Чоң ата-чоң эне караган бала күйүмдүү, зирек болот. Педагог Кадыралиева менен маек

© Sputnik / Табылды КадырбековПедагог, эл агартуунун отличниги Үрниса Кадыралиева
Педагог, эл агартуунун отличниги Үрниса Кадыралиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2022
Жазылуу
Кайсы заман, кайсы улут болбосун келечек жөнүндө ойлонуп, түйшөлүү — жашоо ыргагы. Келечегибиз болгон балдарга заманына шайкеш кандай тарбия берүүгө болот деген маселе актуалдуу. Мындай учурда элдик педагогиканы унутта калтырууга болбойт.
Этнопедагогиканы өз чыгармачылыгы менен айкалыштырып изденип, эмгектенип келе жаткан педагог, эл агартуунун отличниги Үрниса Кадыралиева Sputnik Кыргызстан агенттигинде маек курду.
— Үй-бүлөлүк баалуулуктар жылдан-жылга начарлап жаткандай. Кыргыздын жазылбаган мыйзамында үй-бүлөнүн орду кандай эле?
— Бул маселени бүгүн эле талкуулап, ошону менен баарын ордуна коюп коё албайбыз. Ириде ата-энелердин, балдар менен иштөө мекемелеринин жана жергиликтүү бийлик менен өкмөттүн көңүл борборундагы иш болушу керек. Мен 45 жылдык эмгек жолумда көптөгөн окуучулар, адамдар менен иштешип, балдардын ый-муңуна аралашып педагог болдум. Муну акыркы 30 жылдыкка такап койгон туура эмес. Андан мурун эле элдик педагогикадан артта калганбыз. Союздун бизге оң да, терс да таасири болду. Биз учурунда ата салтын, эне наркын унутуп койдук. Мурункудай чоң ата менен чоң эненин сөзү мыйзам болбой калды. Куранда "бейиш эненин таман астында, баланын башында" деген сөз бар эле. Бүгүн "баланын башында" дегени унутулуп калды. Бул баланы мыкты тарбиялоо да бейишке жетелейт дегенди туюнтат. Бала төрөлгөндөн баштап анын жөндөмүнө, акыл-дараметине көңүл бөлбөй жатабыз.
Ата-бабалар эркек баланы үч жашынан баштап атка мингизип, жоокердикке тарбиялаган. Кыргыздын кылымдар бою бышып жетилген, кагазга түшүрүлбөй муундан-муунга эч өзгөрүүсүз өткөн этнопедагогикасы болгон. Тилекке каршы, учурда биз анын көбүн жоготуп алдык. Мисалы, жаңы келген келинге башына жоолук саларда чачына чачпакты кошо байлаган. Азыр чачпактын маанисин далыны түз кармайт, ден соолукка пайдалуу, кооздук үчүн деп чечмелеп жүрүшөт. Бирок негизги милдети башка, жаш келиндин кенен басып-туруп жүрүүсүнө шарт түзгөн. Чачпактын шыңгыры угулганда уялбай, кысылбай оокат кылсын деп кайната, кайнага ары басып кеткен. Мунун артынан жаңы келген келинди жана өздөрүн да ыңгайсыз абалга туш кылган жагдайлар жаралган эмес. Бүгүн үйлөнүү тойдо кайната, кайнага деле келинин кучактап бетинен өөп жатканын көрөсүң. Улуттук салтыбыздын билинбей жоголуп бара жатканын байкабай жатабыз. Азыр айрым келиндер социалдык тармактарга "кайнатам минтип койду, кайнагам антти" деп жазып калышат. Мунун баары туура эмес башталыштан.
© Фото / предоставлено Урнисой КадыралиевойҮрниса Кадыралиева: Куранда "бейиш эненин таман астында, баланын башында" деген сөз бар эле. Бүгүн "баланын башында" дегени унутулуп калды. Бул баланы мыкты тарбиялоо да бейишке жетелейт дегенди туюнтат
Педагог, писатель, отличник образования Урниса Кадыралиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2022
Үрниса Кадыралиева: Куранда "бейиш эненин таман астында, баланын башында" деген сөз бар эле. Бүгүн "баланын башында" дегени унутулуп калды. Бул баланы мыкты тарбиялоо да бейишке жетелейт дегенди туюнтат
Боз үйдүн ичине отуруу эрежесинде дагы кирип бара жатканда оң тарапка (эпчи жак) аялдын буюмун, ал эми чыгып бара жаткандагы оң тарапка эркектин буюмун койгон. Анткени аял үй ишин кылуу үчүн кирип келе жатып оң колу менен оокаттарын алууга ыңгайлуу болгон. Ал эми жоокердик заманда сырттан чуу угулса, төрдө отурган эркек оң колу менен курал-жарагын алып чыгып кеткен. Ушунун баары ата-бабалардын бала тарбиялоодогу камылгасы. Кыз баланын кичинесинен эле чачын беш көкүл өрүп, андан кийин кырк өрүмгө өтүп, анан кичинекей такыя, барып үкүлүү топу, шөкүлө кийгизип, анан өз уясын тапканда башына жоолук салган. Учурда бетибиз көрүнбөй калбадыбы. Жоолукту кайсы учурда ким салынышы керектигин деле билбей калдык. Мындан он-он беш жыл мурун кыздардын баары бөйрөгүн көрсөтүп жылаңачтанып алышты эле, эми баары чүмкөнүп калды. Ар кандай агымдар бизди колдон алып эле жетелеп кетип жатат. Анын артынан пейил да кетти. Илгери бир чанач кымызды бир уруу элге жеткирген ток пейил заман эле. Бүгүн биз материалдык жактан атаандашып күн кечирүү кызыгына кирип кеттик.
— Муну менен баланын тарбиясын, жан дүйнөсүн унутуп койгон жокпузбу?
— Ооба, акчанын артынан көр оокатка шылтап баланын сагынычын, кусалыгын, жан дүйнөсүндөгү абалын, "ата-апалап" ыйлаганын төрөгөн эне өзү сезбей көр оокатка батып кетти. Илгери согуш убагында бир ууч машак менен бир казан атала кайнатып эле тууган-туушкан, кошуна-колоңдун балдары чогуу өзөк жалгачу экен. Азыр ач көзбүз. Биз тамырыбызды тапканда гана өзүбүздү тааныйбыз. Мектепке "Улуу мурас — улуттук баалуулук" деген сабак киргизүү керек. Дагы бир айтып кетүүчү жагдай, бала деген баладай кийиниши абзел. Жоолукту мектепке таңуулаганга болбойт. Окуучулар болсо толук мектеп формасына өткөнү жакшы. Мунун дагы бир жакшы жери — колунда бары-жогу да бирдей жүрөт. Бала да чүнчүбөйт.
Кадыралиева: чачпактын шыңгыры кайнага, кайнатага "белги" болгон
— Азыр баланы ата-эне тарбиялайбы же мектеппи деген талаш жаралууда. Карап турсак, айрым ата-энелер өздөрү тарбияга муктаж экенин байкоого болот...
— Ата-эне менен мугалим бир багытта болушу керек. Бири-бирин колдоп, толуктап турганы жакшы. Азыр техника өнүккөн, мугалим жаңы өтүлгөн теманы Whatsapp тобуна жүктөйт же ата-энеге кабарлап коёт. Үйдөн аны ата-эне улантып балага түшүндүрүп, үй ишин аткаруу керек. Бирок айрым энелер китебин көтөрүп барган баласын "барчы башымды оорутпай" деп кагат. Кээ бирлер үйдөн да тапшырма аткартуучу мугалим жалдап коюшат. Ошондо ата-эне өзү сыртта калып жатпайбы. Бүгүн атасы же апасы миграцияга кеткен балдарда өзүнчө дүйнө тааным калыптанып, мээрими жок мерез болуп өсүп жатат. Анын үстүнө демократия, тең укуктуулук деп да балдардын башын айлантып салдык. Ашыкча эки сөз айтсаң укугун эскертип, "баланча номерге чалам, укугумду тебелеп жатасыз" деп калышты. Азыр 1-класстан эле "сенин укугуң бар, эгер ата-энең катуу урушса сотко берсең болот" деп үйрөткөн сабактар бар. Ушундай учурда балага да мугалимди угууга, сыйлоого, тапшырманы түшүнүп, аткарып келүүгө милдеттүү экенин түшүндүрүү керек.
© Sputnik / Табылды КадырбековҮрниса Кадыралиева: кыз баланын кичинесинен эле чачын беш көкүл өрүп, андан кийин кырк өрүмгө өтүп, анан кичинекей такыя, барып үкүлүү топу, шөкүлө кийгизип, анан өз уясын тапканда башына жоолук салган. Учурда бетибиз көрүнбөй калбадыбы. Жоолукту кайсы учурда ким салынышы керектигин деле билбей калдык
Педагог, писатель, отличник образования Урниса Кадыралиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2022
Үрниса Кадыралиева: кыз баланын кичинесинен эле чачын беш көкүл өрүп, андан кийин кырк өрүмгө өтүп, анан кичинекей такыя, барып үкүлүү топу, шөкүлө кийгизип, анан өз уясын тапканда башына жоолук салган. Учурда бетибиз көрүнбөй калбадыбы. Жоолукту кайсы учурда ким салынышы керектигин деле билбей калдык
— Чоң ата-чоң апа, таята-таененин бала тарбиясында ролу кандай?
— Эр тайын тартат дегенибиз менен неберени таята-таенеси көп караган эмес. Анткени чыккан кыз чийден тышкары деп сырттан гана арка-жөлөк болуп келишкен. Ал эми чоң ата-чоң энеси күйүп-бышып турган. Эмне себептен абышка-кемпирдин баласы зирек, күйүмдүү болуп калат? Анткени чоң энеси туруп баратып деле "ии, кокуй, белим, кел, тартып кой, маасымды чечип койчу" деп баланы мээримге чакырып жатат. Бала карамдуу болууга үйрөнүүдө. Илгеркилер акылдуу болгон. Азыркылар аны да билбей калдык. Анан да чоң ата көчөдө кетип баратып алдынан чыккан адам менен учурашып, анан небересине "салам бер агаңа" деп үйрөтүп жүрүп отурган. Ушунун өзү балага улуттук педагогика да. Азыркы күндө саламдашуу да одоно көрүнүп бара жатат. Аялы, кызы, уулу, келини, атасы деле бири-бири менен "ас-саламу алейкум" деп учурашып калыптыр. Атага келиндин "арыбаңыз, ата" деген сыпаа учурашуусу кайда калды?
— Азыр баарыбыз эле балам эрте өз алдынча болсо, бир нерсеге жетишсе деп сабактан кийин ар кандай ийримдерге берип деги бир бош койгубуз келбейт. Баланы баладай ойнотпой эрте эле түйшүк үйүп койгон жокпузбу?
— Мен да неберелеримди карап боорум ооруйт. Кыргыз "дээринде бар экен" деп коёт. Баланы бир бөлмөгө камап койсоң да дээринде бар бала өзү эле жашоодон жолун таап кетет. Бирок эч нерсе үйрөтпөй коюуга да болбойт. Баары ченеми, убагы менен болушу керек деп ойлойм. Бирок жашоо токтобой алдыга жылып, улам өнүп-өсө бергендиктен так бир жактуу бүтүм чыгаруу да эрте.
© Фото / предоставлено Урнисой КадыралиевойҮрниса Кадыралиева: баланы бир бөлмөгө камап койсоң да дээринде бар бала өзү эле жашоодон жолун таап кетет. Бирок эч нерсе үйрөтпөй коюуга да болбойт. Баары ченеми, убагы менен болушу керек деп ойлойм
Педагог, писатель, отличник образования Урниса Кадыралиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2022
Үрниса Кадыралиева: баланы бир бөлмөгө камап койсоң да дээринде бар бала өзү эле жашоодон жолун таап кетет. Бирок эч нерсе үйрөтпөй коюуга да болбойт. Баары ченеми, убагы менен болушу керек деп ойлойм
— Кыргызда кыз менен уул балага тарбия берүүдө айырмачылыктар болуп келген. Азыр экөөнү тең эле бирдей тарбиялап, эркек балага деле үй оокатын жасатып, кызга деле машина айдаганды үйрөтүп, спорттун оор түрүнө берип жатабыз. Буга этнопедагогика эмне дейт?
— Эми кайра эле тамырыбызга, уюткубузга бара турган болсок, уул баланы ата, ал эми кыз баланы эне тарбиялаган. Азыр тең укуктуулук дегенибиз менен жашоодо аял менен эркектин орду эки башка. Милдети да бөлөк. Андыктан эркекти көбүнчө эшик оокатына, үй-бүлөнү камсыздоого, элин багууга, мамлекетин коргоого үйрөтөбүз. Ал эми кызды үйдүн уюткусун кармоого, тарбия башаты болууга, назиктигин, айкөлдүгүн, туруктуулугун сактаганга багыт беребиз. Уул бала кайраттуу болушу абзел. Үй ишине көнгөн бала аялынын ишинен кынтык таап, майдачыл болуп калат. Ошондой эле эркектин түйшүгүн мойнуна үйгөн кыз толук кандуу бактылуу боло алары күмөн.
Бүтүрүүчүлөр калпактарын асманга ыргытып жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2022
Чет жакта окууга шарты жок жаштарды колдойт. "Эл үмүтү" программасы тууралуу маек
Жаңылыктар түрмөгү
0