00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:55
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
On air
15:55
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Где в Бишкеке спасают животных и почему центру «Зоо Бишкек» нужна поддержка
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Шаабай Азизов — улуу манасчынын өмүр жолу жана мурасы
17:04
27 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Как изменилась экономика Кыргызстана за последние пять лет?
18:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Спортбокс
Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Бишкекте өтөт — U20 командасы чемпиондук үчүн ат салышат
19:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Ранняя помощь и поддержка семей: разговор об аутизме с психиатром из России
20:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
21:04
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сүйлөп болбой калды. Мадумаров жинденип комитет жыйынынан чыгып кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Адахан Мадумаров
Депутат Адахан Мадумаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2022
Жазылуу
Мадумаровдун сунуштарын кесиптештери катары менен четке кага берген.
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында жинденип чыгып кетти.
Отурумда Евразия өнүктүрүү банкынын Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун бюджетти колдоо үчүн 160 миллион доллар кредит алуу келишимин ратификациялоо каралып жаткан.
Мадумаров каражаттын кайда кайсы багытта жумшаларын сурап, бирок канааттандырарлык жооп ала алган эмес. Ал биринчи окууда өкмөткө эскертүү берип, ийне-жибине чейин түшүндүрүп жазып келишин талап кылганын айтты. Бүгүн да суроо бергенде жооптуу кызматкерлер каражат эмнеге сарпталарын айтып бере алышкан жок.
Финансы министринин орун басары Руслан Татиков кредиттин 70 пайызы Энергетика министрлигине кайра кредиттөө жолу менен, калганы Туризм фонду жана "Кыргыз индустрия" мамлекеттик ишканасына берилерин билдирди.
Так жооп албаганына нааразы болгон Мадумаров ратификациялоо мыйзамын артка кайтарууну сунуштады. Документ экинчи жана үчүнчү окууда каралып жаткан. Добуш берүүгө келгенде көпчүлүк депутаттар келишимди колдоду. Андан соң Мадумаров үчүнчү окууну кийинкиге жылдырууну сунуштады эле кесиптештери макул болгон жок.
"Өзү негизи кээ бир кишилердин катышып отурушунун деле кажети жок болуп калды. Сунуш берүүнүн да, сүйлөөнүн дагы кажети жок. Биз көппүз, билгенибизди кылып кете беребиз деп калдыңар", — деп кагаздарын жыйнап залдан чыгып кетти.
Мындан кийин комитеттин жыйыны Адахан Мадумаровсуз уланды.
Депутат Акбокон Таштанбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2022
Таштанбеков: Мадумаров өкмөткө гол киргизди, эми аны менен ойногонду үйрөнөлү
Жаңылыктар түрмөгү
0