Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2022
Жазылуу
18-июнда республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Ишембиде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Талас өрөөнүндө +28…+33, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +29…+34, Ысык-Көлдө +22…+27, Нарын облусунда +21…+26 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +32…+34, Чолпон-Атада +23…+25 градус болот.
Сел. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2022
Тоолуу аймактарда сел жүрөт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
Жаңылыктар түрмөгү
0