Мурзаев: харассментти психикасы бузулган адам жасайт
© Sputnik / Табылды КадырбековПсихолог, психология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаев
Жазылуу
Психолог, психология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаев ар бир кызга анын каалоосу жок эч ким ага тийүүгө, тийишүүгө укугу жок экенин айтып, өзүн коргоону үйрөтүү зарыл экенин айтты.
Өлкөдө жана дүйнөдө нерв оорулары, психикалык бузулуулар көбөйгөндүктөн харассмент көп катталууда. Психолог Альберт Бандуранун теориясы боюнча, адам жаман нерселерди көрсө жүрүм-туруму да жаман болот. Учурда Батыштын киносу, маданияты адамдарга терс таасирин тийгизип жатат. Көргөн жаман нерсенин баары сокур сезимге (подсознание) жазылып калат да, ал жүрүм-турумдун модели болуп кала берет. Мындай пикирин Маматали Мурзаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Мурзаев: харассментти психикасы бузулган адам жасайт
Анын айтымында, харассмент психологиялык оору. Анткени аны психикасы бузулган гана адам жасайт.
"Харассмент психологиялык жактан алганда адамдын жеке мейкиндигин, чек арасын бузуп өтүү болуп саналат. Бул физикалык жана вербалдык сексуалдык мүнөздөгү тийишүүлөр. Учурда харассменттин көбөйүшүнүн себеби абдан көп. Маданий жагын алганда, мурда кыргызда кыз күйөөгө тийгиче дайыма эжеси, жеңеси коштоп жүргөн. Ал эми турмуш кургандан кийин күйөөсү же кайненеси менен жүрчү. Качан гана кыркка чыкканда жалгыз, эркин жүрүп калган. Себеби психологиялык маданият, жашыруун илимдер күчтүү болгондуктан кыздарга этият мамиле жасалган. Азыр кыздар кароосуз ээн-эркин каалаган убакта, каалаган жеринде жүрөт. Харассменттин негизинде зордук-зомбулук, үстөмдүк кылуу жатат. Сексуалдык ыдыкты ким жасайт? Ошол эле кичинесинде зордук-зомбулук көргөн, психикасы бузулган адамдар. Алар чоңойгондо күчүн алсыздардан чыгарып алгысы келет. Психолог Эрик Берндин теориясы боюнча, адамда үч "мен" жашайт. Бул бала, чоң киши жана ата-эне. Эгерде жашы улуу болуп туруп жан дүйнөсүндө бала кыял болсо, башка адамдарга баладай болуп тийише берет. Ошондуктан мына ушундай инфантилдүү адамдар бар кезде харассменттен кутулуу мүмкүн эмес. Бул көрүнүш менен күрөшүү үчүн ыдык көрсөткөн адамга карата мыйзам киргизилиши керек. Анда конкреттүү түрдө канча жылга соттолот жана канча өлчөмдөгү айып пул төлөй тургандыгы так көрсөтүлүшү абзел. Ошондой эле ар бир кызга анын каалоосу жок эч ким тийүүгө, тийишүүгө укугу жок экенин, кимдир бирөө ага сексууалдык ыдык көрсөтсө ал тууралуу айтып бере ала турган курбусу, апасы, эже-сиңдиси бар экендигин айтып үйрөтүш керек", — деди Мурзаев.
Ал харассменттин алдын алуу үчүн адамдардын, коомдун психологиялык маданиятын өстүрүү зарыл экенин кошумчалады.