургундардын жана укук коргоо органдарынын арасында каза тапкандар болгонун билдирди. Бул туурасында РИА Новости Telegram каналына жазды.
Ал эми Sputnik Өзбекстан https://t.me/sputnikuzbekistan/23577 агенттиги Мирзиёев айрым күчтөр өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылып жатат деп айтканын жазды. Мамлекет башчы алар конституциялык реформага каршы чыгууну бетине кармап алышканын билдирген.
"Фейк маалыматтарды таратып, жарандарды Конституцияны бузуу аракетерине үгүттөп, коомчулуктагы туруктуулукка доо кетирүү жана аймактык бүтүндүккө жик салуу максатын көздөп жатат", — деп айткан президент Каракалпакстандын Жогорку Кеңешинин депутаттары менен жолугушууда.
Ошондой эле ал Нукустагы окуяны төмөнкүдөй сыпаттады:
1-июлда топтошкон адамдар жергиликтүү бийлик органдарынын имаратын басып алууга аракет кылышты. Эртеси Нукус шаарынын борбордук көчөлөрүндө башаламандыкты улантышкан;
ал адамдар укук коргоо органдары менен кагылышууну уюштурууга аракет кылып, инфраструктура объектилерине өрт коюшту;
алар укук коргоо органдарынын кызматкерлерине чабуул жасап ур-тепкиге алышты;
күч түзүмдөрүнүн жана жай тургундардын арасында өлгөндөр бар.

Каракалпакстандагы башаламандык

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өткөн жумада Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн референдум өткөрүүнү сунуштаган. Июндун соңунда мыйзам долбоору элдик талкууга коюлган.
Парламенттин чечими боюнча, долбоор 4-июлга чейин жалпы элдик талкууга коюлат да, андан соң референдумга алып чыгышат. Демилгеде Баш мыйзамдын 64-беренесине 200 өзгөртүү киргизүү каралган. Каракалпакстан Конституцияда референдумдун негизинде өлкөнүн аймагынан чыгып кете алган суверендүү республика катары каралган. Конституциялык реформада бул жобону алып салуу туурасында айтылган. Сунушталган өзгөртүүлөрдүн ичинде Өзбекстан президентинин ыйгарым укугун бештен жети жылга чейин узартуу, өлүм жазасына, жаранды башка мамлекетке өткөрүп берүүгө тыюу салуу сыяктуу учурлар бар.
Буга нааразы болгон миңдеген адам 1-июлда Нукус шаарында митингге чыгышкан. Ал эми кечээ Шавкат Мирзиёев кайра Конституциянын Каракалпакстандын суверендүүлүгүнө тийиштүү беренесине өзгөртүү киргизбөөнү сунуштады.
Бүгүн Каракалпакстанда өзгөчө абал режими жарыяланды.
Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2022
Өзбекстандагы абал. Жапаровдун маалымат катчысы билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0